Белгилүү ырчы Гүлжигит Сатыбеков жаздан бери сахнадан көрүнбөй калган эле. Шоу айдыңында бул тууралуу «ырчы Ошто берген концертинен кийин менеджери Астра Исмаилова менен уруша кетиптир. Астра аны сабатып, жыйынтыгында Гүлжигиттин буту сыныптыр» деген кептер тараган. Маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн бул окуянын каармандарына кайрылганбыз.
Гүлжигит Сатыбеков төмөнкүдөй жооп узатты: «Астра Исмаилова менин менеджерим болчу, эч кандай келишпестик, таарынычы жок эле иштешпей калдык. Көрүнбөй кеткеним алыстагы гастролдорума байланыштуу. Орусиядан гастролдон келип азыр Ош, Жалал-Абадда тойлордо жүрөм».
Ал эми ырчынын менеджери болсо бул тууралуу: «Гүлжигит 9-майда Ошто концерт бергенден кийин жакшынакай эле иштешпей калганбыз. Ал эми сахнадан көрүнбөй калганынын себеби мага окшоп чуркап иштеген адамы жок болуп жатса керек»,- деген оюн айтты.