– Радиодогу алгачкы эфириң эсиңде болсо керек?
– Мени эфирге эки күн даярдашып, үчүнчү күн дегенде эфирге жалгыз калтырып коюшту. Ошондогу эфир маалында толкунданып, тердегенимди сураба, мончодон чыккандай эле болдум. Эртеси да ушундай көрүнүш кайталанды. Бирок, сүйүнгөнүмчү! Бакыттын туу чокусуна жеткенсип, баарына кайыл болуп түнкү эфирди алпарып жүрдүм. Өзүм шаардын четинде тургандыктан, эфир бүткөндө үйгө кетпей студияда жатып калчумун. Ошентип, ишиме көнүп, иштин көзүн тапкыча эки айдай студияда жашап жүрдүм.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).