ТҮЙҮЛДҮКТҮН ЖАШООСУ ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?

УШУНДАЙ ЫЙЛАЙ, КҮЛӨ ЖАНА УГА АЛГАН БАЛАНЫ АЛДЫРУУГА БОЛОБУ?
Аялзаты көбүнчө абортко боюнда болгон 2-12 апта аралыгында көп барышаары маалым. Эми сиз, жаш эне, жогорудагы маалыматтардан улам ушундай ыйлай, күлө жана уга алган сезимтал, өң-түсү улам өзүңүзгө окшошуп бараткан баланы алдырып салуу чоң күнөө жана убал экендигин мойнуңузга ала ойлондуңузбу? Эгер чындап жүрөгүңүз мыкчылып, аборт өз эрки менен баланы өлтүрүү экендигин сезсеңиз, анда сиз адамгерчиликтин жолундасыз жана абортко барбайсыз деп ойлойбуз! Анын үстүнө түйүлдүк болсо да жашоого акысы бар экендигин унутпоо милдетиңиз.

БАЛА – КУДАЙДЫН БЕЛЕГИ
3 аптада түйүлдүктүн узундугу 3 миллиметр келип, жүрөгү сого баштайт.
4 аптада түйүлдүктүн узундугу 4 миллиметрге жетет. Мээнин алгачкы 3 бөлүгү менен көрүү, угуу жана жыт билүү нервдери түзүлөт. Жүлүнү, ашказаны, боору, ашказан алдындагы без жана ичегилери жаралат. Кичинекей буттардын формасы билинет.
5 апталык түйүлдүктүн узундугу 5 миллиметрге жетет. 6-аптада түйүлдүктүн мээси иштей баштайт.
19-кылымга чейин окумуштуулар курсактагы бала эч нерсени укпайт деп эсептеп келиш­кен. Чындыгында эле кулактын ички бөлүгү 4-5-айлыгында өнүгөт. Бирок, антсе да түйүлдүк алгачкы айларда эле кыймылдын арты менен «уга» алат. Мисалы, эшиктин жабылганын же энесинин катуу чыккан музыканы угуп жатканын. Ымыркай төрөлгөндөн кийин энеси баласын сол көкүрөгүнө кысса, ал тынчтанып калат. Бул бала үчүн энесинин жүрөгүнүн кагышы 9 ай ичинде көндүм мелодияга айлан­ганында. Ошондуктан, энесинин жүрөгүнүн ка­гы­шын укканда ымыркайдын тынчтанып ка­лышы да ошондон.

8 АПТАЛЫК ТҮЙҮЛДҮК БУТУ МЕНЕН ТЕПКЕНГЕ ЖАРАШЫ МҮМКҮН
5-7 апта аралыгында түйүлдүктун узундугу 30 миллиметрди түзөт. Баш бөлүгүндө көзү­нүн, кулагынын, мурдунун сырткы бөлүктөрү пайда болот. Колдорунун жана буттарынын манжалары билинип калат. Сырткы жыныс органдары жарала баштайт.
8 апталык түйүлдүк таамай кыймылдарды жасай баштайт. Колу, бутун башка дене бөлүк­төрүнө тийгизе алат. Эгер курсактын сыртынан эле мурдун же оозун кытыгыласа, ал башын буруп кетет. Чарайнадагы суюктукка жакын сүзүүдө бутун өйдөгө каратып оодарыла алат.

«МЕН БАРМЫН, МЕН ЖАШАП ЖАТАМ!»
9 апталык түйүлдүк колу менен бир нерсени кармоого жетишип калат. Эгер баланын согон­чогуна кол тийгизсе, ал бутун бүгүп алат. Мунун баарын УЗИден байкоо жүргү­зүүдө компьютерден көрүүгө болот. Демек, түйүл­дүктүн кыймыл-аракетинен «мен бармын, мен жашап жатам» дегенди түшүнсөк болот.
11-12-апта: Бала ыйлайт жана күлөт
12-аптада баланын бардык органдарынын түзүлүшү аяктайт. Түйүлдүк 9 сантиметрге чейин өсүп, салмагы 45 граммды түзүп калат. Бул учурда түйүлдүк дем алат, жутат, тамагын сиңирет жана бөлүп чыгарат. Жылуу менен муздакты, ооруну сезет. Муштумун түйөт, бийик чыккан үн тараптан башын буруп кете алат. Нерв жана кан айлануу системасы өнүгүүгө өт­көндүктөн, үнсүз ыйлай жана күлө алат. Оо­зун манжалары менен кармалап, 12 аптадан кийин манжасын соро алуусу мүмкүн.

14-16-АПТА: БАЛА ТҮШ КӨРҮШҮ МҮМКҮН
14 апта дегенде баланын жүрөгү күнүгө 24 литр канды айландырып иштетет.
Бала энеси менен бир жашоодо жашайт. Апасы качан уктаганда уктап, ойгонгондо ойгонот. Түш көрүшү да мүмкүн. Баланын актив­дүүлүгү өсөт. Апасы кайгырганда бала башаламан кыймылдай баштайт. Апасы чарчаганда да чыйпылыктаган сымал бат-бат кыймылдайт.
16 аптада түйүлдүктүн бою 18-20 сантиметрге жетип, салмагы орточо эсеп менен 120 грамм чыгып калат.

18-20-АПТА: ТЕНТЕК БАЛА
18 апта дегенде бала колун соргонго жарап калат. Буту менен тепкени эне­сине так сезилет. Башында чач өсө баштайт, бетинде кашы, кирпиги пайда болот. Көзүн жымшыйта алат. Тили өсүп, калыптана баштап, бир нерсени соргондогудай кыймылды жасоого жетишет. Эгер энесинин курсагына жарыкты багыттаса, көзүн колу менен калкалоого жарайт.
20-аптада түйүлдүктүн салмагы 300 граммга чейин жетет.

АНДАН АРЫ...
Түйүлдүктүн бою 6 ай дегенде 35 сантиметрге, салмагы 700 граммга жетет.
7 айында болсо боюнун узундугу 38-40 сантиметрге жетип, салмагы 1 килограмм 200 граммды түзүп калат.
8 айында бою 43-45 сантиметрге жетсе, салмагы 2 килограмм 500 граммды басат.
Кыскасы, түйүлдүк эненин курсагында өсүп отуруп, 9 ай өткөндөн кийин баштапкы 1 грамм салмактан орточо эсеп менен 3,5 килограмм салмакка, ал эми узундугу уюган тамчы кандан орточо эсеп менен 51 сантиметрге чейин жетет. Жы­йынтыктап айтканда, кичинекей адам болот да калат. Төрөлгөн учурдагы баланын чоң­­дугу генге, энесинин тамактануусуна жана денсоолугуна жараша болот.

АКЫРКЫ СӨЗ ОРДУНА...
Элибизде «Балам бактым, балам базарым» деген кеп бекеринен айтылбаганын эске алыңыз. Жубайлардын бактысы үйбүлөлүк ынтымакта жана балада экендигин унутпаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
altysha
2009-08-25 14:02:59
Ушундай темадан дагы жазыныздарчы мага аябай керек болуп жатат.Кийинки санына дагы бир жолу кайталап жазып коюнуздарчы сураныч!!!
Алдын ала рахмат.
-1
Kolyan
2009-09-11 16:11:05
4 аптада 1 см 25 мм жетсе, 5 аптада 5 мм. болуп кичирейип кетеби???
0
altysha
2009-09-17 11:03:25
Кийинки санында кайталап жазып коюнуздарчы сураныыч!
-1
Akzholtoi
2014-04-15 14:41:57
Torogum kelip ketti
0
Mekush87
2016-09-16 14:18:12
Курсактагы баланын журогу 2 айында соксо не болот?Ушул суроомо жооп берип коюнуздарчы отуном.
0
Mekush87
2016-09-16 14:26:45
Туйулдукко 6 жума болгондо УЗИге тушсом журогу сокпой жатат аборт дешти,эмне кылаарымды билбей уйго келип ыйладым.УЗИ жанылып жатат го деп кайра башка жакка корунууну чечтим.4 жолу УЗИге тушуп ошондо 2 ай болгондо журогунун соккону билинди.Баары жакшы деп айтышты.Бирок азыркыга чейин озум сарсанаа болуп жатам баланын осушу кандай болот деп.Кенешинерди айтып койгулачы сураныч.Учурда туйулдукко 9 жума болду.
0
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан