НУРЛАН НАСИП МЕНЕН КИЙИМ ТАНДАЙБЫЗ

Блиц-маек
Нурлан Насип, ырчы: «МОДА КУУП КИЙИНГЕНДИ ЖАМАН КӨРӨМ»

– Салам, Нурлан! Эл көзүндөгү адамдардын кийими баарынын көӊүл борборунда болот эмеспи. Кийим тандоодо кимден кеӊеш сурайсыӊ? Негизи эле өзүӊдүн стилиӊди таптым деп ойлойсуӊбу?
– Кандайсыздар? Өзүмдүн стилимди таап келе жатам деп ойлойм. 5-6 жыл мурун кандай кийим болсо кие берчүмүн, азыр элди, интернетти карап, табити мыкты досторум менен кеӊешип кийинип калдым. Чет мамлекетке чыкканда ошол жактан кийим алганга аракет кылам, анткени ал жактагы кийимдер бизде жок. Меникиндей кийимди башка бирөө кийип алса кызыктай боло берем. Эч кимге окшошкум келбейт, башкаларды туураган жакпайт. Мода кууп кийингенди жаман көрөм, мен үчүн кийим арзанбы, кымбатпы маанилүү эмес, жарашыктуу болуп турса сатып ала берем. Ар бир концертимде жаӊы формалар болот. Форма тиккен эжелер менен да кеӊешип, дизайнын чогуу талкуулайбыз.

– Жакында боло турган концертиӊ тууралуу кыскача айтып өтсөӊ?
– Бул концертти өзүм деле койсом болмок. Кээ бирөөлөр Кайрат Нуртас менен концерт берсе, эл көбүрөөк келет деген максатта коюп жатат деп ойлоп жатышат. Бирок андай эмес. Жөн гана жылда өзүм концерт бере бербей, быйыл өзгөчөлүк киргизейин дедим. Кайрат менин ырларымды ырдап жүрөт. Экөөбүз дуэт жаздыралы деп жатабыз. Ырчы бизди Казакстандагы үйүнө чакырып жакшы тосуп алды. Буюрса, концертибиз да мыкты деӊгээлде өтөт деп тилек кылып жатабыз.

Калыӊ токулган жемпердин сыртынан күрмө кийип алсаӊыз сиз үчүн ыӊгайлуу, жылуу жана жарашыктуу болот.


Кеч күздө жана кышта кийилчү пальтолордун сезону башталды. Пальтоӊуз күӊүрт түстө болсо, анда ичинен ачык түстөгү свитер же водолазка кийип алсаӊыз болот. Ал эми шарф тандоодо быйыл стилисттер мырзаларга кенен келген шарфтарды сунушташат. Кенен шарфтарды пальтонун сыртынан да оронуу ыӊгайлуу. Ал эми түсү пальтоӊуздун же жемпериӊиздин түсүнө окшош болсо, күндүн эӊ саркеч мырзасы сиз болосуз.


Мырзалар кышында токулган свитер, водолазка кие башташат. Түрдүү геометриялык фигуралардын сүрөтү түшүрүлгөн свитер, жемперлер быйылкы сезондун хити. А сиз свитердин ичинен көйнөк кийип алсаӊыз, кеӊсеге кийчү формаӊыз даяр.

МЫРЗАЛАР ҮЧҮН КАЙСЫ ТҮСТӨР МОДАДА?
Кочкул кызыл.
Кочкул кызыл түстөгү костюм, жемпер, футболкаларды кийип эле жүрөбүз. Бирок бул түс мырзаларды стилдүү жана кымбат баалуу кийим кийген адам катары көрсөтөрүн көбү байкабаса керек.


Ачык жашыл. Доллардын түсүндөй болгон кийимдер быйыл ар бир мырзанын гардеробунда болгону жакшы. Себеби стилисттер дал ушул түс адамды өзүнө тартып турат дешет.


Сары. Алтын же болбосо каныккан сары түс күндүн жана кубанычтын символу. Бул түстөгү кийим алсаӊыз, маанайыӊыз дайыма көтөрүӊкү жүрөрүнөн кам санабаӊыз.


Сыя көк. Аталган түс чыныгы классикалык болуп эсептелет. Мындай өӊдөгү кийимдерди жолугушууга, кеӊсеге көп кийишет. Көп жылдан бери актуалдуулугун жоготпой келген бул түстүн доору быйылкы күз-кышта да уланат.


Боз түс. Боз же болбосо графит түсү түбөлүк модадан кетпеген түстөрдүн бири. Анткени мындай өӊдүү кийимдерди бардык түстөр менен айкалыштырса болот.


Саргыч боз. Саргыч боз же жөн гана козу карындын түсү. Аталган түс көк жана кочкул кызыл түстөр менен идеалдуу дал келет. Ошондой эле мырзаларга элеганттуулук тартуулайт.


Күрөӊ түс. Мурун мырзалар көбүнчө күрөӊ түстөгү териден тигилген күрмөлөрдү жана бут кийимдерди көп кийишчү. Азыр күрөӊ түстөгү костюм, пальто, шымдар да трендге кире баштады.


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
kinder
2015-11-03 16:49:36
сопсонун эле жарашып турат го.озуно жараша симпатиясы бар бул баланын
+1
Sandrana
2015-11-03 18:27:02
Очуп бара жаткан ырчылардан кобуроок маек алсанар,болбосо бул ырчыларды кайра кайра коро берип эл тажап кетет экен!
-1
Sagidko88
2015-11-04 11:50:15
фигурасы деле жапжакшына, озу крассссавчик!
+2
aidai88
2015-11-04 12:10:39
Кен далылуу ,бою узун балдарга караганда бою кыскалар коп ошолорго кенеш болдуго,тандаган кийимдер бир жакшына жарашып турат.Нурландын соогу ничке экенин эсепке албаганда бою талапко жооп бергидей элего,менин боюм 160см,бутума 7см каблук кийип Нурлан менен суротко тушкондо менин башым анын желкесинен болгон демек узун эле
+1
Ilays
2015-11-04 12:36:06
Колдоп кубаттагандын ордуна бутунан ылдый тартканды жакшы коробуз да кыргыздар. Нурланга ийгилик, концертин жакшы денгеелде отсун.
0
Maral05
2015-11-04 13:28:50
жакшына эле жарашыптыр бирок Гулжигит Калыковду чыгарса болмок
0
fahridin
2015-11-04 16:23:52
Бугун бугун сенин тулган кунун деген ыр турктордун ыры экен. бироолордукун эле ырдайберет экенсинда ырчынын барар жери тозок.
0
Alixan-Nookat.2015
2015-11-04 17:18:03
Кийген кийими жарашкан бирок жанагы созу жакпады меникиндей кийимди башкалар кийип журсо кызыктай боло берем деген созу.
0
.lonely-she-wolf.
2015-11-04 22:24:04
Админ сиздерден сураныч!ар бир санында нурланды майда гозукарындарды горо берип супер инфонун баркы гетип атат, гулжигит сатыбековдон динара акуловадан венера ежеден айгерим ежеден интервю алыныздарчы сураныч кызыктуу болот.ато не болсоле ушуга окшогондорду жсзасчнар елда жадап гетти кечке коро берип
+2
admin_portal
2015-11-05 09:32:16
.lonely-she-wolf., саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, дагы ушул сыяктуу сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, сунуш же суроолор болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтүп жүрсөңүз.
0
aijamal001
2015-11-05 18:06:41
Бул да мактанчаак экен. Жылдыз оорусу мн ооруп жаткан гоо.
Мынчалык мактангандын кереги жок да.
Барган сайын баркы кете баштады Нурландын дагы.
0
dav312
2015-11-05 22:54:14
Биздиг ырчылар озулорунун стилин жакшы таба албагандыгы окундурот жакшынакай корунот сахнадан жакшылып конул бурсан созсуз бир кемчилиги козго урунат Нурлан Насипке келсек 2 фотосу озуно жарашпайт себеби бою кичинекей огош бетер кичине корсотуп койот экен а 3 чу суроту озуно жарашыктуу туура тандалган
0
Shat.88
2015-11-05 23:10:35
Мындай бою мойну узунураак ырчыларды тандап чыгарсанар,кичине бойлууларга коп кийим жарашпаарын баарыбыз билебиз!
0
Mediziner
2015-11-06 14:21:50
Кицимдер бири-бирине айкалышкан эмес. Асельди ээрчите барса болмок экен дуконго.)
0
aijamal001
2015-11-07 12:49:37
Супер
Айдин Шер тууралуу маалымат берип койсонуздар. Корунбой кетти го
0
admin_superstan
2015-11-09 11:43:25
aijamal001, саламатсызбы!
Айдин Шер тууралуу жазылган: http://www.super.kg/article/show/31319
0
sely
2015-11-07 17:29:05
Админ гезитиниздердин жаны саны интернетке качан чыгат.
0
admin_superstan
2015-11-09 10:38:43
sely, саламатсызбы!
Дүйшөмбү күнү саат 9:00дө жарыяланат.
0
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан