24-октябрда ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын Россия-1 телеканалынын «Главная сцена» сынагынын 2-сезонунда ырдап чыгып, калыстар тобунда отурган Владимир Пресняков, Диана Арбенина Валерий Леонтьев жана башка атактуу ырчылардын алкоосуна арзып, чейрек финалга чыкты. Бул сынакка кандайча катышып калганы тууралуу ырчыга суроо узатып, жооп алдык.
– Саламатсызбы, Кайрат мырза?! Бул сынакка катышканга чейин бир катар сынактардын тандоо турларына катышып, бирок ийгиликке жеткен эмессиз. Отузга чыкканда от алайын дегенсиз го?
-Саламатчылык! Буга чейин Кыргызстанда, чет жерде өткөн көптөгөн сынактарга катышкам. «Жаӊы толкун» сынагына да эки ирет барып, тандоо турунун жарым финалынан өтпөй калгам. Ошентсе да Кудай берген талантыма ишеничим эч убакта өчкөн эмес. От алдымбы, күч алдымбы билбейм, айтор, калыстардын сынынан өттүм.
– Аталган сынакка кандайча катышып калдыӊыз?
-Бул сынакка барганга чейин интернеттен башка сынакка билдирме (заявка) жөнөтсөм, тымтырс болуп чакыруу келген жок. Анан «Главная сцена» сынагына жибердим. Арадан бир ай өткөндөн кийин Ош шаарында гастролдо жүрсөм уюштуруучулар телефон чалып калышты. Жанымда ырчы Замир Арыкбаев бар болчу. Ал «иним, аракет кыл, бул сага берилген бирден-бир мүмкүнчүлүк» деп демиме дем кошту. Тандоо туру 18-сентябрда болуп, жалпысынан сынакка 500дөн ашуун катышуучу келишип, 70 адам калыстардын сынынан өттү.
– Калыстар тобунун мүчөсү Диана Арбенина сиздин кастинг учурунда аябай таасир калтырганыӊызды айтты. Кандай сезимдер болду?
-Сынак кызуу башталып, бардык катышуучулар кезеги менен чыгып жатышты. Кезек жакындаган сайын толкунданып турсам калыстар тыныгуу жарыялап калды. Калыстык кылып отурган Диана Арбенина мени көрүп шериктерине «токтой тургула, ушул жигит ырдасын, анан тыныгууга чыгалы» деп айтты. Ошончо катышуучунун ичинен мени баса белгилегенине түшүнбөй калдым. Мен тагынып жүргөн жалтырак бабочка анын көӊүлүн буруптур. Ал «көӊүлдү бурган бабочка тагынганыӊ үчүн сага өзгөчө рахмат» деди. Ошентип Муслим Магомаевдин «Скажите, девушки, подружке вашей» жана орусиялык «Рондо» тобунун «Я постелю тебе под ноги небо» аттуу эки ырын ырдадым.
Арбенинанын мага карата «Тубаса таланты күчтүү. Тандоо турунда мага баары жакпай жатты. Ушул бала чыкканда «оо, Кудай, кандай жакшы» дегем» деген алкоо сөздөрүн укканда жеӊишке болгон үмүтүм, ишеничим андан да артты.
– Сынак тууралуу айтсаӊыз, канча этап менен өтөт?
-Бул сынак 5 этап менен өтөт. Катышуучуларды тандап алуу, андан кийин калыстар тандап алган таланттарды ырдатып көрүшүп, «Главная сцена» сынагында ырдай тургандарды кабыл алат. 3-этабында устат менен иштешүү, 4-этапта катышуучулар топ түзүшөт. Сынактын жыйынтыгы суперфинал менен жыйынтыкталат. Ал жерде көрөрмандардын баасы маанилүү болот.
3-4-ноябрда чейрек финал тартылат. Андан көп өтпөй эле жарым финал болушу мүмкүн. Финалга чыгууга үмүтүм да, аракетим да күч. ВКонтакте социалдык тармагында «Главная сцена» деген топ бар. Аталган социалдык тармакка кирип ой-пикир калтырып, жакты белгисин басып, жаккан катышуучуну алга сүрөсөӊүз болот. Анткени жеӊүүчүнү эл аныктайт. ВКонтакте социалдык тармагынан катышуучулардын кимиси көп добуш алса, ошол ырчы биринчи орунду алат экен.
– Атаандаштарыӊыздын талантына баа берип жатасызбы? Кайсы өлкөдөн келген катышуучу сизди таасирлентти, чочутту?
-Азыркы учурда чейрек финалга чыккандардан түзүлгөн 5 топ бар. Ар бир топто 6 ырчыдан. Атаандаштардын арасында, албетте, сестендиргени да, күлкүнү келтиргендери да бар. Атаандаш болсо да алардын баарын сыйлайм. Алар да жеӊишке жетүүгө татыктуу. Бирок 1-орунга мен татыктуумун (күлүп).
– Сахнада так секирип, жандуу үн менен ырдадыӊыз. Канча күн даярдандыӊыз?
-Сынакка чакыруу алган учур партиялардын үгүт иштерине туура келип калды. Даярданууга жакшы деле мүмкүнчүлүк, убакыт болгон жок. Ошондуктан Олег Газмановдун «Эскадрон» деген чыгармасынын аранжировкасы шашылыш жазылып, орточо болуп калды. Сөзүн дагы шашылыш түрдө жаттадым.
– Сизди коштоп, колдоо көрсөтүп кимдер барышты?
-Сынакта келинчегим Эля курбусу менен, классташым жубайы менен колдоп турушту. Башка элдин сахнасына чыкканда бирөөнүн колдоосуна муктаж болосуӊ да. Жакындарымдын деми, колдоосу мага күч берип, мекенимдин жытын ошолордон сезип турдум.
Султан Төрөбеков
star@super.kg