БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

(Башталышы өткөн сандарда)

– Кел, балам, чык, отур,- деп жанын көрсөттү.
– Салам алейкум,- деп жанына отурдум.
Көзүнүн карасы күрөӊ тартып бир кызыктай экен, бою узун окшойт.
– Кандай, Эрмек балам, иштериӊ, ден соолугуӊ жакшыбы?
– Жакшы, рахмат, өзүӊүз, иштериӊиз жакшыбы?
– Жакшы, балам, жакшы. Эмне иш менен келди деп таӊ калып жаткандырсыӊ? Сөздү көбөйтпөйүн.
Аты Жумалы экен, келген себебин ачык эле айтты. Көрсө, бир жума мурун самолётко баӊгизат салып бере алам дегенимди Эмил байкеден угуп сүйлөшкөнү келиптир. «Эгер чындап эле салып бере алсаӊ сүйлөшөлү, мага иште, минтип бирөөнүн жеринде кыйналып жүрбөй бир жылга жетпей машина, там сатып аласыӊ» дейт. Мен дароо «ал тамаша эле болчу, колумдан келбейт» деп каршы болдум, милицияда тепки жегеним көз алдыма тартыла түштү. Жумалы байке ар нерсени, биздин чоӊдор кантип элди алдап жеп жаткандарын, таза мээнет менен эч качан байый албашымды, колунда иштеген балдар аз эле убакытта там салып, кымбат машиналуу болуп калганын айтты. Бирок макул болбодум, канча адамдардын үй-бүлөсүнө жамандык алып келүү мен үчүн аябай жаман иш эле. Китеп көп окуйм, айрыкча миллиардерлердин өмүр баянын, кантип байыгандарын, кеӊештерин, баары эле ак мээнет менен байлык чогулткан да. Ал эми кылмыш жолу менен байыган адамдардын аягы жаман бүткөн же түрмөдө жок болушкан, болбосо өлтүрүп кетишкен.
Акыры Жумалы байке «мейли, өзүӊ бил, бирок ойлонуп көр, макул десеӊ Эмил байкеӊе айт, байланышабыз» деди да, кетип жатып болгон сөз ортобузда гана калышын эскертти. Мен деле түшүнөм да, кантип эле түшүнбөйүн.
Эмил байке эч нерсе болбогондой, мурункудай эле жүрө берди. 1-2 жолу «мени эмнеге айттыӊыз?» деп сурайын десем, ар шылтоону айтып сүйлөшпөй койду.
Арадан эки жумадай өткөн, биз иштеп жаткан объект өтө чоӊ, узуну 500 метр, туурасы 150 метрдей имарат эле. Ичи алты бөлүккө бөлүнгөн, биз экинчи, үчүнчү бөлүгүндө иштечүбүз, төртүнчү, бешинчи, алтынчы бөлүктөрү али бүтө элек болчу, көп жерлери караӊгы эле. Биздин складыбыз алтынчы бөлүктө, подвалда болчу. Керектүү нерселерди ошол жактан алып келчүбүз. Ошол күнү мага складдан бир нерсе керек болуп калып, балдарга ишти түшүндүрүп коюп складга бара жатсам, бешинчи бөлүктүн аягында тепкичтен түшсөм, чоӊ залга окшогон караӊгыраак жер болчу, 2 орус бала бир баланы жерге жаткызып алып тепкилеп жатышыптыр. Ажыратып коёюн деп барсам, бир тааныш өзбек бала бар болчу, ошол экен. Тимеле аябай уруп жатышат. Койгула деп арасына кире койсом экөө мага асылып киришти, жаӊы келген балдар окшойт, мурда көрбөгөм. Койгула деп жакшы эле айттым, кол кайтарбай артка качып коём, алар өчү бардай өзбек баланы унутуп коюп мени уруп киришти. Акыры чыдабай кетип экөөсүн эки жакка ыргыта тепсем, бирөөсү үйүлүп жаткан темирлердин жанына кулап түшүп титиреп жатып калды. Коркуп кетип чуркап барып башын көтөрсөм, кан чыккан жери деле жок, же катуу тийгидей кулаган жеринде деле эч нерсе жок. Бирок тигил орустун көздөрү аӊтарылып, оозунан көбүк чыгып жатып калды. Жаныбызда берки шериги турат, бир мени карап, бир шеригин карап.
Бир маалда тигил орус араӊ-араӊ дем алып, үнү чыкпай калды. Досу дароо телефонун алып бирөөгө чалып «тез келип калгыла! Чёрныйлар Витяны (шеригинин аты Витя окшойт) өлтүрүштү» деди. Өзбек бала жанымда турган, көздөрү алайып, жалдырап эле турат. Эмне кыларымды билбей турсам Эмил байке келип калды, келип эмне болгонун сурады эле, жанагы орус мени көрсөтүп, «ушул өлтүрдү» дейт. Эмил байке мени карап күнөөлөп урушкансып кыргызча кыйкырып «бул жерден тез качып кет, үйүӊө барып тур, сени Орусиядан качырабыз, эгер кармалып калсаӊ, сени бул жерден эч ким аябайт, жок болосуӊ» деди. Милициядан жүрөгүм түшүп калган да, орус баланы секин жерге жаткыздым да, чуркаган бойдон кийинип-чечинчү комнатабызга жөнөдүм, өзбек бала артымдан ээрчип алган. Кийинип жатсам ал бир кагазга номерин жазып чөнтөгүмө салып, «менин айымдан ушундай окуяга кабылдыӊыз, кичине чогулткан акчам бар, кайсы жерде болсоӊуз да чалсаӊыз алып барып берем» деди. Макул деп үйгө чуркадым, барып документтеримди, зарыл деген 1-2 кийимдеримди алып сумкага салыштырып жатсам телефон шыӊгырап калды, алсам Эмил байке «эшикте машина күтүп турат, тез ал жерден кет» дейт. Чыксам бир машина турат, рулда кыргыз бала, отурарым менен айдап жөнөдү:
– Документтериӊди алдыӊбы? Түндө Кыргызстанга учасыӊ,- дейт. – Азырынча бир жерде бекинип отуруп турасыӊ.
«Мытищинская ярмарка» деген курулуш материалдарын саткан базарда кыргыздардын 2-3 кафеси бар. Ошол жакка бардык, «Ала-Тоо» деген кафе бар эле, ошого кирип арт жагында кичине бир бөлмөсү бар экен, ошол жерге киргизип койду. Тамак алып келишти эле же тамак өтпөйт, оозума кара суу келип өзүнчө эле титирейм. Кайра барсамбы деп бир ойлоном, атайын кылбадым да акыры, анан дагы орус баланын башын кармап турганымда көзүн ачып мени карап кайра жумуп алгандай болду эле, караӊгыраак болгондуктан жакшы байкабай калдым. Айтор, айлам кетип, эмне кыларымды билбей калдым. Телефондун симкасын үйдөн чыкканда эле машина айдаган бала ыргыт дегенинен ыргытып жибергем. Ыргытпай турсам болмок экен, бирге иштеген балдарга барып көрүп койгулачы демекмин, жок дегенде эмне болгонун билмекмин. Кайра-кайра тамеки тартам, болсо чегип, болбосо чекпей деле жүрө берчүмүн, эки саатта бир пачка тамекини түгөтүп салдым. Столдун үстүндө арак бар экен, 200 граммдай арак да ичип жибердим. Мени алып келген баланын аты Азамат экен, ошол гана маал-маал кирип кабар алып турбаса, башка эч ким кирген жок. Келгениме 3 сааттай болуп калганда Жумалы байке кирип келди. Бир бутун сылтып басат экен. Ордумдан турган да жокмун, жаныма келип отурду да, чөнтөгүнөн кагазга оролгон акча алып чыгып берди. Көрсө, баягы өзбек бала 30 миӊге жакын акча берип, кечирим сурап кат жазып берип жибериптир...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Nadiko_93
2015-11-02 09:42:06
Мен биринчиии

-1
Pantherka
2015-11-02 10:02:53
Ана сага подстава ((((
+1
Gulya.akbaralieva
2015-11-02 14:14:41
Pantherka,маанилуу жазса болмок. Экен деген соз менен эле бутуп калды
-1
Daldachka
2015-11-02 13:36:21
Мен учунчу
-1
tynar92kg
2015-11-02 14:56:08
Аргасыз аралашатко жми чорныйларга
0
zara-919
2015-11-02 17:25:39
кызык болуп баратат. китеби болсо 500 сом болсо да сатып алмакмын.
+1
tavanova.sarah
2015-11-02 17:27:14
Азамат дегени "Азамат чёрный" эмеспи бекен?(кличкасы "карис") бир ай мурун тюмендеги абактан чыккан хммм..
-1
Adik01219
2015-11-03 12:19:42
Огооо супер
0
adiletkina
2015-11-03 15:56:21
атайын уруштурган окшойт да
0
talant.elmira
2015-11-03 18:50:24
атайын уюштурулган да
0
Kg.lady
2015-11-03 22:14:27
Бул жигит аягында дуркуроп осотда. Аягы сонун бирок.
+1
Ailo
2015-11-04 13:10:10
Жаманда ушу жок жерден куноолуу болуп калган.
+2
Patriot...kg
2015-11-04 14:49:20
Суперстанда аты не?
-1
Sahabat91
2015-11-05 13:53:46
Башталышын кайдан окусам болот?
0
admin_superstan
2015-11-05 14:04:54
Sahabat91, саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/show/33859/
Макаланын төмөн жагында мурунку сандарына шилтемелер бар.
0
Kadyrbek09.10.2015
2015-11-07 16:44:13
Ммм эми эмне болот экен
0
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан