«Инсан» тобу: «АЗГЫРЫЛЫП КАЗАКСТАНДА ДА ИШТЕП ЖҮРГӨНБҮЗ»

«Инсан» тобу дегенде «Арманым», «Сары-Ой», «Периште, туулган күнүӊ менен» деген мукам ырлар кулакка жаӊырат. Азыркыга чейин өз актуалдуулугун жоготпой келе жаткан бул ырларды орто муундан тартып жаштарга чейин жатка билет десек аша чапкандык болбос. Кезинде эс-учун жоготкон күйөрмандарды топтогон топ быйыл 25 жашка толду. Биз болсо анын атактуулукка карай жолун баяндайбыз.

Эркин Мээрканов: «ТЫНАЙДЫ СЫРТЫНАН БАЙКАП ЖҮРДҮМ»
– «Инсан» тобу мен аскерден келгенден кийин түзүлдү. Буга чейин 1984-жылы «Мурас» аттуу топту негиздеп иштеп жүргөнбүз. Андагы Эмил Турусов деген жигит топтун атын «Инсан» атап, өзү ишкерлик менен алектенип кеткен. Топтун биринчи ырчысы Рахим Бекбасов менен элге таанылган жокпуз. Ал кеткенден кийин 1992-жылы Ырыскелди Осмонкулов катарыбызга кошулду. Аны менен «Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай» деген ырды жаздыргандан кийин «кыргызча ырдаган, жигиттерден куралган топ бар экен» деп эл оозуна аздыр-көптүр алынып баштадык. 1996-жылы Ырыскелди топтон кетти. Ага «жөн эле кетип калбай, ордуӊа киши таап бербейсиӊби?» десем, Тынай менен тааныштырды. Мурда бул балага сыртынан көз салып жүрчүмүн. Таанышкандан кийин жылдызыбыз келишип катарыбызга кошулду.
1 жылдан кийин Канат келди. Ал эми топто бас-гитарада ойноп келе жаткан Нурлан Бейшекеев менен Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектепте чогуу окуганбыз.
«Инсан» тобунун бул курамын алтын курам десем жаӊылышпайм. Ортодо Улан деген бала вокалист болуп кошулуп ырдап жүрүп, өзүнөн-өзү жоголуп кетти. Ортодо пикир келишпестик деле болгон эмес. Ага эмне болгонун түшүнгөн жокмун. Негизи топтогу балдардын эркелеп калмайы бар. Тынай мурда жылдыз болуп эркелечү, уктап калып кечигип калчу. Азыр чоӊоюп калды, белгиленген убакыттан кечикпей келет (күлүп).
Мага «Сары-Ой» аттуу ырыбыз өзгөчө жагат. Ошондой ыр азыркыга чейин уга элекмин. Аранжировкасы чеберчилик менен жасалып, мыкты ырдалган. Атайын эл каалаган жеӊил-желпи ырларды да жазууга туура келет. Антпесе бизди 10 киши эле угуп калышы мүмкүн. 2000-жылдары «Арманым», «Периште, туулган күнүӊ менен» аттуу ырларыбыз жарык көрүп хит болуп, атактуулукту алып келди. Концерттерде легендарлуу «Инсан» тобу деп чакыра башташты.
2001-жылы Батырхан Шукеновго «Сары-Ой» аттуу ырыбыз жагып, Алматыда болгон концертине чакырган. 1998-жылы Владимир Пресняковдун концертине да барып ырдаган жайыбыз бар. Күйөрмандар, музыкант кесиптештер «Силердин музыкаӊарды сагындык, чогулуп иштегилечи. Тынай өзүнчө, сен өзүнчө болсоӊ силер «Инсан» эмессиӊер. Жалгыздан элге кызыгуу жаратпайсыӊар» дешти. Алардын суранычы биздин башыбызды кайрадан бириктиргенге түрткү болду.

Тынай Алыбаев: «КАЗАКТАР «АРМАНЫМ» ЫРЫБЫЗДЫ САТ ДЕШИП...»
– Концерттер аншлаг менен өткөн, үзгүлтүккө тушуккан учурларды басып өттүк. Андай болгон күндө да чачырап кетпей иштеп келе жатабыз. Себеби биздин өзөгүбүз, «динозаврыбыз», моторубуз болгон Эркин бар. Азгыруулар менен 2004-жылы Алматыга иштегени кетмей болдук. Төртөөбүз чогуу бармакпыз. Бирок бизди чакырган тарап «төртөөӊөрдү көтөрө албайбыз, экөөӊөр эле келгиле» дешкенинен Эркин экөөбүз барганбыз. «Инсан» тобу муну менен чачыраган жок, болгону биз коммерциялык негизде өзүнчө иштеп көрдүк. 3 жылдан кийин келишим бүткөн соӊ «Эми мындан ары бирге иштешүүнү кааласаӊар топтун атын өзгөртөбүз. Бир гана казакча ырдайсыӊар да, казакстандык топ болосуӊар» деген шарт коюшту. Биз бул сунуштан баш тартып, «силер жакшы калгыла, биз дагы жакшы баралы» деп сыйыбыз менен мамилени үзүп мекенибизге келе бердик. «Арманым» деген ырды саткыла деди. Бул бизге нан тапканга өбөлгө болгон ак жолтой ырыбыз деп бербей койгонбуз. Ортодо 8 жылдай тыныгуу болду. Бул убакта күйөрмандарыбызды жоготуп алдык. Биздин күйөрмандарыбыз – бул аялзаты. Кечээ бир кыз «силерди менин апам абдан жакшы көрөт « деп айтып жатат. Эми дагы 5-10 жылдан кийин менин таенем, чоӊ апам силердин фанатыӊар деп башташат (күлүп).

Латипа Алыбаева, Тынай Алыбаевдин апасы: «ТЫНАЙДЫ МУЗЫКА МЕКТЕБИНЕ ОКУТПАЙ КОЙГОНУБУЗГА ӨКҮНӨМ»
– Тынай кичинекей кезинен музыкага жакын өскөнү менен, атасынын каалоосу боюнча ашпозчунун окуусун бүттү. Искусство институтуна тапшыргандан кийин шыктанып, өзүнүн көксөгөнүнө жетти. Учурунда баламдын жан дүйнөсүндөгү каалоосуна каршы чыгып, музыка мектебине окутпай койгонубузга өкүнөм. Бир жолу концертине чакырганынан барсам, ал сахнада ырдап жатканда жаштар кыйкырып кирди. Элирип кеттиби, айтор, секирип бийлеп баштады. Көйнөгү шымынан чыгып ырдап жатканын көрүп жаным чыгып, «жаныӊда болсом оӊдомокмун» деп кабатыр болгонум эсимде. Бирок элдин ушунчалык колдоосуна арзып жагып жатканына кубанып, сыймыктангам.

Актан Исабаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «ОРТОДО АТААНДАШУУ БОЛГОН»
– Кыргызстандагы заманбап топтордун арасынан алып караганда алдыӊкылары «Инсан» менен «Элес» болгон. Бир жолу концерт менен гастролго баратып «Инсан» тобунун жигиттерин унутуп калыптырбыз. Алар бизди таппай кечинде концертке катышпай калышкан. Ошол кездеги атагы таш жарган топту таштап кеткенибиз таӊ калычтуу болгон.
«Инсан» менен «Элес» бир учурда жылдызы жанган топтордон болгондуктан ортодо атаандашуу болгон. Жашырынып алып «бул ырды азыр эч ким укпасын, чыккандан кийин угушсун» деп катынып турчубуз. Ошол атаандашуу бизди өстүрдү. Атаандашуу ичибизде эле калып, аны ортого ыргытып интрига кылган жокпуз.

25 жыл аралыгында "Инсан" тобунун курамы бир нече ирет алмашкан. Бул жигиттер топтун алтын курамы болуп саналат.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Легендарлуу "Инсан" тобунун 25 жылдык тарыхы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Janusia
2015-11-02 12:17:18
Инсан ийгилик силерге!
+2
Мэри
2015-11-02 16:10:09
Тынай мырзанын "Кимге айтам?" деген ыры бар, сонун... (бул чач жасалгасы жакпай калды, мурункусу сонун жарашчу, тезинен өстүрсө экен))))
Жигиттерге ийгилик, концертин жакшы өткөрүп алышсын!
+2
mela
2015-11-02 21:17:09
Качан каарыйт булар?!)))(менин башыма жун чыкканы ошол боюнча)))
+5
jypar.i
2015-11-04 22:10:02
mela,каарыйт деген сөз менен карыйт деген таптакыр эки башка мааниде, карыйт деген туура болот. Карытып эмне кыласың, кимдин карыгысы келсин
0
Senuchunzhashaim
2015-11-02 23:16:26
Тиги алтын курам деген суроттогу биринчи турган жигит жакчыле да)) аты ким экен э?))
+4
tursunbaev2004
2015-11-03 20:59:51
Senuchunzhashaim,жогору жакта аттары жазылып туратко
0
Senuchunzhashaim
2015-11-04 14:47:45
tursunbaev2004, ошондо Эркин болуп калавы?
-1
mi-li-na
2015-11-03 22:51:43
даа карыпсынар Инсан тобу, время берет свое деген ушул го ээ... ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ алгандай болуптур )))
-2
admin_superstan
2015-11-04 10:25:36
mi-li-na, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
0
jypar.i
2015-11-04 22:10:53
mi-li-na,сен өзүң тааакыыыр карыбасаң керек
0
ayzyrek89
2015-11-04 01:24:58
Тынай Мирбек Атабеков менен бир тууган эмеспи .? Ушунчалык окшош болобу?
+1
Sandrana
2015-11-04 12:30:08
ayzyrek89, Койчу э Тынай жакшынакайго ХХХ ХХХ ХХХ окшоп кететго...!
0
admin_superstan
2015-11-04 18:22:59
Sandrana, мазактоого жол жок! 2 күн БАН!
0
jypar.i
2015-11-04 22:11:40
ayzyrek89,мага Гүлжигит Калыбеков көбүрөөк окшогондой сезилди
0
jypar.i
2015-11-04 22:20:44
Азаматтар, ийгиликтин сыры өз кесибин сүйүп, ошол кесиби боюнча жакшы билим алганы болуш керек. 25 жылдан бери иштеп келатышкан бул жигиттердин жөнөкөйлүгүн байкадык. Мына жылдыз деп ушуларды айтса болот. Анан жаңы чыга калып, эптеп бир клип тарттырып койсо эле жылдыз болуп калышат кээ бирөөлөр
+2
beben
2015-11-08 18:54:39
Телефонумда ушул топтун сары ой ыры дале бар. Ийгилик .
0
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан