ПЕДАГОГДУН КЕӉЕШИ

Башталгыч мектептеги билим берүү жаатында жаралган маселелер ар бир ата-энеде, ар бир окуучуда бар. Биздин редакцияга ата-энелерден бир нече суроолор келип түшкөн. Аларга Бишкек шаарындагы №77-орто мектептин окуу-тарбиялоо бөлүм башчысы, адеп окуу китептеринин авторлорунун бири Сабира Өжөрбаева жооп берет.

«ЫР ЖАТТАЙ АЛБАЙТ»
– Эжейи үй тапшырмага ыр жаттоону көп берет. Бирок уулум экөөбүз жаттай албай кыйналабыз. Кээде «3-класс болсоӊ да жаттай албайсыӊ!» деп жиним менен чаап жиберем. Кошунабыздын уулу балам менен окуйт, ал өзү эле жаттап алат экен.

Сейит Карагулов,
Каныш-Кыя айылы

– Ар бир баланын табигый жөндөмү болот. Кээ бирөөлөр ошентип бат жаттай албайт, кээ бирлер тез эле илип кетет. 3-класстын окуучусу эмес, жогорку класстын окуучулары деле кээде «эжей, мен жаттай албай койдум, маанисин эле айтып берейинчи» дей беришет. Бала ырды жаттаардан мурун маанисин түшүнүшү керек, ошондо оӊой жаттайт. Мен мектептен алгач ырды доскага жазып хор менен окутам, кайра ар бирин жалгыздап окутам, анан өчүрүп салып ырдын ар бир сабын ар кайсы окуучуга айттырам. Кол көтөрүп эч нерсе үйрөтө албайсыз. Окуса гана жакшы адам болорун жеткире түшүндүрүү керек.

«ДАЙЫМА БИР ПАРТАДА ОТУРБАСЫН ДЕДИМ»
– Арткы же алдыӊкы партада отуруунун окуучунун сабакты кабыл алуусуна таасири барбы? Менин баламды артка отургузуп коюшуптур, чырылдап жүрүп бир ыкманы киргиздирдим. Балам жанындагы классташы менен 1-күнү 1-партага отурса, кийинки күнү 2-партага жылышат, ушинтип улам артка жыла берет. Артындагылар алдыга жылышат, кыскасы, күнүгө орун алмашып турушат.

Таттыбүбү Темирова,
Талас шаары

– 1-партада отурабы же акыркы партадабы, окуучунун сабакты кабыл алуусуна таасири тийбейт. Артта отуруп деле жакшы окугандар бар. Окуучунун бир орунда отурбай күнүгө көчүп жүрүшү туура эмес. Бир орундукка отургузуп «ушул жерге дайыма отурасыӊ» десек, анда ал окуучу ошол партага жоопкерчиликтүү болот. Бир орунда отуруу жоопкерчиликке, туруктуулукка үйрөтөт. Адатта мугалимдер жакшы окугандарды бөтөн мугалим же комиссия келип текшерип калса деп алдыга отургузуп коюшат. Бирок балдардын белгилүү бир партага отурушу эки жагдайда каралышы керек. Биринчиси – бою узундар артка отурушу кажет. Анткени доска бардык балдарга көрүнүп турушу абзел. Экинчиси – көрүүсү начарлар алдыга отурушат.

«ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨСТҮРӨ АЛБАЙ ЖАТАМ»
– Уулум Адилет 5-класста, кызым Айжаркын 4-класста окуйт. Уулум берилген тапшырманы жаттабайт, бирок суроого ойлонуп жатып туура жооп берет. Ал эми кызым жаттама. Балам ойлонгуча кызым шак жооп берип салат. Бирок жаттамалар убакыттын өтүшү менен унутуп калат деп корком.

Акылай Тургунова,
Балыкчы шары

– Азыркы билим берүү жаатында мугалимдин негизги талабы – адабий окууданбы, математикаданбы окуучуга теманы түшүндүрүп, кайра ошону турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү. Негизи, жаттама балдардын логикалык ой-жүгүртүүсү өспөй калат.
Эмне кылуу керек? Телевизор, уюлдук телефон, компьютерге алаксытпай, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карай китеп окутуш керек. Жаттаган жакшы, бирок жаттаган нерсесинин маанисин да түшүнүү андан жакшы. Кичинекей эле тамсилди алалы. Анда түлкү коёнду алдап койду. Аны окуган бала эмнеге түлкү алдап кетти деп ойлонуп, ой-чабыты ар кайсы жакка кетет. Балдардын ой-жүгүртүүсүн өстүрүүдө ата-энелердин да салымы чоӊ болушу керек. Окуучу мектепте убактысынын аз гана бөлүгүн өткөрөт, көпчүлүк убакта үйүндө болот. Ошол учурда ата-эне баласы менен аӊгемелешип, бир окуяны талкуулап, баланын оюн угуп, кеп байлыгын өстүрүшү керек.

«КЫЗЫМ САБАКТАН КАЧАТ»
– Кызым Айнуру орус мектепте 3-класста окуйт. Кыргыз тилин үйрөтө албай койдум. Кыргыз тили жумасына 2 жолу болот, боло турган күнү эле сабакка баргысы келбей калат.

Гүлүм Ырсалиева,
Бишкек шаары

– Окуучу эмне үчүн бир гана кыргыз тилин окугусу келбей жатат? Себебин изилдеп көрүш керек. Балким, мугалим менен окуучунун ортосунда келишпестик бар, же ата-энеси, айлана-чөйрөсү таптакыр орусташып кеткен адамдар. Ошондон улам балага өзүнүн эне тилинде сүйлөмөк түгүл маанисин түшүнүү кыйынга турат. Кандай болгон күндө да баланы кыргыз тилин үйрөнүүгө, сабагын калтырбоого мектептен мугалим, үйдөн ата-эне кызыктырып жардам берүүлөрү керек. Бала өз эне тилин билбей жатканын түшүнбөшү мүмкүн, бирок бул иш ата-эне үчүн туура эмес.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
beben
2015-11-02 12:37:18
Жакшы кенеш биздин класстын президент кызы 11 жыл акыркы орундукта отуруп буттуго мектепти себеби боюу узун болчу
+3
aiturgasha
2015-11-02 12:52:16
биздин класста артта отургандардын бары жаман окушчу.
+4
mafi
2015-11-02 13:01:12
Менин синдим 6 класста. Кыргыз класста окуйт. Окуганын кайра айтып бере албайт, же орусчасын, же кыргызчасын тушунбойт. Унунтчаак. Сабакта бугун эмне окуганын унутат да, бирок эжекеси қандай кийим кийип келгенин унутпайт.
+5
formula12
2015-11-02 21:56:06
mafi,витаминдердин мисалы йодомариндин жетишсиздигинен да унутчаак болушу мумкун
0
bolotbek91
2015-11-02 13:18:34
Мен мектепте окуп жургондо бат кабыл ала албайт болчум кийин тушунот элем бирок жакшы окугам
+1
Gulya.akbaralieva
2015-11-02 14:18:14
Менин эжейим. Менин мектебим....
0
s5kgbal
2015-11-03 19:47:14
окуу эжейге да коз каранды анткени кээбир эжейлер бироону которуп же наоборот баса беришет анан окуучуда ой жаралат "мен окубасам деле 4 5 алат экемин деп же мен окусамда 3коет деген анан окубай башташат
+3
Nazmirjaz
2015-11-06 11:53:01
s5kgbal,туура айтат азыркы мугалимдер озунунда окуучунунда психологиясын бузуп алган себеби менин коруп байкашымча социалдык статусуна карап мамиле кылышат кайдагы мелоч суроолорду берип "атан россиядан келдиби бул куртканы канчага кайдан алдын" деген сыяктуу суроолор мн сабактын жарымын откорушот.
+1
aizirek...
2015-11-05 14:32:25
арткы партадан жылбай эле олтургам жакшы эле окудум
0
Kunbeken
2015-11-06 09:32:39
Мен жаташым кыйн болчу. Канчалык жаташка аракет кылып жаттап барсам да унутуп калат болчумун. Бирок тушунуп айтып бергенге жондомдуу болчумун.
0
Nynysh
2015-11-07 05:44:31
Жакшы совет бериптир. Биринчиден Баланы окутууда мугалимдин ролу ото чон, биринчи партада отурабы акыркы партада отурабы баарына тен жетишип баарына бирдей конул буруусу керек. Кээ бир мугалимдер алдынкы партада отургандарга кобуроок конул бурат да артта отургандар кала берет, ал туура эмес болот. Экинчиден Ата-эне да уйдон баласынын окуусуна конул буруусу керек. Эки жактан алган багыттын негизинде баланын билим алуусу жакшы болот.
+1
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан