АБАКТАН КАЧУУ АТАЙЫН УЮШТУРУЛГАНБЫ?

Өтүп кеткен эки апта эки кишинин башы бириксе эле абактан качкан кылмышкерлерди кеп кылуу менен өттү. Абактан качкан кылмышкерлерди кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери 10 күндөй бут чечишкен жок.

ОКУЯНЫН ХРОНОЛОГИЯСЫ
11-октябрь
түнү №50-СИЗОдон качкан 9 кылмышкердин чуусу бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөӊгө салды. Алар аталган абактан ЖАМКнын 3 кызматкерин муунтуп өлтүрүп, бирөөнүн башын жарып из жашырышкан. Ошол эле түнү алардын бешөө жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, 4 коркунучтуу делген кылмышкер из жашырып кетишкен.
16-октябрда ЖАМКнын жаракат алган 4-кызматкери ооруканада өзүнө келбей жатып каза тапты. Ушул эле күнү качкын кылмышкердин бири Данияр Кадыралиев милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектин Дордой-2 конушунан атып өлтүрүлдү.
19-октябрда УКМК кылмышкерлер тууралуу маалымат бергендер үчүн берилет деген 300 миӊ сомдук сыйлыктын наркын ИИМ 1 миллион сомго көтөрдү.
20-октябрда кылмышкерлер качып чыккан түнү колго түшүп калган 5 кылмышкердин бири «касапчы» лакап аты менен таанымал Таалайбек Жуманов абакта жаткан жеринен каза тапты. Расмий маалыматтар боюнча, ал жүрөк оорусунан көз жумган. Ушул эле күнү милиция кызматкерлери жергиликтүү чабандын билдирүүсү менен Сокулук районундагы кашарлардын биринен качып жүргөн кылмышкердин бири Азамат Мүсүралиевди атып өлтүрдү.
21-октябрда кармалган кылмышкерлер: 37 жаштагы Бакыт Кенжегулов менен 33 жаштагы Муратбек Жумалиев абакта жатып каза табышты. №50-СИЗОнун жетекчиси Иманкул Телтаев менен катар абактын толук курамы алмаштырылды жана ЖАМКнын тиешелүү кызматкерлери иштен айдалды.
22-октябрда качкын кылмышкердин дагы бири Эдил Абдрахманов күч органдарынын огунан жаракат алып, тирүү колго түштү. Анын ок жаӊылган бутуна операция жасалды. Бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар кылмышкерлердин укугун коргоп коомчулукка бир нече билдирүү таратышты. Ушул эле күнү кечинде акыркы кылмышкер Алтынбек Итибаев Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде атып өлтүрүлдү. Бирок бул операцияда бейкүнөө эки жаран жана ИИМдин бир кызматкери каза табышты.
25-октябрда №50-СИЗОнун бир кызматкери атайын прокуратура тарабынан камакка алынды. Анын эмне үчүн камакка алынганы азырынча белгисиз.
26-октябрда каза тапкан ЖАМКнын кызматкерлеринин туугандары кылмышкерлердин укугун коргоп чыккан укук коргоочулардын билдирүүлөрүнө жооп катары маалымат жыйын уюштурду. Анда энелер кызмат учурунда каза тапкандарга көӊүл буруп, «Эл Баатыры» наамын берүүнү суранып кайрылуу жасашты.
10 күн ичинде: Абактан кылмышкерлер качып чыккан күндөн тарта күч түзүмүнүн 5 кызматкери, 2 жөнөкөй жаран, 6 кылмышкер болуп, жалпы 13 киши о дүйнө салды.

БИР КАТАР ТҮРМӨЛӨРДҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ АЛМАШТЫ
Окуядан 9 күн өткөндөн кийин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов ведомстводо «тазалоо» иштерин жүргүзө баштады. №50-СИЗОнун жетекчиси Иманкул Телтаев кылмышкерлерди түрмөдөн качууга жеткирген шалаакылыгы үчүн айыпталып, иштен айдалды. Калган башка тиешелүү кызматкерлер менен катар №1, №2, №3, №5, №8 жана №16-абактардын жетекчилери да иштен айдалып, курам бир катар кадр алмашууларга дуушар болду.

ПРЕЗИДЕНТ КАБАТЫРЛАНДЫ
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 23-октябрда УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев менен ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды. Жолугушууда ажо аталган органдардын жетекчилери менен түрмөдөн качкандардын окуясын талкуулады. Алтынбек Итибаевди колго түшүрүү учурунда Бишкек шаарындагы Достук кичи районунда аны менен атышуу орун алып, ИИМдин атайын отрядынын 1 жоокери жана жөнөкөй жарандардан 2 адам каза тапкан эле. Өлкө башчысы жетекчилерге күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатып, атайын операция учурунда жөнөкөй жарандардын да коопсуздугун катуу көзөмөлгө алуу керек экенин эскертти. Президент бул жолугушууда атышуудан каза тапкан ИИМдин кызматкеринин жакындарына көӊүл айтып, анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү тууралуу жарлыкка кол койгонун айтты. Мындан соӊ ИИМдин атайын отрядынын жоокери, атышууда каза тапкан Төлөбек Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 3 бөлмөлүү батир берилди.

АБАКТАН КАЧУУДАГЫ ТАБЫШМАКТУУ ЖАГДАЙЛАР
ЖАМК буга чейин №50-СИЗОну Кыргызстанда жаӊы салынган, айланасы бекем курчалган, ал тургай уюлдук телефон да тартпаган, күчөтүлгөн тартиптеги камералык систем менен иштеген абак деп келген. Ооба, чындыгында биз абакты көрүү үчүн барганда сыртынан сүрү бар бекем имарат экенине ынанып келдик. Терезелери да бекем, темирлерин ийип салууга мүмкүн эместей көрүнөт. Мындан улам кылмышкерлер негизги эшиктен эле чыгып кеткенби деген ойдо каласыӊ. Ал эми ЖАМК жетекчилигинин маалымат жыйында камералардын эшиктери талкаланбаптыр, аларды бирөө ачып бериши мүмкүн дешти. Мындан улам абак күзөтүн жон териси менен сезип көргөн ЖАМКынын мурдагы кызматкерлеринен устав тууралуу сурап көрдүк. Талап боюнча ар бир күзөтчү өзүнө тиешелүү аймактан алыс кетпеши керек. Кайсы аймакка бөлүнсө ошол жерди гана көзөмөлдөөгө милдеттүү. Эгер башка кесиптешинин аймагында кылмышкерлер жаӊжал уюштуруп же качууга аракет жасап, ал тургай жанын кыйып жатса да өз кызмат ордун таштабастан туруп, тиешелүү бөлүккө билдирүүсү зарыл. Ал эми кеп болуп жаткан качууда уставдагы бул көрсөтмөлөр сакталган эмес. Макул, биринчи кызматкер камеранын эшигин ачып берсин. Аны өзүнө караштуу аймакта кылмышкерлер кармап калышты дейли. Ошол маалда экинчиси эмнеге өз аймагын таштап, кесиптешинин аймагына өтүп барган? 2 кесиптешинин дайыны жок болуп жатса, үчүнчүсү да ошол аймакка кирип барган. 4 адамдын жанын кыйган кылмышкерлер камералар жайгашкан имараттан 100 метрдей алыс аралыкты басып келишип, административдик имараттан жалпы түрмөнүн жарыгын өчүрүшкөн дейт. Ошончо аралыкты басып келгенче күзөт мунарасындагы куралчан 4 кызматкер эмне кылып турушкан? Буга кошул ташыл, 2 жумадан бери видеокөзөмөлдөө системи иштебей турушу дагы күмөн ойлорду жаратат.
ЖАМК берген маалымат боюнча, ошол түнү күзөттө болгон кызматкерлердин тирүү калган бирөөнү учурда тергөө иштерин жүргүзүп жаткан атайын прокуратура камакка алган. Прокуратура тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча маалымат берүүдөн баш тартууда.

АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНА КАТЫШЫШКАН
Сокулук районундагы кашарлардын биринен атып өлтүрүлгөн Азамат Мүсүралиев өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер жатуучу абакка кандайча түшүп калганына дагы жүйөлүү себептерди эч ким айта элек. 2015-жылдын июль айында Чүй облустук сотунун кеӊсесинде бир нече чуулгандуу окуялар, Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча иштер камтылган документтер жоголуп кеткен. Изди жашыруу үчүн имаратта өрт чыгарышып, документтерди алып чыгып кетишкен. Бул кылмышка шектелип колго түшкөндөрдүн катарында Азамат Мүсүралиев да болгон. Ушул кылмыш ишин тергөө учурунда аны өмүр бою эркинен ажыратылгандардын арасына отургузуп, №50-СИЗОго камалышы түшүнүксүз.
7-апрель, Ош окуясы. Артка кайрылсак, мына ушул тарыхый окуяларда дагы террорчу аталган абак качкындарынын атын көрүүгө болот. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айтымында, абактан өлгөн Бакыт Кенжегулов, Дордой конушунда атып өлтүрүлгөн Данияр Кадыралиев, бутуна ок атылып колго түшкөн Эдил Абдрахманов 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары. Ошондой эле алар объекттерди коргоого катышкан. Алар кийин Оштогу Июнь окуясында жабыр тарткан калкка гуманитардык жардам да жеткизишкен.

«ЖАЙШҮЛ МАХДИ» ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМУ ТУУРАЛУУ
Абактан качкандардын көпчүлүгү «Жайшүл Махди» тыюу салынган экстремисттик уюмунун мүчөсү экендиги айтылды.
«Жайшүл Махди» экстремисттик уюму 2010-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандын аймагында кулачын жайган. Бул уюмдун мүчөлөрү Орусияда колго түшүрүү маалында каза тапкан террорчу Саид Бурятскийдин (Александр Тихомиров) жолун жолдоочулар. Уюмдун мүчөлөрү 2010-жылы Апрель окуясында күч түзүмдөрүнүн таланып-тонолгон куралдарынын айрымдары булардын колуна тийип калган. 2010-жылы 30-ноябрда бул уюмдун 12 мүчөсү Бишкек шаарындагы Спорт Сарайынын жанында жардыруу уюштурушкан. Мындан тышкары алар Бишкек ШИИББинин имаратын жардырууга аракет кылышкан жана Сокулуктан америкалык жаранды тоноого тиешеси бар. Ошону менен катар алардын огунан Октябрь РИИБинин 3 кызматкери каза тапкан. Уюмдун мүчөлөрүн жок кылуу учурунда Чүй облусунун Арашан айылынан «Альфа» атайын кызматкери да октон ажал тапкан. 2011-жылдын 18-июлунда Октябрь райондук соту «Жайшүл Махди» уюмунун активдүү 3 мүчөсү Бакыт Кенжегулов, Данияр Кадыралиев жана Эдил Абдрахмановду өмүр бою эркинен ажыраткан. Ал эми алардын шериктери 4 жылдан 23 жылга чейин камалышкан. Булардан башка да бул уюмдун мүчөлөрү бар же жок экендиги азырынча белгисиз.

«КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ӨЛҮМҮ ҮЧҮН ӨКМӨТ ЖООП БЕРСИН!»
Кылмышкерлердин жакындары маалымат жыйын өткөргөн соӊ 26-октябрда ЖАМКнын каза тапкан кызматкерлеринин тууган-уругу да коомчулукка кайрылды. Башынан оор жаракат алып, 3 күндөн кийин ооруканада каза тапкан Тилек Абылгазиевдин эжеси Гүлзат Молдожакыпова менен маектештик. Тилек Абылгазиев 2013-жылдын апрель айында «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин Нарын шаарындагы СИЗОдон чыгарылып кетишине аралашканы маалым.
– Энелер уулдарын канкорлордун колунан өлсүн деп эмес, элге кызмат кылсын, эл баатыры болсун деп тууган. Каза болгондорго «Эл Баатыры» деген наамдын кереги жок, себеби алар эми арабызда эмес. Бул наам алардын уул-кыздары үчүн, «атам баатыр болгон» деп сыймыктанып жүрүү үчүн керек.
Абактардын жетекчилиги көпчүлүк учурда түрмөдөн качууларды уюштуруп, өздөрү башында турат дегенге ишенем. Батукаевди өлөт-өлөт деп жатып өздөрү эле чыгарып жиберишти го. Менин иним Тилек Абылгазиев ошол күнү Нарындагы СИЗОдо жетекчилигинин суранычы менен нөөмөткө турган. Ал күнү башчысы кызматтык өргүүдө болсо, орун басары дагы бир шылтоону айтып суранып кеткен. Ордуна жооптуу катары иним калган. Батукаевди чыгарып кетип жатканда келип түшкөн буйрукту аткарып, Тилек кол коюп берген экен. Ал кезде иним бул «спектакль» атайын уюшулганын билген эмес. Албетте, мындан улам ал иштен айдалып, бир топко кызматсыз жүрдү. Андан соӊ ротация менен ушул №50-СИЗОго жиберишкен. Ошончо кызматкерден менин инимдин күзөтүндө кайрадан качуу болуп жатканынын өзү эле күмөн жаратат. Бул уюштурулган нерсе, өкмөт жана тиешелүү кызматтар жооп беришсин.

«БУЛ ОКУЯГА ЖАМКнын ТӨРАГАСЫ ТҮЗДӨН-ТҮЗ КҮНӨӨЛҮҮ»
ЖАМКнын ички коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев жогорудагы окуяга кимдер күнөөлүү экендиги тууралуу өз пикирин айтты:
– Мени таӊ калтырганы, кармалгандардын бардыгы террорчулар деп туруп аларды бир жерге чогултканы болду. Аларды өлкөбүздөгү түрмөлөргө чачыратып жибериш керек эле. Жанагы «№19-абак оӊдолуп жаткан» деген куру шылтоо. «ЖАМКнын кызматкери кылмышкерлерге камеранын каалгасын ачып берген» дешүүдө. Бул ар кандай ойду жаратат. Нөөмөттөгү кызматкер өз билемдик менен каалганы ача албайт болчу. Ага жогору жактан ач деген буйрук болгон. Эмне үчүн жакшынакай иштеп жаткан видеокөзөмөлдөр иштебей калат же аны текшерип, дароо оӊдошпойт? Электр жарыгы өчсө ошол замат кайра күйгүзө турган генератор алып коюшса болмок да. Ошондой эле абактан качуу пландалып жатканы тууралуу да маалымат түшкөн экен, бирок ага маани берилген эмес. Менимче, бул жерде айрым кызматкерлердин жеке кызыкчылыгы болгон.

«УУЛУМ АК ҮЙДҮ АЛДЫК ДЕП СҮЙҮНЧҮЛӨГӨН»
Ал эми Эдил Абдрахмановдун атасы Алымжан Абдрахманов уулу тууралуу буларга токтолду:
– Эдил түрмөдөн качкан соӊ 3 күн мага жолуга албай талаада ачка жүрүптүр. Акыры аны кошуна бала көрүп калып мага айтып, уулума жолуктум. «4 эмес, 1 да кишини өлтүргөн эмесмин. Жөн эле жалаа жаап жатышат. Баарына Кудай күбө. Ушинтип кыйналгыча мени милиция кызматкерлери өлтүрүп салсын деп оюнчук тапанча сатып алдым. Ата, мени өлтүрчү. Мени кармашса кыйнашат, тепкилешет» деп ыйлады. Экөөбүз талаада сүйлөшүп, ыйлап отурдук. Балам колго түшүп бер дегениме көнбөй качып кеткенинен айла жок милиция кызматкерлерин өзүм чакыргам. Уулум чындык үчүн күрөшүп, 7-апрелдеги революцияга активдүү катышкан. «Ата, Ак үйдү алдык» деп мага телефондон сүйүнчүлөгөн. Ошондо жанындагы балдар курал-жарак алышкан экен, Совет деген бала үйүнө автомат алып келип, Эдил мактанам деп аны менен видеого түшүп коюптур. Кийин Июнь окуясында өз ыктыяры менен Ошко барып, элге жардам берип келген. Артында 3 кичинекей баласы калды.
Бул чуулгандуу окуя Кыргызстанда терроризм коркунучу акырындап күчөп келе жатканын, укук коргоо органдарынын даярдыгы чабалдыгын көрсөтүп койду. Ошондой эле кылмышкерлердин качуусу кызыкчылыгы бар кимдир бирөөлөр тарабынан атайын уюштурулдубу деген суроо азырынча ачык турат. Жооптор окуя акыйкат тергелгенде гана табылат.

Маркум Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын кесиптештери, ИИМ жетекчиси да көзүнө жаш алып турушту.

Маркум Төлөбек Исмаиловдун артында 3 баласы калды.

Эдил Абдрахмановдун Саид Бурятскийге интернет аркылуу кайрылуу жасап жаткан учуру.

Достук кичи районундагы бул 3 кабаттуу үйдөн Алтынбек Итибаев жок кылынды.

Гүлжан Асанкожоева,
Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Иликтөө: №50-абактан кылмышкерлер атайын качырылганбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
edelveis0088
2015-11-02 13:55:16
бийликтин сасыган сассык оюну карапайым калкка тийип иритип жатат баары бир аллахтын адилеттуу таразы так болорун ошого жеткенде эмес ошо чейин билсего эхх замандаш...
+1
sale-81
2015-11-02 14:12:39
Маркум кызматкердин 3 баласы калдыыы дееп жазылдыы а тиги Итибаевдин, Жумалиевдин ж,б,дын артында кучуктор калыптырбы? кичине тараза керек да
+1
AlbertEnshtein
2015-11-02 21:41:39
ХХХХ колу бар деп жатышат го. себеби ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2015-11-03 11:11:46
AlbertEnshtein, кимдир бирөөнө жалаа жабууга тыюу салынган! Эскертүү!
0
Amor
2015-11-02 22:54:45
Мен ойлойм шайлоого карата бироону олтургону турмодон качырган.
0
Gulnaz.GS
2015-11-03 03:46:30
Бакиевдин кусуру Уруп атат.жакшы иштеген президентом кууп чыгып.мына ошонун айынан Эми.азыркы бийликтегилер озунун артын тазалаш учун.олтуруп атат
-2
AlbertEnshtein
2015-11-03 15:18:38
ойлоп корсонор булар баары жон туз жургон адам эмес экен. бири ак уйду алдык деп суйунчулоптур, биринде ак уй тонолгондогу дисктер бар экен. бул балдар революционерлер экен да. мына сага, оюнчуктай колдонуп, турмого тыгып,оозун жабыш учун керек болсо иттей атып салышты. эмне болгон кундо да туз жашаса, тигинтип тескери уюмдарга мучо болуп, курал кармап мактанса, озун эр сезип, анча мынча законду козго илбесе, жаман адамдар менен достошсо аягында ушул нерсе баарибир болмок.
0
AlbertEnshtein
2015-11-03 15:22:46
Менин тиги укук коргоочуларга бир суроом: 50-абакканага дайым кирип журушкон депутаттардын атын атагылачы, биз да билели. Балдар , каарылар уйуно, ооруканаларга кабар алып барбаган, турмодо эмне иштери бар экен. ошолор да бирнерсе билеери анык.
+3
Shokoladka94
2015-11-04 17:29:57
Иий ак жеринен куйгон болсо, жалаа менен олгон болсо Аллахым озу таразалаар. Олтургондор да Аллахтын алдына бараар!
0
Uzakova.Z.A
2015-11-06 17:29:24
Бийликтегилер эле уюштурушкан
0
delikan
2015-11-12 14:05:10
Мени таң калтырганы бычак менен чыккан кылмышкерге ок атышкан, тирүү эле кармап алышса болот. Бир жагынан сүйүнүп кетем кармалбай жеринде коз жумгандарга жакшы болуптур, антпесе кандай азаптар менен өлтүрүшмөк.
0
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан