ИШКЕР АЙЫМДАР СМС АРКЫЛУУ ӨЗҮНӨ КЕРЕКТҮҮ МААЛЫМАТ АЛА АЛЫШАТ

Кыргызстанда «Курак» айымдар форуму» коомдук бирикменин долбоору орун алат. Ишкерлик менен алектенген айымдар өз бизнестерин өнүктүрүү үчүн керектүү маалыматты СМС аркылуу ала алышмакчы. Бизнесвумен айымдардын бул кадамга барышынын себеби жана бул долбоор кандай иштээрин биздин гезитке «Курак» уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири, SIAR изилдөө агенттигинин жетекчиси Айнура Сагынбаева айтып берди.

«КУРАК» АЙЫМДАР ФОРУМУ» ЖӨНҮНДӨ...
-2012-жылы экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен Бишкекте Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын эл аралык экономикалык симпозиуму өткөн. Ага бизнес өкүлдөрү, мамлекет кызматкерлери жана башкалар катышкан.
Биз, бул симпозиумдун катышуучулары, ишкер айымдардын ассоциациясын түзүүнү чечтик. Максаты – бизнес менен алектенген жана алыскы аймактардагы ишкер айымдарды колдоо болуп саналат. Форумда ишкер айымдын кирешесинин дээрлик 90 пайызы кайра эле өлкө экономикасына (балдарына билим берүү, дарылоо, жеке чыгымдар) сарпталары өзгөчө белгиленген. Андыктан айымдын ишкерлик менен алек болушунан бардыгы утат: үй-бүлө, өлкө экономикасы жана өзү.

ЭМНЕ ҮЧҮН «КУРАК»?
-«Курак» деген аталышта философиялык маани бар. Курак – бул ар кандай кездемелерден жасалат. Биз дагы ар түрдүү сферадан, жаш курактан, жерденбиз. Биз ар кандайбыз, бирок максатыбыз бир. Жаратуу, түзүү, позитивдүү ой жүгүртүү жана ишке ашыруу. Үй-бүлө, жакындарыбыз, шаар, өлкөбүз үчүн аракет кылуу. Биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу потенциалы жогору болот.

ДОЛБООРЛОР...
-Өлкөбүздүн бардык облустарында ишкер айымдар жана бизнес менен алектенгиси келгендер үчүн маркетинг, кызматкерлерди башкаруу, финансылык сабаттуулук боюнча мастер-класс, тренингдер өткөрүлдү. Guest-house жана туризм менен алек болгондор үчүн өзүнчө консультациялар өтүлдү.
Ошондой эле эки конференция өткөрүп, анда региондордон келгендер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп өтүштү. Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер менен да активдүү иш алып барып, жаш таланттарды колдоону унутта калтырган жокпуз.

ИЙГИЛИКТЕР ТУУРАЛУУ...
-Ийгиликтер аз эмес. Алсак, гүлчөлүк айым квалификациясын жогорулатуу боюнча АКШдан стажировкадан өтүп келди. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Укей аттуу жаш дизайнердин мода көргөзмөсүн өткөрүүсүнө колдоо көрсөттүк. Клара, менчик бала бакчанын ээси, англис тилин окутуу боюнча инновациялык мультимедиалык методиканы ишке ашырууда. Азербайжан жана Кыргызстандын опера артисттери биргеликте өткөргөн «Кыргызстан Опералык» концерти жакында Бишкекте болуп өттү. Долбоорлорубуз ар кандай, куракка окшош жарык жана кооз.

РЕГИОНДОРГО КАНДАЙ МААЛЫМАТ ЖЕТИШПЕЙТ?
-Региондордо валюта курсу, качан Бишкектен мамлекет кызматкерлери келет, товарларга болгон баа, кандай тренингдер болуп жатат жана башка ушул сыяктуу маалыматтар жетишсиз.
Менеджмент, маркетинг боюнча суроолор көп берилсе керек деп ойлоп жатабыз. Өзүбүз аларга кандай маалымат бере алабыз эмес, региондорго кандай маалымат керек, ошону биринчи орунга коюшубуз зарыл.

ДОЛБООР КАЧАН СТАРТ АЛАТ?
-Долбоордун башталышы ноябрдын ортосуна пландалууда. Ал эми сайтыбыз жакынкы күндөрү иштеп баштайт. Сайт аркылуу айымдар бизге суроо узатып, кандай маалымат керек экенин билдире алышат.
Бир жылдын ичинде өздүк базаны эки эсеге көбөйтүп, миӊге жеткирүүгө аракет кылабыз. Алыскы аймактардагы ишкер айымдарга кичине болсо да жардамыбыз тийип, алардын жашоосун жакшырта алсак – ушул биздин жетишкендигибиз.

СМСтерди кабыл алуу үчүн аты-жөнүӊүздү, жашаган жериӊизди (шаар/айыл), иш тармагыӊызды 0552 55 24 25 номерине жөнөтүп коюӊуз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aitbubu1338
2015-11-02 11:19:22
Жакшы болот экен, смс мн маалыматты тезирээк алат экенбиз.
+1
Eli75
2015-11-02 11:29:35
Жакшы маалымат, сайттын аталышы кандай?
+1
ayva
2015-11-02 14:19:20
Алга кыргызымдын кыздары!
+1
tina-Tin
2015-11-02 16:16:47
Жакшы экен. Смс жонотуу бекерби?
+1
Pantherka
2015-11-06 14:52:59
30-40 сом болсо кымбат болот. Кадимки моб.операорлорлунун кызматындай болуп иштелбей калат.
0
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан