АЯЛЫН САБАП, МУЗДАК БӨЛМӨГӨ КАМАП ӨЛТҮРДҮ ДЕП КҮЙӨӨСҮ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Жакында 43 жаштагы адам аялын сабап өлтүрүп, кылмышын жабууга аракет кылган деп шектелип кармалды. Ага 5 баланы төрөп берген аялын сабап өлтүрүүгө эмне себеп болгонун төмөндө окуӊуз.

«7 ЖАШТАГЫ НЕБЕРЕМ КӨРҮПТҮР»
Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү Өзгөн РИИБине 64 жаштагы Датка Токсонбаева аттуу Кара-Кулжа районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 4 күн мурда «токко урунуп өлдү» деген кызы киши колдуу ажал табышы мүмкүн экендигин билдирген.
– 13-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында жашаган 38 жаштагы Гүлайым Пусуева аттуу кызым каза тапкан. Ал Кара-Кулжа районунун Жийде айылында туулган. Күйөө балам жана анын туугандары «түшкү саат 12лер чамасында нан жасап жатканда кокусунан электр меши жарылып кетип токко урунуп каза тапты» дешип, сөөктү ошол эле күнү жерге берип салышыптыр. Алгач күйөө баламдын айткандарына ишенип жаткам. Бирок кызым жерге берилгенден көп узабай, тагыраак айтканда, 17-октябрда алардын үйүнө барсам, күйөө балам жарылып кетти деп айтып жаткан электр меши жарылбай эле жакшынакай ордунда турат. Жүрөгүм бир нерседен шектенип балдарынан сурасам, кызымдын 7 жаштагы уулу «атам апамды ошол күнү сабап, муздак бөлмөгө камап салган. Мени жанына жолотпой койду» деди. Ошондон соӊ гана кызымдын сөөгүн кайрадан каздырып, бул ишти дыкат иликтеп берүүнү өтүнүп милиция кызматкерлерине кайрылдым. Күйөө балам менен кызым турмуш кургандарына бир топ жыл болгон, артында 5 баласы калды.

«АЯЛЫМ МАС БОЛУП ОЙГОНБОЙ КОЙГОНДО САБАП САЛГАМ»
Арыз ээсинин бул кайрылуусунан соӊ Өзгөн РИИБинин кызматкерлери маркумду кайрадан каздырышып, сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүшкөн. 21-октябрь күнү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анда маркумдун киши колдуу болуп каза тапкандыгы аныкталып, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Рахман Тургунбаев кармалган. Тергөө учурунда ал кылган күнөөсүн моюнуна алып, окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып көрсөтмө берген:
– 10-октябрь күнү болжол менен түшкү саат 12лер чамасында үйүбүздөн анчалык деле алыс эмес жерде жайгашкан үлүш жерибизге чөп чапканы барганбыз. Ал жактан чөп чаппай эле келинчегим жана анын курбусу үчөөбүз 2 бөтөлкө арак ичтик. Кечки саат 7 чамасында мас болуп уктап жаткан келинчегиме «тур, үйгө кетели» десем турбай койду. Анан ачуум келип ошол жерден ур-токмокко алсам, аялым эсин жоготту. Үлүш жерибизден үйүбүзгө чейинки аралык 150 метрдей. Коӊшу-колоӊдор көрүп калбасын деген ой менен аны үйгө чейин колунан сүйрөп келип толук курулуп бүтө элек, от жагылбаган муздак бөлмөгө жаткырып койдум. 2 күн жатты, 3-күнү карасам аялым кырылдап, жаны чыгып баратыптыр. Бул ишти жашыруу максатында аялымдын эски кийимдерин чогултуп келип, үстүнө, бут жагына үйүп туруп өрттөп жибердим да, өзүм талаага кетип калдым. Арадан 1 жарым сааттай убакыт өткөн соӊ кайра келип, «аялым нан бышырып жатканда ток уруп, күйүп калыптыр» деп кошуналарымды жардамга чакыргам.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КҮНӨӨСҮН МОЮНУНА АЛДЫ»
ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Рахман Тургунбаев аттуу Өзгөн районуна караштуу Адыр айылында туулган маркумдун күйөөсү кармалды. Учурда ал кылган кылмышын толугу менен моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө тастыктагандай, эгер маркумга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөндө, мүмкүн ал тирүү калмак.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Bereke10
2015-11-03 12:47:02
Тообоо, 2 кун муздак уйдо жатса, куйоосу го чыккан мыкаачы экен а 5 баласынын бироо да апасын издебедиби? Талаада аялын катуу уруп салган, ал эки кун озуно келе албай анан жан берген да. Болбосо жок дегенде уйуно жормолоп болсо да кирмек да. Акмак,канкор го куйоосу. Турмодо чирисин ылайым. Аялынын арбагы тынч уктатпасын. Эми балдары эмне болот? Деги адамдар эмне болуп баратышат?
+2
guljigit88
2015-11-03 16:33:35
Тообо кылдым кандай гана жан кейиткен окуя.
0
aylapa
2015-11-03 16:59:36
Келинчегинин курбусу себепчи болбоду бекен бул окуяга
+1
Izdeim_seni.
2015-11-03 22:11:54
3 кун кыйнабай доктур чакырса аман калат беле байкуш аял
0
azimova90
2015-11-04 03:43:20
Аллах жазаласын аялын кандай кыйналып олсо сага да ошондой ажал берсин.
0
Adilet12
2015-11-04 10:31:35
мыкаачылык кудаай Озун сакта
0
ainaz.ainaz
2015-11-04 11:33:47
Эркектин алсызы аялын урат.
0
Maral05
2015-11-04 13:08:12
Кудай жазасын берсин
0
happyduos
2015-11-04 15:38:40
эркектин арсызы аялына кол которот.беш баланын убалы уктатпасын.
0
snegurochka11
2015-11-04 16:38:54
"Аялымдын курбусу болуп учообуз"- дегени шек туудурат экен...
Тообо кылдым, Кудай сактасын!!! Эн канкор адамдар десе чычалайбыз, жырткычтар да мынчалык эмес!!!Аялы куйоосун, куйоосу аялын олтуруп,бейкуноо наристелерин олтуруп.... (((
0
adilbars
2015-11-04 21:36:20
Арактын тийешеси жок, мастын акылы соо. Озунун нийети бузулган да, болбосо эки кун кароосуз таштайбы. Мыкаачы, ыймансыз адам экен го. Акыретте жооп берсин да. Мындайларга бул дуйнонун жазасы аздык кылат.
+1
Akyikatbala
2015-11-05 17:40:47
уктап жаткан аялын да тепкилейби? андан коро жанына жатып алып чоогу уктаса болмок.
0
Mirona
2015-11-06 15:53:08
Ой ужас) ишеналбай кетем кееде) психологиябыз олду го)
0
Elizza
2015-11-07 12:23:32
Ой тообо кудай озу сактасын.Бул дуйнонун жазасы мындай мыкаачы адамдарга аздык кылат.
0
ailam14
2015-11-07 17:14:26
Аллахым бейишин берсин
0
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан