Австралия – дүйнөдөгү эӊ эсте калуучу жана сырдуу өлкөлөрдүн бири. Качандыр бир кезде кылмышкерлерди сүргүнгө айдоочу аймак болгон Австралиянын жашоо деӊгээли учурда дүйнөдө алдыӊкы орундарда турат.
Борбору – Канберра
Расмий тили – Австралиялык англис тили (англис тилинин австралиялык диалектиси)
Башкаруу формасы – Парламенттик монархия
Аянты – 7 692 024 чарчы чакырым (Кыргызстандын аянтынан 38 эсе чоӊ)
Калкынын саны – 24 миллиондон ашуун киши
Акчасы – Австралия доллары (50 сомго барабар)
СҮРГҮНГӨ АЙДАЛГАНДАР ТҮПТӨГӨН ӨЛКӨ
Атактуу саякатчы Жеймс Кук 1770-жылы Австралияны ачып, Улуу Британияга караштуу экендигин жарыялагандан көп убакыт өтпөй бул материк сүргүнгө айдоочу жер катары пайдаланыла баштаган. 1788-жылы материкке 11 кеме келген. Анын алтоосунда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, сүргүнгө айдалган 775 киши болгон. Жалпысы 160 миӊ адам материкке сүргүнгө айдалып, алар жаӊы өлкөнү түптөгөндөр болуп калган.
АНГЛИЯ ХАНЫШАСЫНА БАШ ИЙЕТ
Австралия – (расмий аталышы – Австралия союзу) толук бир континентте жайгашкан дүйнөдөгү жалгыз өлкө. Өлкөнүн аймагына материк жана ага жакын жайгашкан бир нече аралдар кирет. Аймагынын чоӊдугу боюнча дүйнөдө 6-орунда.
Конституция боюнча жогорку бийлик Англия монархына таандык, анын өлкөдөгү өкүлү генерал-губернатор. Мыйзам чыгаруучу бийлик 2 палатадан турган парламентте болсо, аткаруу бийлиги генерал-губернаторго жана өкмөткө тиешелүү.
КИШИ БАШЫНА БЕШТЕН КОЙ ТУУРА КЕЛЕТ
Экономикасынын көлөмү боюнча дүйнөдө 13-орунда жана ички дүӊ өндүрүмү боюнча 6-орунда турат. Калктын өнүгүү потенциалынын индекси боюнча дүйнөдө 2-орунда турган өлкө жашоо сапаты, ден соолук, билим берүү, экономикалык эркиндик, саясий укук жана жарандардын эркиндигин коргоо боюнча да алдыӊкы орундарда. Австралиянын ички дүӊ өндүрүмү Англия, Германия, Франция сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдөн бир кыйла жогору жана 1,57 триллион АКШ долларын түзөт. Нефть, жаратылыш газы, көмүр, темир сыяктуу кен байлыктарды өндүрөт жана экспорттойт. Австралия айыл чарбасы жөнгө салынгандыгы боюнча да алдына ат салдырбайт. Өлкөдө койлордун саны 123 миллиондон ашат. Мал чарбачылыгынан сырткары апельсин, алма, картошка сыяктуу жашылча-жемиштерди экспорттойт. Ошондой эле фармацевттик максатта апийим өстүрөт.
ЖАНЫБАРЛАРГА БАЙ
Континенттин көпчүлүк бөлүгүн чөлдөр жана жарым чөлдөр ээлеп турганына карабай Австралия өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрүнө бай. Мисалга, 20 миӊдей өсүмдүк түрлөрүнүн 90 пайызы башка континенттерде кездешпесе, сүт эмүүчүлөрдүн 84, канаттуулардын 45 жана балыктардын 89 пайызы эндемиктер. Австралиянын фаунасы жалгыз тешиктүү жаныбарлар (утконос менен ехидна), чөнтөктүү жаныбарлар (кенгуру, коала, вомбат), динго жапайы ити жана эму, какаду, кукабара жана башка канаттуулары менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле уулуу жыландардын эӊ көп түрү да Австралияны мекендейт. Мисалы, дүйнөдөгү эӊ уулуу жылан – тайпан жашайт. Анын уусу кобраныкынан 180 эсе күчтүү жана бир тиштегендегиси 100 кишини өлтүрүүгө жетет
АБОРИГЕНДЕР ДАЛЕ ТАШ ДООРУНДА
Австралиянын аборигендери планетадагы эӊ байыркы цивилизацияны түзгөндөр деп саналышканы менен, учурда байыркы таш доорундагыдай жашоо кечирген уруулар да бар. Өлкө экономикалык жактан ылдам өсүп жатканы менен, континенттин түпкү элдеринин көбү окуп-жазганды, заманбап адамдар колдонуп жүргөн буюмдарды пайдаланганды билишпейт. 1967-жылы гана аборигендер өлкөнүн ак түстүү калктары менен бирдей укукка ээ болгон жана ошондон кийин жашоосу оӊоло баштаган. Саны 550 миӊдин тегерегинде.
3 КҮНДӨ 12 МИӉ БИЛЕТ САТЫЛДЫ
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун алкагында Австралия менен Кыргызстандын курама командаларынын ортосунда 12-ноябрда Канберранын 25 миӊден ашуун көрүүчү батуучу GIO Stadium деген стадионунда беттеш өтөт. Маалыматтарга караганда, сатыкка түшкөндөн кийин 3 күн ичинде эле 12 миӊ билет сатылып кеткен. Уюштуруучулар стадиондун жок дегенде 95 пайызы толот деген ишеничте.
Биздин футболчуларды болсо Австралияда жашаган мекендештерибиз келип колдошот деген ишенич бар. Ошондой эле Кыргызстандагы туристтик компаниялардын бири атайын футбол күйөрмандары үчүн Сиднейге 6 күндүк тур уюштурууда. Бишкек-Сидней-Бишкек багытындагы учак билетинин баасы 1209 доллар. Кыргызстандан Австралияга баруу үчүн виза талап кылынат.
АВСТРАЛИЯНЫН ЭЛИ ЭӉ КУМАРПОЗ...
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg