КҮНҮМДҮК ЖАШООДО
Фотобомба – бул өзгөчө сүрөттөр деп койсо болчудай. Мындай сүрөттөрдө адатта сүрөткө түшкөн объект өзү эмес, тескерисинче, анын фону кызыктуу болот. Башкача айтканда, бир сүрөткө досуӊуз менен түшсөӊүз, бирок силердин артыӊарда кимдир бирөө байкатпастан өӊүн өзгөртүп тамашалап же дагы бир кызыктуу нерсе жасап жибергени кадрга илинип калса, бул – фотобомба. Андай сүрөттөр бардыгыбыздын эле сүрөт альбомдорубузда болсо керек.
Социалдык тармактарда белгилүү адамдар катышкан фотобомбалар популярдуу. Маселен, режиссёр Стивен Спилберг менен актёр Жерри Сайнфелд сүрөткө түшүп жатканда анын артынан пайда боло калган актёр Жорж Клуни мыкты фотобомбанын жаралышына себепкер болгон.
КОСМЕТОЛОГИЯДА
Крем-филлер – бул беттеги бырыштарды жок кылуу үчүн колдонулуучу крем. Filler – сөзү англис тилинен которгондо «толтуруучу» деген маанини берет. Айымдарга абдан керек болуучу бул кремдин курамында косметологияда бырыштарды жазуу үчүн кеӊири колдонулуучу гиалурондук кислота бар. Андыктан кремди жүзүӊүзгө шыбагандан кийин эле аз убакытта таасир берет. Бул крем бырыштарды жазуу үчүн колдонулуучу уколдорго альтернатива катары чыгарылганы айтылып жүрөт. Учурда косметика сатуучу айтылуу бренддердин дээрлик бардыгы крем-филлер сатып жатканы ага болгон талап жогору экенин көрсөтөт.
ИНТЕРНЕТТЕ
Лол (LOL) – бул акыркы учурда интернет же уюлдук телефон аркылуу кат алышууларда кеӊири колдонула баштаган сөз. Ал англис тилиндеги «laughing out loud» деген сөздөрдүн кыскартылып айтылышы, кыргызчага которгондо «каткыруу» же «үндү бийик чыгарып күлүү» деген маанини берет. Демек, LOL кат алышууда адамдын эмоциясын чагылдыруучу сөз деп айтууга болот. Башкача айтканда, кимдир бирөө сизге кат жазып, анда LOL деген сөздү колдонгон болсо, анда кат жазган адам каткырып жатат деп түшүнүӊүз. Баса, LOL сөзү англис тилинин айтылуу Чоӊ Оксфорд сөздүгүнө жаӊы сөз катары киргизилген.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg