«Кайсы жериӊ ооруп жатат?» десе, көпчүлүгүбүз «ичим» деп чектелебиз. Ошол биз билбеген кайсы органыбыз ооруп жатканын так аныктап, дарылап бутубузга тургузган гастроэнтерологдор тууралуу баяндайбыз. Каарманыбыз Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун хирург-гастроэнтерологу, доцент Дүйшөмбү Сыргаев.
ДАРЫГЕРДИН ИШИ МЕНЕН ЖАКЫНДАН ТААНЫШУУ
Мен барган убакта каарманыбыз оорулууларды карап көрүү үчүн камданып жаткан экен. Чогуу жөнөдүк. Адегенде жаӊы түшкөн бейтап жаткан палатага баш бактык. Ичин баскылап, кармалап көрүп жаткан дарыгерге 59 жаштагы бейтап:
– Түндө үйдө кой сойгонбуз. Кан басымым жогору болгону үчүн майлуу деле жечү эмесмин. Анан эт бышканда бир кулагы менен бир көзүн жедим. Ошондон көп өтпөй жаман болуп, сыртка чыктым. Аӊгыча кан кусуп жибердим,- деди. Врач аны көрүп болгон соӊ мээрман айымга кандай текшерилүүдөн өткөрүүнү жана керектүү дары-дармектерди дайындады. Кийинки палатадагы 35 жаштагы аял Ак-Суу районунун ооруканасынан өтүн алдырган. Операциядан кийин 3-4 күн өтпөй денеси саргая баштап, дарыгерлер борборго жөнөтүшкөн. Врачтын айтымында, ал жактагы хирургдар операция кезинде өт жолун кошо бууп салышкан. Хирург ал катасын моюнуна алып, Дүйшөмбү Сыргаевге кабарлаган. Мында кайрадан операция жасалып, аялдын абалы азыр жакшы.
Дагы бир бейтап боордун циррозунан жапа чегип, ич көӊдөйүнө суу толуп келген. Ичинен 17 литр суу сордурулуп алынган. Азыр деле ичинен 6-8 литрдей суу чыга тургандай томпоюп турганын көрүп баш чайкадым.
Мына ушундай оорулуулардын ар бири менен жакын адамындай маектешип, дарылап, кеӊешин айткан врач менен анын кабинетинде маектештик.
«БЕЙТАП ОПЕРАЦИЯДАН ЧЫКПАЙ КАЛСА, ХИРУРГ ҮЧҮН ТРАГЕДИЯ»
– Врачтык кесипке жөн жерден келбесеӊиз керек?
– Атам ата мекендик согуштун катышуучусу болгон. Мен анын 61 жашында көргөн баласымын. Атам кан майдандан өпкөнүн кургак учугу менен ооруп келип, убак-убагы менен дарыланууга аргасыз болду. Ал кезде кичине экендигиме карабай врач болсом, атамды өзүм айыктырат элем дечүмүн. Ошол таасир врач болууга жеткирди. Мына, иштеп жатканыма 35 жыл болду.
Гастроэнтеролог бул – тамак-ашты сиӊирүүчү органдардын оорусу боюнча адис. Башкача айтканда, кызыл өӊгөчтөн тартып, ашказан-ичеги, боор, өт, уйку бездерине чейинки ооруларды жана аларды айыктыруу жолдорун билиши керек. Жумушка эртеӊ мененки 7де келип ооруларды карап чыгам. Кечки саат 5терде барып бошойм.
Улуттук медициналык академиянын госпиталдык хирургия кафедрасында да эмгектенгендиктен чет элден келген студенттер үчүн лекцияны англисче окушум керек. Андыктан ал тилди 50 жашымда үйрөнө баштагам.
– Катуу ооруп келгениӊде ак халатчандар Кудайыӊдай эле көрүнөт. А сиздерде кандай кыйынчылыктар, түйшөлүүлөр болот?
– Кээде операция үчүн түн жарымда чакыртышат. Чоӊ операцияларда 6-7 саат тикеӊден тик турасыӊ. Таманыӊ ачышып, бели-бутуӊ уюп, чарчайсыӊ. Бирок адамдын өмүрү колуӊда турса, жакындары Кудайга жалынып сыртта турса, сенин чарчаганга акыӊ жок. Кээде бейтаптар бир эле кезде 2-3 жери ооруп, же кырсыктап оор абалда түшөт. Кантип айыктырсам деп күн-түн ойлонуп жатып, акыры бир жолун табасыӊ. Эртеӊ менен келгенде эле ошондой оор оорулууларга чуркайм. Жакшы болуп калдым десе, семире түшөм. Бейтапка канчалык жакшы мамиле жасасаӊ, ал сага ошончолук ачылып, баарын айтып берет, сага ишеними жаралат. Ишеним бул – жарым дарылап, айыктыруу. Кээде оорусу өтүшүп кеч келгендер жолугат. Андайга операция да жардам бербей турганын сезип, «кап, эрте келсе эмне?!» деп жаныӊ ачыйт. Жок дегенде өмүрүн узартуу үчүн жандалбастайсыӊ. Бейтап кокус операция столунан чыкпай калса, анда хирург үчүн трагедия.
– Боор, уйку безин, ашказанды кесип салуу деген сиздерде адаттагы көрүнүш болсо керек?
– Эгер текшерүүнүн жыйынтыгы ошону талап кылса, кеспешке айла жок. Боордун 30 пайызы таза, аман болсо адам жашап кетет. Уйку бези чирип баратса да, 15-20 пайызын сактоого аракет кылабыз. Көк боордун 5 пайызы калса адамдын өзүнүн ич майына ороп туруп, ордуна тигип коёбуз. Бул үч орган акырындап өсүп, 1 жылда калыбына келип калат. Ашказан жарадан, шишиктен улам жарабай калганда алынып салынып, кызыл өӊгөчтүн башы түз ичегиге туташтырылат.
«ӨЗҮМДҮ АЙЫКТЫРУУ КЫЙЫНГА ТУРДУ»
– Элди дарылаган врачтын өзүнүн ооруп калган кездери болсо керек?
– 1987-жылы бир эле кезде катуу сасык тумоолоп, шашылыш операция кезинде ийне менен колумду сайдырып алып, сарыкты да жугуздум. Ал аз келгенсип апам каза болуп калды. Оорулар менен стресс биригип, уйку безиме да таасир бергенин, дароо чара көрүү керектигин сездим. Бирок апамды акыркы жайына узаткыча убакыттан уттуруп, кант диабетинин алдын ала албай калдым. Ошондон бери ал оору менен алышып келем. Кант диабетинин айынан бир бутум кыскарып, көзүмдүн көрүүсү абдан начарлады. Москвага барып, көзүмө операция жасаттым. Минтип бир нече ооруну башымдан өткөргөн жаным анан бейтаптарды кантип жакыныӊдай карабай коё аласыӊ?
– Акыркы учурларда кайсы оорулар менен көп түшүүдө?
– Ичимдиктин айынан келип чыккан боордун циррозу жаштар арасында көп кезигүүдө. Ичимдикти маданияттуу ичүү дегенди элибиз өздөштүрө электиги өкүндүрөт. Жапжаш туруп кан кусуп келишет. Анткени боордун циррозунда кызыл өӊгөчтүн кан тамырлары жооноюп кетет. Анан кичине эле күч келсе жарылып, адам кан куса баштайт. Боордун альвеококкоз оорусу да жайылып баратат. Азыр бул оору менен 7-11 жашар балдар да операция болууда. Муну альвеококк мите курту козгоп, иттен, жапайы жаныбарлардан жугат. Малдын ичинде мите курттары бар ыйлаакчаларга толгон боорун итке ыргыткандар ооруну итинен кайра өздөрүнө жугузуп алышат. Стресс, майлуу, таттуу тамактардан улам уйку безинин оорусуна чалдыккандар көп. Фаст-фуд менен достошкондор гастрит, ашказан жарасына чалдыгышууда. Ошондуктан адамдар жашоого сергек карап, туура тамактанып, оорулардан өзүн жана балдарын сактап, ооруса дароо келип дарыланса дейсиӊ. Врач дарылаганы менен, ал Кудай эмес экендигин унутушпаса.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg