Кыргыздын үйүндө жакшылык болсо, бүт айыл-апа, куда-сөөк, тууган-урукту чакырып дүӊгүрөтө той берип, элдин батасын алган адат бар. Эч кимди той өткөрбө деп айта албайбыз, бирок тойдон кийин төгүлгөн табак-табак тамактарды, башы менен жер казып иштеп жүрүп тапкан акчасынан заматта кол жууган адамдарды көрүп, элдин аӊ-сезимин башка нукка бургуӊ келет.
ТОЙДУН КЕСЕПЕТИНЕН ЖАПА ЧЕККЕНДЕР
Чет жерде ысык-суукта, ач-ток жүрүп акча тапкан мекендештерибиз көп. Мекенине келгенде тапканына чоӊ той берип, «баланча кыйын той берди» атка конот. Кыйналып тапкан акчасы 1-2 күндө асманга сапырылып, акчалуу кези сүрөттөрдө гана сакталып калат. Жашоо үчүн балдарды жалдыратып көрүнгөндүн колуна тапшырып, кайрадан акча издеп жер кезмей...
Той өткөрөт элем деп ашыкча мүлкүн, алтын-күмүшүн күрөөгө коюп, кайтарып ала албай бозоргондор...
Банктардан насыя алып той өткөрүп, көп убакыт ал карызды жоём деп баш көтөрбөй иштегендер...
Чогулткан акчасына үй алуунун ордуна той берип, өзү өмүр бою квартирада жашагандар...
ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙДУ КАНТИП САРАМЖАЛДУУ ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК?
Транспорт
Лимузинден башка, өзүӊүздүн же тааныштардын машинасын колдонуӊуз.
ЗАГСка аз сандагы адам, өз унаасында келгидей болсун. Жакшысы бир кичи автобус жалдаӊыз.
Кафе
Шаар четиндеги кафелер арзан болот.
Жаӊы ачылып, кардар топтогусу келген кафелер менен да арзан баада сүйлөшө аласыз.
Чакан кафеге фуршет даярдап, курбу-достордун гана курчоосунда той өткөрсө болот.
Тамаданы жакшы сүйлөгөн тааныштардан шайлаӊыз. Конокторду ырдатып, ырчы-чоорчу жалдап коромжу болбой эле коюӊуз.
Фото+видео+гүл
Слайд-шоу үчүн күнүгө телефонго бир нече кадрга сүрөткө түшүп, чогулта бериӊиз.
ЗАГСка оператор менен фотографты 1 күнгө эмес, 2-3 саатка гана жалдаӊыз. Кечкисин кафеге да белгилүү гана убакытка чакырсаӊыз арзан түшөт.
Колуктунун гүлүн базардан алып, колго жасаса арзан түшөт.
АШЫКЧА ТОЮП АЛУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИ
Тойго баргандан кеткенге чейин "жакшы тамак калганча жаман курсак айрылсын" деген принцип менен ооз тыйылбай тамак жейбиз. Бирок ашыкча тоюп алуу ден соолукка зыян экенин дагы бир жолу эске сала кетсек. Эгер ден соолукка зыян болсо, ашыкча коромжу болуп стол титирете тамак-аштын түрүн коюунун кажети барбы?! Чоӊ адамдын ашказанынын көлөмү 0,5 литр, тамак ичкен соӊ 1 литр, көп жегенде 4 литрге чейин чоюлат. Тамак оор, жеӊилине жараша 1 сааттан 4 саатка чейин сиӊет. Өлчөмүнөн көп тамак жегендин кесепеттерине көз салсак:
Жүрөк. Көп жегенде тамак сиӊирүү органдары чоӊоёт, натыйжада организмди жетиштүү өлчөмдө кан менен камсыз кылуу үчүн жүрөккө күч келет. Кан басым оорулары жаралат.
Боор. Майлуу тамакты көп жегенде боор сиӊирип, иштетип үлгүрбөй калат. Натыйжада ички органдардын баары жабыркайт. Гастрит, ашказан жарасы, холецистит, панкреатит оорулары жаралат.
Ашыкча салмак кошуу. Толук адамдардын организминде зат алмашуу, гормондордун айлануусу бузулат. Натыйжада тукумсуздук, төрөй албоо сыяктуу оорулар келип чыгат. Андан сырткары омурткага күч келип, муун оорулары да жаралат.
БИР СТОЛГО КЕТЧҮ АЗЫКТАРДЫН ӨЛЧӨМҮ
Кафеге 1 адамга 700 сомдон жогору акча төлөнөт. 1-2-тамак, 1 же 2 салаттын түрү ошол акчанын эсебинен берилет. Этти той ээси каалагандай өлчөмдө өзү алып келет.
Дасторконго эмне азыктар, канча өлчөмдө кетери тууралуу негизги менюну кафелердеги тажрыйбалуу администраторлор түзүп берди.
КОӉШУБУЗДА...
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кедей өлкөнүн калкы той үчүн бүтүндөй өлкөнү кризиске алып келчүдөй сумма короторун сынга алып, бир катар чектөөлөрдү киргизген. Алсак, аталган өлкөдө кызмат ордун, наамдарды «майлоого» тыюу салынат. Мектепте уюлдук телефон көтөрүүгө, окуучуларды жеке менчик машинада алып келип, алып кетүүгө болбойт. Үйлөнүү той дем алышка туура келип, тойго келгендердин саны 150 кишиден ашпай, жаш жубайлардын кортежи 4 унаадан көп болбошу шарт.
Ал эми маркумдун кыркылыгына келгендердин саны 80-100дөн көп болбой, аларга бир гана тамак берилет. Эгер жогорудагы эрежелер бузулса, 580-2900 АКШ долларына чейин айып пул төлөшөт.
ТОЙЛОРДОГУ ЫСЫРАПКОРЧУЛУК ТУУРАЛУУ
Эмил Үмөталиев, «Kyrgyz Concept» компаниясынын президенти: «Айрым аткаминерлер той-топурду бизнес кылып алышкан. Шылтоо менен той өткөрүшөт, кошоматчылар тойго кошумча деп пара беришет. Ошентип чыгашасынан кирешеси көп болот. Колунда жок адам той берсе кошумча кайдан түшсүн, алар карызга белчесинен батышат.»
Имангали Тасмагамбетов, Казакстандын Коргоо министри: «Үйлөнүү той атылган салюттардын жарыгы менен эсте калбайт. Негизгиси, эки жаштын бактылуу жашоосу. Тойго кеткен акчаны саякатка, үй ичине эмерек же аялыӊызды, балдарыӊызды салып жүрчү машина алууга жумшаса болбойбу?!»
Самат Исламов, интернет колдонуучу: «Канчалагандар үйлөнүү тоюнан кийин жылдап карыз төлөшөт. Канчасы дүӊгүрөтө той бергенден кийин ажырашып кетип жатышат?!»
rnurzida, super.kg порталынын колдонуучусу: «Бүгүн жумушта 25 адамга банкет бар экенин билчүмүн, бирок үйлөнүү той өтөрүн билген эмесмин. Орустардын ушунусу жакшы, чакан гана той кылып коюшат. Бизге окшоп ысырапкорчулук кылбай...»
Асыл Орозбекова
koom@super.kg