ЭМНЕ ҮЧҮН БАЗАЛЫК СТАНЦИЯНЫ ТУРАК-ЖАЙЛАРГА ОРНОТУУГА БОЛОТ?

РАДИОФОБИЯ ЖЕ МААЛЫМАТТЫН ЖЕТИШСИЗДИГИ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?
Коркунучтар жана шектенүүлөр тууралуу:
Телекоммуникациялык компаниялар көп учурда мобилдик байланыш базалык станцияларын турак-жайларга орнотулгандыгы үчүн жергиликтүү калктын сынына кабылышат. Бул сыяктуу радиотехникалык объектилердин нурлануусу ден соолукка жана табиятка зыян келтирүүсү мүмкүн деген ишеним көпчүлүктүн көӊүлүн уялап алгандай. «Биздин үйүбүздүн жанына уюлдук түйүнүнүн базалык станциясы орнотулганына байланыштуу ден соолугубуз начарлап кетти. Жабдууну алып таштоону талап кылабыз» деген мүнөздөгү арыздар байланыш операторлорунун, профилдик уюмдардын даректерине жана ММКга көп ирет келип түшөт.

ЭКСПЕРТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫНА ТАЯНСАК
Бул жаатта биз эксперт катары санитардык көзөмөлдөө адистерине жана MegaCom компаниясынын Түйүндү оптималдоо жана өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Нурлан Курманбаевге кайрылууну эп көрдүк. Анын төмөндөгүдөй ойлоруна күбө болдук:
– Бул акылга сыйбаган маалымат болушу мүмкүн. Жыл сайын базалык станциялардын нурлануусунун кубаттуулугу төмөндөшү байкалууда, анткени алар жыл сайын азыраак аймакты тейлеп келет. Бул нерсе базалык станциялардын туруктуу негизде көбөйүүсүнө байланыштуу. Жогорку ылдамдыктагы интернет кызматын камсыздоого керектелген түйүндү өркүндөтүү жана каптоо аймагын кеӊейтүү үчүн жаӊы базалык станцияларды жана өткөргүчтөрдү орнотуу талап кылынат. Себеби уюлдук байланыштын жаӊы стандарттагы сигналдарынын имараттарга жана жер төлөлөргө өтүү кубаттуулугу азыраак. Аталган иш-чаранын жыйынтыгында абоненттерге жогорку ылдамдыктагы мобилдик байланыш кызматтары гана жеткиликтүү болбостон, көрсөтүлүп келе жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт,- деп түшүндүрмө берди Нурлан Курманбаев. – Баса, бул биздин компаниянын гана базалык станцияларына тийиштүү болбостон абоненттердин уюлдук телефондоруна дагы тиешеси бар. Бир эле убакытта сигналды өткөрүүчү жана кабыл алуучу болгон түзмөктөр дагы толук кубаттуулукта иштебейт.
Өлкөбүздүн калктуу аймагын 98 пайызга чейин каптоосун камсыздоо менен MegaCom компаниясы уюлдук каптоо боюнча алдыӊкы орунда. Түйүндү тыгыз каптоо менен мобилдик байланыш сигналынын туруктуулугу камсыздалат.

НЕГИЗСИЗ КОРКУНУЧТАР
Чатырдагы базалык станцияны тез арада алгыла!
Бишкек шаарынын жаранынын кезектеги арызы санэпидемкөзөмөлдүн көз карандысыз адистеринин келишине себеп болду. «Жакынкы аралыкта биздин үйдүн чатырындагы жайгашкан базалык станцияга компаниянын техникалык кызматкерлери кошумча антенна орнотту. Бул оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн» деп арыздануучулар жазган жана ден соолукка коркунучу бар жабдууну алып таштоону суранышкан.
Атайын шаймандар менен барган эксперттер тынчсызданган жарандарга уюлдук байланыштын радиоактивдүү нурлануусу тууралуу калыптанып калган жаӊылыштыктар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Компаниянын кызматкерлери ошол замат чогулгандардын көзүнчө станциянын нурлануусунун жыштыгын ченөө иштерин жүргүздү. Ченөөнүн жыйынтыгы жакынкы аралыктагы жаӊыланган базалык станция адам өмүрүнө коркунуч алып келбей тургандыгын далилдеди. Шайман нурлануу көрсөткүчтөрүнүн аздыгын көрсөттү. Ал эми электромагниттик толкундардын кубаттуулугу чарчы сантиметрге 10 микроваттан ашпаганы, уруксат берилүүчү ченемден бир нече төмөн экендиги билинди.
Абоненттерге радиацияга байланыштуу коркунуч жоктугун жана базалык станциялар электромагниттик энергия нурун бөлүп чыгара тургандыгын түшүндүрүштү. Мындай
нурларды тиричилик техникасынын көпчүлүгү иштеп чыгат. Маселен, сыналгы, микротолкундуу меш, компьютер. Орнотууда санитардык-гигиеналык шарттар туура аткарылган учурда базалык станциялардан чыккан нурлар биринчиден, жүз эсе аздык кылат, экинчиден, алар толугу менен коопсуз болот.

КООПСУЗ МОБИЛДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР
– Биздин адистер тарабынан алгач базалык станция орнотулуучу жер жарактуулугуна көӊүл бурулат,- деп сөзүн улантты MegaCom компаниясынын Түйүндү оптималдоо жана өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Нурлан Курманбаев. – Себеби белгилүү бир эсептөөлөр жана көрсөткүчтөр бар. Биз аларды негиз катары алабыз. Мисалы, кандай аймакты каптоо жана түйүндүн канчалык сыйымдуулугун камсыздоо керек. Бул жерде сигналдын өтүү жолунда тоскоолдуктар болбойбу деген суроого да өзгөчө маани беребиз. Эгерде кайсы бир имараттын чатырына биздин жабдуу орнотууну пландаштырган болсок, ошол эле деӊгээлдеги бийиктикте сигналдын өтүшүнө тоскоолдук кыла турган имарат болсо, анда биз теориялык эсептөөлөрдөн соӊ антеннабыздын багыт алган азимутун өзгөртөбүз. Шарттар биздин милдеттерибизге шайкеш келбеген учурда базалык станцияны орнотпойбуз. Тилекке каршы, азыркы учурда Мамлекеттик байланыш агенттигинин берген маалыматына ылайык, өлкөбүздүн жүздөн ашуун калктуу конуштары байланыш кызматтары менен камсыз болгон эмес. Аталган аймактардан, райондордон жыл сайын базалык станция орнотуп берүү өтүнүчү менен каттар келип түшөт. Тургундар жабдууну орнотууга акысыз негизде жер берүүгө жана базалык станцияны курууга жардам көрсөтөрү тууралуу билдиришет. Аталган райондордо коммуникацияга жетки болбогондуктан куруу иштерин жүргүзүү үчүн көп каражат керектелет.
MegaСom компаниясы жыл сайын мындай райондорго көӊүл бурат жана бир нече айылдарды уюлдук байланыш кызматтары менен камсыз кылып келет. Жыл сайын 3G каптоосу орнотула элек жерлерден, үчүнчү муундагы технологиясын ишке киргизүү өтүнүчү менен каттар келип түшөт, ошондуктан биздин компания жаӊы технологиядагы каптоо аянтын кеӊейтүүнү жана мобилдик байланыш кызматтарынын жаӊы стандарттарын чоӊ гана шаарларда ишке киргизбестен, аз калктуу айылдарды камсыздап келет.
Базалык станциялардан бөлүнүп чыккан нурлар тургундардын ден соолугуна зыян алып келбей тургандыгы жана радиацияга кабылуу тууралуу пикирдин чындыкка дал келбей тургандыгы анык. Бул ойлоп табылган түшүнүк. Турак-жайдын чатырына орнотулган антенна ден соолукка эч кандай коркунуч алып келбегендиги чындык.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
dav312
2015-11-05 23:05:42
ушу элге тан калам да жакшы иш жазап жатса элге шарт тузуп берип жатса аны жамандап ага карышы чыгат аларда жазабай койсо даттанышат бизде интернет жакшы иштебейт 21 кылымда жашап туруп жакшы суйлошо да албайбыз деп кыргыздардын ушундай эки жуздулугунон олко онукпой жаткандыгы анык
0
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан