ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (2-ноябрдан 8-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта башында психикалык да, кара күчтү да талап кылган жумуш чыгат, буга байланыштуу «тикенектериӊиз» чыгып, эч нерсени жактырбай каласыз. Кыйын кырдаалда досторуӊуздун жардамына кайрылыӊыз. Ал эми жуманын экинчи жарымы өз жемишин берип, капчыгыӊыз калыӊдайт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул күндөр аралыгында жаныӊыздагылардын кимиси кошоматчы, кимиси чыныгы дос экенин аныктачу кырдаал болот. Шаршемби, бейшембиде иш сапары менен башка аймакка чыгышыӊыз мүмкүн. Бойдокторду жаӊы таанышуулар күтөт, бирок бул таанышуу достук мамилесине гана өсүп жетет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүнү көӊүлсүз тосуп аласыз. Бул кырдаалдан достор менен жолугуп, көӊүлдүү кеч өткөрүү менен бат эле чыгып кетесиз. Аптанын экинчи жарымы жаӊы идеяларды ишке ашырууга ылайыктуу, «алма быш, оозума түш» деп отура бербеӊиз. Дем алыш күндөрү жылуу үйдө, жакындарыӊыздын кашында болгонуӊуз оӊ.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптаны билимиӊизди, дүйнө таанымыӊызды кеӊейтүүгө арнасаӊыз, келечекте көп пайдасы тиет. Кайсы бир долбоорлор боюнча келишим түзөм, той-топур өткөрөм дегендер жума, ишемби күндөрдү туураласа болот. Жекшембиде базар аралашыӊыз мүмкүн, керектүү да, керексиз да буюмдарды сатып ала бербей, ашыкча коромжу болуудан сактаныӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Кыймылсыз мүлк сатып алуу алдында турсаӊыз, тажрыйбалуу адамдардын кеӊешине кулак түрүӊүз. Антпесе алданып калуу коркунучу бар. Аптада жумушуӊуздан тажап, үй-бүлөлүк иштер менен алек болууну туура көрөсүз. Эмгек өргүүсүн алып, жаӊы энергия, идея топтогонго аракет кылыӊыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта сизден баш көтөрбөй эмгектенүүнү талап кылат. Натыйжада жумуш ордуӊуз бекемделип, кесиптештер арасында кадыр-баркка ээ болосуз. Ашказан, боор оорусу барлардын дарты козголушу мүмкүн, жеӊил тамак-ашка өткөнүӊүз оӊ. Дем алыш күндөрү жакындарыӊыз менен сейилдеп, кинотеатрга баруу сунушталат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта бойдоктордон активдүүлүктү талап кылат, анткени жаӊы таанышуунун аягы никеге жеткириши мүмкүн. Жумуштагы кыйынчылыктардан качпай, убагында чечкенге аракет кылыӊыз. Жекшембиде достордон чакыруу түшөт, кийинки аптаны жакшы маанай менен тосуп алам десеӊиз, чакыруудан баш тартыӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
«Жалгыз дарак бак болбойт» дейт, андыктан кандай иш баштасаӊыз да жаныӊыздагылардын кеӊешине таянганыӊыз жакшы. Аптанын биринчи жарымында материалдык абалыӊыз жакшырат, аласа-береселерди такташууга ылайыктуу учур. Дем алыш күндөрүн шаӊдуу компаниянын курчоосунда өткөрөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбү, шейшембиде сиздин чечимиӊизге жараша ишиӊиз алга жылат же токтойт. Туура чечим чыгарганга аракет кылыӊыз. Кесиптештер менен түшүнбөстүктүн айынан чырдашып кетишиӊиз мүмкүн, сабырдуу болуӊуз. Ичте толгон букту чыгаруу үчүн эс алуу күндөрүн жаратылыш коюнунда өткөрүү сунушталат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өзгөрүүгө убакыт келди. Адаттарыӊызды өзгөртүӊүз, жаӊы адамдар менен таанышыӊыз, мурда барбаган жерлерге барып, жасабаган нерселерди жасаӊыз. Мындай кадам күнүмдүк тажатма жашооӊузга көрк берет. Апта жумуш тармагында жылыш тартуулабайт, андан көрө үй-бүлөӊүзгө көӊүл буруӊуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада майда-барат жумуштар сиз ойлогондон көп убакытты алып, көзгө толорлук жумуш бүтүрбөйсүз. Күздөгү той-топурлар чөнтөгүӊүздү бир топ эле жукартат. Апта аягында энергияӊызды үнөмдөп, иммунитетти чыӊдоого аракет кылыӊыз.|

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумушта кайсы бир маселени чечүүдө ички туюмуӊузга таянсаӊыз жаӊылбайсыз. Бирөөгө ишенип сырыӊызды айтпаӊыз, кайра сизге каршы колдонулуп калышы ыктымал. Дем алыш күндөрүн үй-чарба иштерине арнаганыӊыз туура болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 678, 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан