Ош шаарында эстакадалык көпүрө курулуп бүтүп, колдонууга берилди. 27-октябрь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев көпүрөнүн үстүнөн оор жүк жүктөлгөн унаалар өтүп жатканда анын алдында турду. Шаар башчы өз жон териси менен сыноону баштан өткөрүү аркылуу көпүрө сапатсыз курулуп калды дегендерди ишендирүүгө аракет кылды. Эртеси 28-октябрь күнү өлкө башчы Алмазбек Атамбаев көпүрөнүн ачылышына катышып: «Ош шаарында эстакадалык көпүрөнүн ачылышы маанилүү окуя. Бул көпүрө достуктун көпүрөсү болууга тийиш»,- деди.
Президент көпүрөнүн курулушу башталган чакта Ош шаарынын мэри болуп турган Мелис Мырзакматов тууралуу да сөз козгоп өттү. «Мырзакматов менин ага ата болушумду суранган, бирок ал жаман жолго түшүп алып мени каралай баштады. Жыйынтыгында жолунан адашты, аны Жараткан жазалады. Ал мэр болуп турган жылдары мэриянын эсебинен бир дагы объект курулган эмес. Бардык курулуштарга республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн»,- деди өлкө жетекчиси.
Көпүрөнүн узундугу 265 метр, туурасы 24 метр, бийиктиги 5,5 метрди түздү. Жалпысынан курулушка 560 миллион сом коротулган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg