26-октябрь күнү Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ Кыргызстанга атайын иш сапары менен келип кетти. Президент Алмазбек Атамбаев премьер менен япон тилинде «коничива» деп саламдашып: «Эки жыл мурун бизди Японияда жылуу кабыл алганыӊызга ыраазычылык билдирем. Ал жактан сакура алып келип отургузган элек. Бишкекте сакуранын өсүп кетишин жакшы жөрөлгө деп ойлойм»,- деди. Япон премьери президент Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. «Биз демократиянын жалпы баалуулуктарын теӊ бөлүшөбүз»,- деди Синдзо Абэ.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Япониянын ортосунда 9 келишимге кол коюлду. Жалпысынан алганда, эки өлкө ортосунда 120 миллион доллардан ашуун каражатты камтыган келишимдерге кол коюлган. Анын ичинде 107 миллион доллар Ош-Баткен-Исфана жолун куруу үчүн 40 жылга насыя катары, «Манас» аэропортунун коопсуздугу үчүн 14 миллион долларлык материалдар грант түрүндө берилмей болду.
Маалымат үчүн: Синдзо Абэ япон премьерлеринин ичинен Кыргызстанга келген биринчи өкмөт башчы болду.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg