№38-мектепке кирип барып окуучуларды сабап, терезени талкалаган Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын тарбиялануучуларынын экөө 18 жашка чыкканына байланыштуу 2 айга СИЗОго камакка алынышты. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды. Аталган окуу жайдын тарбиялануучусу болгон 16-17 жаштагы дагы үч өспүрүм балдар колониясына жиберилди. Негизинен аталган окуя боюнча шектүү катары 7 өспүрүм айыпталууда. Алардын экөө ата-энесинин кепилдиги менен коё берилген.
Эске салсак, 20-октябрда Бишкекте спорт мектебинин тарбиялануучулары №38-мектепке кирип келишип окуучуларды сабап кетишкен. Окуя боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 47 бала катыштыгы бар деп кармалып, суракка алынган. Коомчулукта аталган спорт мектебин жаап салуу керек деген ойду кармангандар да чыкты. Бирок азыркы өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Темир Сариев, ИИМ жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Мелис Турганбаев өӊдүү үлкөндөрдү тарбиялап чыккан спорт мектептин жабылышы күмөн.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg