28-октябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун башкы ассамблеясынын пленардык жыйынында Адам укуктары боюнча кеӊешине шайлоо өттү. Андагы 5 орунга 7 өлкө ат салышты. 1-орунду Монголия камсыз кылса, 2-орунду БАЭ ээледи, ал эми 147 добуш алган Кыргызстан 3-орунду ээлеп, аталган кеӊештин мүчөсү болуп калды. Андан кийинки орундарды Филиппин жана Түштүк Корея бөлүшүп, Пакистан менен Лаос шайлоодо жетиштүү добуш топтой албай калышты.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев: «БУУнун Адам укуктары боюнча кеӊешине мүчө болуп шайланышыбызды биздин демократия жана адам укуктары жаатында жетишкендигибизди баалоо катары кабыл алдык. Бул кеӊеш БУУдагы негизги кеӊештердин бири»,- деп билдирди.
Маалым болгондой, кеӊешке мүчө болуу үчүн 2013-жылы арыз берилген. Сентябрь айында 106 добушка ээ болгон Кыргызстандын добушу 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин көбөйгөндүгү белгиленүүдө.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg