Бишкекте кош бойлуу аялга жардам көрсөтүү үчүн барган «Тез жардам» кызматынын дарыгери ал аялдын күйөөсү тарабынан сабалды. 25-октябрь күнү Тимур Фрунзе көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине чакыруу түшкөн. «Тез жардам» кызматынын дарыгери жана фельдшер айтылган дарек боюнча барышканда аял босогодо жаткан. Анын күйөөсүнүн колу кан болгон. Дарыгер аялдын абалын сурап баштаганда анын күйөөсү сөзгө аралашып, ашыкча суроолорсуз аялын алып кетүүнү талап кылып, жыйынтыгында дарыгерди сабап салган. Анын баш мээси чайкалып, бир нече жаракат алган.
Бул окуя коомчулукка маалым болгон соӊ вице-премьердин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатпаганын белгилеп: «Бул факт укук коргоо органдары тарабынан тереӊ изилденип, күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышы керек. Мен бул ишти өз көзөмөлүмө алам»,- деди.
Айрым маалымат каражаттары дарыгерди сабаган Талант Айтбаев аттуу адам экенин жана ал боштондукта жүргөндүгүн жазып чыгышты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg