Атактуу түгөйлөр ырчылар Назгүл Токтакунова менен Айбек Замиров үйлөнүү тойго камынып жүргөнү тууралуу жазган элек. Бирок бул аптада Назгүл инстаграмдагы баракчасына «Жашоодо ар кандай болот» деген сөздөрдү кыстарып, Айбек менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөбөспү. Албетте, эки жаштын күйөрмандары интернет айдыӊында «ажыраштыӊарбы, той болбойбу?» деп ызы-чуу болуп жатып калышты. Биз дагы жаштардан кабар алалы деп Айбекке байланышсак, «бүгүн 3 кишиден уктум, 4-болуп силер айттыӊар. Бирок өзүм көрбөдүм. Тойго даярданып жатканбыз. Эмнеге антип жазгандыгын билбейм. Бул постту илген Сарыдан (Назгүл) сурагылачы» деген жооп алдык. Ал эми Назгүл: «Биз жөн гана таарынышкан элек. Катардагы кыздардай эле эркелегим келди. Азыр баары жайында. Тойго даярдануу менен убарабыз»,- деди.