Төкмө акын Азамат Болгонбаев октябрь айынын аягында Казакстандын Талдыкоргон шаарында болуп өткөн төкмө акындар аралык сынакка катышып кайтты. Айтыш боордош элдин сыймыгы Сүйүнбай акындын 200 жылдыгына карата уюштурулган. Эл аралык айтыштын жыйынтыгында мекендешибиз жеӊүүчү аталып, Сүйүнбай Арон уулу атындагы атайын сыйлыкка ээ болду. «Жеӊиш казактардын Балгынбек Имашов аттуу атактуу акыны экөөбүзгө буюрду. Эки тарапка теӊ 1000 доллардан сыйлык ыйгарылып, казак туугандардын мактоо сөздөрүнө татып кайттык»,- дейт Азамат мырза.