Гүлжигит Калыков дегенде ичкен ашын жерге койгон кыздар үчүн жагымсыз кабар. Башкача айтканда, сүйүктүү ырчыӊыз жүрөгүнүн ээсин алда качан тапканын айтат. Көрсө, Гүлжигит Айпери аттуу кыз менен 4 жылдан бери сүйүү мамилесин куруп келет экен. «Айпери менен 8 жылдан бери таанышпыз. Башында жөн эле дос болдук, акыры достугубуз сүйүүгө айланды. Сүйлөшүп жүргөн жылдар аралыгында бири-бирибизди жакындан билдик. Ортобуз алыстап, кайра жакындап, айтор, жакшы эле сынаштык. Үйдөгүлөр үйлөн дегенде көптөгөн кыздардын арасынан жүрөгүм Айперини тандап туруп алды. Ал Кеминдин кызы, 22 жашта. Бирок үйлөнүү тойдун так күнү чечиле элек»,- дейт ырчы. Анда урматтуу окурман, гезитибиздин келерки сандарынан бул таттуу түгөйлөрдүн эксклюзивдүү маегин күтүӊүз.