ЖАРЫМ СААТТА ДАЯР БОЛЧУ ЗАПЕКАНКА

КАРТОШКА МЕНЕН

Керектелүүчү азыктар:
Эт фаршы
– 0,5 килограмм
Картошка – 7-8 даана
Пияз – 1 даана
Каймак май – 50 грамм
Петрушка, укроп – 4-5 талдан
Өсүмдүк майы – 100-150 грамм
Сүт – 200 грамм
Жумуртка – 3 даана
Сарымсак – 2 даана
Туз, мурч – Татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Аарчылып, жууп-тазаланган картошканы ичке таякча туурап өзүнчө идишке салабыз. Пияз, сарымсак, петрушка, укроп майда тууралат.

2. Көмөч казанга майдан куюп, картошканы кууруп, бышырып алабыз.
3. Башка көмөч казанга май куюп, алгач пияз менен сарымсакты, артынан фаршты салып кууруп бышырабыз. Туз, мурчту кошобуз.
4. Бышырылган картошканын үстүнө куурулган фаршты салып (ашыкча майын сарыктыруу керек) бетин тегиздейбиз.
5. Идишке жумурткаларды чагып жакшылап чалабыз. Үстүнө сүттөн куюп, даамына жараша туз кошуп аралаштырабыз.
6. Картошка менен фарштын үстүнө жумуртка чалынган сүттү жаба куюп, петрушка менен укропту себелейбиз. Эми тамактын үстүн тегиздеп, ар жерине каймак майдан коюп коёбуз. Көмөч казандын бетин капкак менен жаап, 20-25 мүнөт жай отто кармайбыз. Анан оттон алып, 5-10 мүнөт тыныктырып дасторконго коё берсе болот.

БАКЛАЖАН МЕНЕН

Керектелүүчү азыктар:
Уй эти
– 300 грамм
Баклажан – 3 даана
Сабиз – 2 даана
Пияз – 4 даана
Помидор – 4 даана
Өсүмдүк майы – 250 грамм
Сыр соусу үчүн:
Каймак май
– 50 грамм
Ун – 1 аш кашык
Сүт – 400 грамм
Катуу сыр – 150 грамм
Туз, мурч, талкаланган мускат жаӊгагы – Каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1 Баклажанды жууп-тазалап, калыӊдыгын 1 сантиметр тегерекче кылып кесип, туздуу сууда 15 мүнөт кармайбыз. Көмөч казанга майдан куюп, баклажандардын 2 жагын кууруп алабыз.

2. Этти майдалап туурайбыз. Көмөч казанга майдан куюп, этти салып жарым-жартылай кууруйбуз. Анан үстүнө жарым шакекче тууралган пиязды, сүргүчтөн өткөрүлгөн сабизди да салып кууруй түшөбүз.

3. Сыр соусун даярдайбыз. Көмөч казанга каймак майды салып эритип, унду кошуп 1 мүнөт тындырбай аралаштырабыз. Анан үстүнө ысык сүттү чуурутуп куюп, 1 кайнап чыккыча күтөбүз. Кайнаганда отту жайлатып, 2 мүнөт кармайбыз. Сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп, ал эригиче күтөбүз. Туз, мурчту, мускат жаӊгагын кошуп аралаштырабыз. Соус даяр.

4. Электр же газ мешинин табасына фольганы жайып, бетине баклажандарды жайгаштырабыз. Үстүнө куурулган аралашманы салабыз. Кийинки катмарга кесилген помидорлорду, анын үстүнө кайрадан баклажанды тизебиз. Запеканканын бетине соусту куюп, 180-200 градуста ысып турган электр мешине салып, 20-25 мүнөттөй бышырабыз. Тамак даяр.

БЫШТАК МЕНЕН

Керектелүүчү азыктар:
Быштак
– 400 грамм
Каймак – 200 грамм
Манна акшагы – 5 аш кашык
Кумшекер – 4 аш кашык
Жумуртка – 3 даана
Сода – 0,5 чай кашык (бетине 2-3 тамчы уксус тамызабыз)
Мейиз – 50 грамм
Туз – 1 чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Мейизди жууп, көөп чыгуу үчүн сууга 20 мүнөттөй сала турабыз.

2. Каймак менен манна акшагын кошуп аралаштырып, акшак көбүшү үчүн коё турабыз.
3. Идишке жумурткаларды чагып, кумшекерди кошуп чалабыз да, үстүнө быштакты салып, жакшылап аралаштырабыз. Эми быштак аралашмасына маннаны, соданы, кургата аарчылган мейиздерди кошуп, дагы бир сыйра аралаштырабыз.

4. Көмөч казандын түбүн май менен майлап, даяр аралашманы салабыз. Көмөч казандын бетин жаап, жай отко коюп 20 мүнөт бышырабыз. Бышып жаткан запеканканын четтери кызарганда оттон чыгарып, дасторконго коёбуз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Mars55
2015-11-09 15:21:57
Ох кандай жагымдуу
+1
9smin
2015-11-09 20:33:03
Творог кошулганын жасап коруш керек экен.Формы для выпечки дегенби комоч казан?
0
ROUSE
2015-11-12 22:27:37
9smin,комоч казан- сковородка
0
jypar.i
2015-11-15 22:44:03
9smin,быштак деге сөз жаккан жокпу.Кандай гана адамдар биздин Кыргызстанды өз алдынча мамлекет кылабыз, өз тилибизди сактайбыз деп курман болушкан экен репрессиянын тушунда. Эми минтип өз тилибизди чанабыз
0
микош
2015-11-10 12:37:15
Жакшы
0
микош
2015-11-10 12:37:35
Сонун
+1
Frezia
2015-11-11 09:04:28
Табитинди ачат го
0
ss90
2016-02-27 23:02:58
быштак менен бизге дагы жакты... буйруса жасап корбосом)))
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан