ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

МОДАДА
Хилис
– бул дөӊгөлөктүү бут кийим. Англис тилиндеги «согончок» дегенди түшүндүргөн «heelys» сөзүнөн келип чыккан. Рожер Адамс аттуу киши бир ирет скейтборд тээп жүргөн адамдарды карап отуруп, «а эмнеге жөнөкөй эле бут кийимге дөӊгөлөк кадап койгонго болбосун?» деп өз оюн ишке ашырган. 2001-жылы дөӊгөлөктүү бут кийимдер сатыкка чыгып, абдан популярдуу болуп кеткен.
Хилис кийип жүргөн адамдарды Бишкектин көчөлөрүнөн да жолуктурууга болот. Хилистерге көнүп кетүүгө кыйын дешет, бирок эбин тапкан соӊ зуулдап жүрүп калууӊуз турган иш. Эгер жөн эле басуу керек болсо, дөӊгөлөктү алып коюуга да болот. Баса, бул бут кийимдер адамдын басыгын бузары да айтылып жүрөт.

ИНТЕРНЕТТЕ
Шерентинг
– азыркы заманбап ата-энелерге багытталган сөз. Ал англис тилиндеги «to share» – бөлүшүү жана «parenting» – ата-энелик милдет деген маанини берген сөздөрдөн келип чыккан. Башкача айтканда, ата-энелердин өз балдарын сүрөткө тартып, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялап көпчүлүк менен бөлүшүүсүн шерентинг деп койсок болот. Изилдөөлөргө караганда, социалдык тармактарды колдонгон ата-энелердин дээрлик бардыгы шерентинг кылышат. Баарынан кызыгы, балдарынын сүрөттөрүн жарыялагандардын 43 пайызы аталар болуп саналат.

ТАСМА ЖААТЫНДА
Байопик
– колдонууга жаӊыдан кирип, бирок бат эле оозго алынып кеткен заманбап сөздөрдүн бири. Ал «биографиялык фильм» дегенди түшүндүрөт. Англис тилиндеги «biography» (биография) жана «picture» (сүрөт, картина) деген сөздөрдөн келип чыккан. Байопикте тарыхта болгон адамдын же азыркы учурда жашап жаткан адамдын өмүрүнүн урунттуу окуялары көрсөтүлөт. Кыргыз тасмаларынын арасынан, мисалы, «Курманжан датка» тасмасын байопик деп атоого болот. Байопиктер коомчулук тарабынан абдан жакшы кабыл алынат. Заманбап техниканын өнүгүшү, тарыхый окуялардын болушунча реалдуулукка жакын көрсөтүлө башташы байопиктердин популярдуулугун арттырууда.



Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
magic1721
2015-11-10 14:21:11
эстеп калыш кыйын болуп кетти)))
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан