Гүланда: «ҮЙҮБҮЗДҮ 5 ЖЫЛДА АРАӉ САЛЫП БҮТТҮК»

29-октябрь күнү ырчы түгөйлөр Айбек Карымов менен Гүланда үй той, баласы Молдомусага сүннөт той берип элдин батасын алды. Бул мааракеден кийин атактуу жубайлардын ак өргөөсүнө барып конок болуп кайттык. Биз барган учурда Айбек мырза жумушта экенин айтып, ар бир бөлмөсү менен Гүланда өзү тааныштырып чыкты.

  • Жер тилкесинин аянты 10 сотых
  • Чоӊ үйү 3 кабат, 9 бөлмө, 1 балкон жана 2 жуунуучу бөлмөдөн турат.
  • Ал эми времянкада 1 ашкана, 1 уктоочу бөлмө жайгашкан.

ЧАЙ МАЕК
– Гүланда эмнеге көрүнбөйт десе, минтип үй салган усталарды багып жүргөн турбайсыӊбы?
– Ооба, үй оӊой менен бүтпөйт экен. Жер тилкесин алып, үй салып баштагандан бери 5 жыл өтүптүр. Ушунча жылда араӊ салынып бүттү. Уста багып чыгармачылыкка деле жакшы көӊүл бура албадым.
– Үйдү жасалгалоодо аял менен күйөөнүн ортосунда көп талашып-тартышуулар жаралса керек?
– Андай учур көп болду. Кээде Айбектин табитиндеги буюм же жасалгалоо мага жакпай көп жерлерин өзгөрткөнгө да туура келди. Алып келген эмеректери жакпай калып, бирөөгө белекке берип, башкасын сатып алып жаттык.
– Ушундай чоӊ үйдө өзүӊөр элесиӊерби? Балдарыӊды карашканы апаӊ, сиӊдилериӊ келип турса керек?
– Балдарыбызды көбүнчө апама алып барып салам, андан башкага ишене албайм. Бирок биздин үйгө көп келе бербейт, «кой, уят, кайнене күйөө баланыкында да жүрчү беле» дейт. Кайненемдер келип каралашып, кабар алып кетишет. Молдомуса сүттү жакшы көргөндүктөн чоӊ апасы уй саап, алып келип берип турат. Бизге жакын жашашкандыктан бири-бирибизге кирип-чыгып эле жүрөбүз.

«Эшигин көрүп, төрүнө өт» демекчи, короону кирген адам эс ала түшкүдөй жагымдуу кылып жасаганга аракет кылдык. Жайында Айбек үйгө кирбей, чарпаяда эле уктап калат.

Үйгө келген конокторду 1-кабаттагы дал ушул бөлмөдө сыйлайбыз. Эмеректерди, кооздолгон шыпты Айбек Кытайдан алып келген. Кеӊешип жасаганыбызга карабай, өзүмө жакпаган жерлери бар.

Залга катарлаш эле ашкана жайгашкан. Бул бөлмөдө мен ханышамын да, ошондуктан баарын өзүмдүн табитиме ылайык жасаткам. 1-кабатта жуунуучу бөлмө да жайгашкан.

Чоӊ үйдү жылытуу кыйын эмеспи, ошондуктан кышында балдарым менен 2 бөлмөлүү времянкабызда кыштайбыз.

Бул уктоочу бөлмөбүз. Бул жердеги эмеректер да Кытайдан алынып келинген. Ал эми керебеттин жапкычтарын Түркиядан буюртма берип алдыргам.

Жаныбызда балдар бөлмөсү. Аларга өзүнчө бөлмө даярдаганбыз. Бирок балдар азырынча биздин бөлмөдө укташат.

Ал эми 3- кабатты Айбек экөөбүз акылдашып боз үйгө окшоштуруп улуттук колоритте жасалгаладык. Ал жакта себим, кыргызга тиешелүү камчы, карышкырдын териси сыяктуу буюмдар илинген. Конокторго эт тартканда ушул жакка киргизебиз.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айбек Карымов менен Гүланданын 3 кабаттуу үйүнө саякат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Abaeva-1987
2015-11-10 09:20:31
Уйу сонун экен.Чын эле дайыма эле баягы беттерди коруп атып тажап баратканбыз. Коптон бери чыга элек жуздор менен маек курсаныздар!
+2
Sayragul
2015-11-10 10:38:17
айбек Гуланда абдан жакшы ырчылар катары эл билет. Уйу абдан сонун салынган. Оздору балдары менен бактылуу жашашсын ушул уйдо.
+2
kenjebek77
2015-11-10 11:16:23
Насип этсин уйу .Айбек брат чыкпай калды го.
+1
pirim77
2015-11-10 11:21:48
кут болсун ак оргосу.бала-чакасы менен ушул уйдн кыз узатып уул уйлосун. гуланда тын экен айбектин жылыдызы жанып турганда да мындай уй салган эмес.
+5
sely
2015-11-10 12:06:18
Уйго соз жок просто супер. Но Гуланда у- булолуу эркеке коз сузбой эле койсонуз болот болчу. Балдарыны жалко
+2
balzak
2015-11-10 15:00:32
короосу аябай жакты,сонун экен,үйү берекелүү болсун,кана эми бардык кыргызга ушундай үй буюрса.
+3
LadyD
2015-11-11 00:39:43
5 жыл окуп, темселеп иштеп журобуз, ушундай уйго качан жетебиз йа... андан коро ырчы болуп албай, ырчылардын уйлору бири бириникинен ашат экен....эээх... ушул уйдон агарып когорушсун, кичинекейлеринин бактысын корушсун, ата=энелери торундо отурушсун. ак жолтой орго болсун, азаматсынар чон жакшы уй салышыптыр. бирок, баягыле кыргыздардын салты калбаптыр, зангыраган уй салып, кышты тыгылып времянкада откормой..:-)))
+6
asdf
2015-11-11 13:29:19
Кечке эле гуанжоу дей берген го Таатандан эле алса керек как раз ушундай мебельдер турган
+2
Ledi89
2015-11-11 14:48:26
Азаматсыгар ушундай уй салып жалан жакшылык тар болоберсин. Азыр мындай уй салыш ото эле кыйын болуп калды 2 ком та салыш кыйынго мындай уйду салыш учун каражатта коп кетет. Мээнетин айт, жетпей жургон адамдарга да насип кылсын.
0
vilka123
2015-11-11 17:59:48
сонун уй экен озунорго жакшылыктарга насип этсин. бизге да жуксун жуксун :-) :-) :-)
0
akubeku
2015-11-12 08:21:53
молодец айбек бешене терин менен салыпсын ак оргон кутболсун тойлорду кыл элдин алкышына татып журобер
0
perichte
2015-11-12 12:34:14
Коро албаган кыргызчылык качан калат?Уйунор кут болсун.Озунорго буйрусун.тойлор болсун.бактылуу болгула!
0
dinajanka
2015-11-12 13:38:06
Аябай сонун бактылуу уй було экен и уйу да укмуш бутуруптур... Эн негизгиси озу ошол да Бактылуу болсо болду да..
0
jypar.i
2015-11-15 23:51:11
Баары жакшы,көрсөтүп жаткандагы музыкалык коштоо да аябай жакты,ким болсо да музыканы жакшы түшүнгөн адам экен.Бирок, жолборсту арстан деп койду го Гүланда. Аягы жок го
0
nargiza_tynaeva
2015-11-20 20:11:45
спальня отстой...
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан