«10 жаштагы бөбөк зордукчунун курмандыгы болду. Айланайын эркектер! Эмне болуп бара жатасыӊар? Ушунчалык напсиӊерди тыя албагыдай эркиӊер куруп калдыбы? Кызыбыздын психикасы жайында эмес. Ал азыр ооруканада жатат. Мен эми зордукчулар акылына келбесин түшүндүм, андан көрө ата-энелер кичине балдарына сак болушсун деп кайрылып жатам». Ушундай кептерди айткан Кочкор районунун Жаркын аттуу тургуну редакциябызга кайрылды.
«КЫЗДЫН ЖҮРӨГҮ ТҮШҮП КАЛЫПТЫР»
– Жабырлануучу кыз 10 жашта, менин агамдын кызы болот. Үйдүн улуусу болгондуктан сабактан келери менен кичүү инилерин карап, апасына кол кабыш кылат. Окуя 25-октябрда болду. Ал күнү дем алыш болуп сабакка барбагандыктан инилерин ойноткону эшикке алып чыккан. Ошол маалда 37 жаштагы Азат деген кошунасы да балдары менен эшикке чыгыптыр. Кыздын көрсөтмөсү боюнча окуя мындайча болгон.
Кичинекей балдар жашынмак ойноп жатышса Азат «мен да ойнойм» деп кошулуп алат. Балдар ойноп жаткан жерде өзүнүн дагы кызы бар экен. Биринчи Азат көзүн жумуп, балдар жашынышат. Кийинки айлампада Азаттын кызы издемек болуп, башкалар жашынганга кетишет. Ошондо агамдын кызы сарайга чуркап бара жатса Азат кармап алып, «тоокканага чогуу жашынабыз» деп ой-боюна койбой көтөрүп кирип кетиптир. Ал жактан оозун колу менен жаап, зордуктап коёт. Бала неме билбейт да, өзү кенедей кыз болсо, өмүрү эркектин мүчөсүн көрбөсө, жүрөгү түшүп калыптыр. Кандай болуп бошонуп кеткенин билбейм. Чамасы, өзүнүн кызы издеп келип калат деп шашса керек, ишин бүткөн соӊ коё бериптир.
«МЕН ЖӨН ЭЛЕ ОЙНОП КОЙГОМ ДЕЙТ»
Биз мындан соӊ жабырлануучу кыздын апасына байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ошол күнү кызым үйгө келип ооруп жатам деп эле жатып алган. 2-3 күндөн кийин атасы жумуштары менен чыгып кетип, үйдө балдар менен калдым. Сыягы, атасынан коркуп уялса керек. Ал кеткен соӊ «апа, мен бир нерсени айта албай жатам» деп көзүнө жаш толуп ыйлап жиберди. Такып сурасам оозу менен айтканга батына албай, кагазга «мени Азат байке зордуктап койду» деп жазып, кагазды колума карматып эшикке качып чыгып кетти. Арданып бир нерсе болбосун деп артынан барып, кызымды үйгө киргиздим. Андан соӊ тактайын деп кошунаныкына жөнөдүм. Азатка айтсам алгач танып баштады. Аялы кош бойлуу, 4-баласын күтүп жаткан үй-бүлө. Келинчеги менин айткандарыма ишенбей, кызымды чакыртышты эле, ал болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берди. Анда Азат «Ой, мен ойноп койгом, эч нерсе болбойт, анын үстүнө кирген да жок» деп жатпайбы. Кызык неме экен, эмне сөзсүз эле ичегисине чейин айрып салыш керекпи? Адамдар эмне мынча зөөкүр болуп баратышат? Экспертизадан кыз көтөн чучугунан зордукталганы аныкталды. Жолдошум келгенден кийин ага айтуу өтө оор болду. Сөз баштап окуянын аягына чыккыча укпай туруп кетти. Жүрөгүбүз тилинип жатат.
«ТУУГАНДАРЫ СҮЙЛӨШҮП ЭЛЕ БҮТҮРӨЛҮ ДЕП ЖАТАТ»
– Милицияга арыз жаздык. Тууган-урук чогулуп эле ызы-чуу түшүп калдык. Учурда кызыбыз ооруканада жатат. Баланын психикасын жайына келтириш кыйын. Эс тартып калган кыз башынан өткөн окуяны кантип унутат билбейм. Баарынан да Азаттын туугандары келип алып, «Кызыӊар эч нерсе болбоптур го. Кыргызча эле бүтүрүп коёлу, эч кайда арыз жазбай тургула. Азаттын майда балдары бар, келинчеги да кош бойлуу, убалын ойлогула. Балабыз түрмөгө түшсө адам болуп чыкпайт» дейт. Ушундай маӊкуртчулукту түк сиӊире албай жатам. Эмне кенедей наристелерибизди көрүнгөн тооккана, сарайда кордоп, зордуктап коюп, анан эч нерсе болбогондой сүйлөшүп бүтүрүп коюш керекпи? Чоӊ киши темир тор артына отурбоонун айласын издеп, тагдырын ойлоп жандалбастап жатат, а кичинекей кыздарыбыздын тагдыры эмне болот?
Азатты Кочкор РИИБинин убактылуу кармоочу жайына алып кетишти. Тергөөчү ага «ишти тергейли, актанчу бир нерсе айтасыӊбы?» десе, шылкыйып, жасаган ишин моюнуна алып отуруп берди. Менден кечирим сурап, болгон окуяны айтты: «Ишимди бүткөм, булганган жерлерин өзүнүн ич кийими менен аарчыдым»,- деп. Эми ушул окуяны бармак басты, көз кысты кылбай жакшылап аягына чыгарып, жок дегенде кыздын укугун коргоп беришсе экен...
Бул боюнча Нарын ОИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Медина Султаналиевага кайрылып, жооп алдык:
– Окуя катталганы чындык. Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган Азат Матиев аттуу жаран 30-октябрда кармалды. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg