19-сентябрда Орусиянын Москва шаарында окуп, иштеп жүргөн мекендешибиз Канайым Абсамат кызы зордукчудан качам деп 7-кабаттан кулап кеткен. Эсиӊиздерде болсо, гезитибиздин мурунку сандарында бул тууралуу кенен макала жазганбыз.
20 жаштагы Канайым окуусу менен катар дем алыш күндөрү кары-картаӊдардын үйлөрүн жыйнап акча тапчу. Үй жыйноо боюнча чакырык түшкөн дарекке барган Канайымды ал батирде жашаган өз мекендеши зордуктамакчы болгон. Андан качкан Канайым балкон аркылуу коӊшу батирге өтүүгө аракет кылып жатып буту тайып, жерге кулап түшкөн. Каарманыбыздын омурткасы, жамбаш сөөгү сынып, кыймылсыз абалда ооруканага жеткирилген.
Учурда Канайым кыймылдай албаганы менен, абалы бир топ жакшырып калган. Ага жакында 1-операция жасалды. Анын апасы Гүлшан айымдын айтымында, бул операцияга 500 миӊ рубль кеткен. Эми 2-операциясына 300 миӊ рубль керектелет. Бул боюнча Кыргызстандан жардам беребиз деген мекендештердин башын бириктирген ыктыярчы Руслан Бекназаров буларды билдирди:
– Канайым тууралуу жаӊылыктардан окудум. Социалдык тармактар аркылуу ыктыярчылар биригип, анын операциясына акча чогултууну баштадык. Мен Кыргызстандан жардам берем дегендер үчүн телефон номерлеримди жарыялап коюп күтүп жаттым. Бир күнү мага бирөө телефон чалып, «пенсионермин, Канайым кызыма 500 сом берейин дедим эле» деди. Тилекке каршы, мындан башка жардам кылам деген чалуу болгон жок. Ошентсе да Канайымга Орусиянын аймагында, башка чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиз кайдигер караган жок. 100, 200 рублдан болсо да чогултуп берип жатышты.
Канайымдын өз абийирин сактайм деп ушундай эрдикке барганы баарыбыздын жүрөгүбүздү жылытып, бир чети сыймыктантты. Анткени Орусияда жүргөн кыздарыбыздын баарын «бузулган» деп жаманаттыга чыгарып, аларды жылаӊачтап, ур-тепкиге алып видеого тарткан «патриот» сөрөйлөр аттарын булгап бүтүшкөн. Кыздарыбыздын баары андай эмес да. Алдыда Канайымды 2-операция күтүп жатат. Азыр элден 100 миӊ сомдой акча чогулуп калды.
30-октябрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Канайым Абсамат кызына жардам катары президенттик фонддон 300 миӊ сом бөлдү. Бул жагымдуу жаӊылык менен катар Канайым бутуна туруп, басып калды деген кабарды жазып чыгар күн да алыс эместир.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg