Быйыл Асият 5 жашта. Ал былтыр 4-декабрда өзү төрөлгөн үйү менен кошо апасы жана 3 жаштагы сиӊдиси Касиеттен айрылган. Түнкү саат 12де күйүп баштаган үй заматта күлгө айланган. Асиятты кошуна жашаган 21 жаштагы улуу эжеси Тинатин менен анын жолдошу Руслан сактап калган. Бул учурда бир тууганы 15 жаштагы Шабдан да эшикке чыгып аман калган.
Чиедей балдар жетим калгандан бери 10 ай өттү. Бүгүн бул үй-бүлөнүн кубанычында чек жок. Аларга «KG Групп» курулуш компаниясы 2 айдын ичинде 3 бөлмөлүү үй салып берди. Үй-бүлө күтүп, 1 уулдун апасы болуп калган Тинатин буларга токтолду.
– Былтыр кырсык болгондон кийин иним менен сиӊдимди өз камкордугума алдым. Жолдошум экөөбүз балдарды өзүбүз эле багабыз деп чечкенбиз. Мынчалык тез убакыттын ичинде үйлүү болобуз деп ойлогон деле эмесмин. Асият дайым өрттөн калган үйдүн дубалдарын аралай басып апам менен Касиетти эстей берчү. Мен кошуна үйгө келин болуп баргам. Карасаӊыз, жакындыгын. Күндө эшикке чыгарым менен балалыгым өткөн үй көрүнөт. Дубалдары күйгөн, жанды ачыткан... Артынан сөзсүз апамды эстейм. Эми минтип ордуна жакшынакай үй пайда болуп калды. Кыялдардын орундалышына себепкер жакшы адамдар жок эмес экен. Үй, акча, оокат мунун баары табыла турган нерсе экенин, ал эми апа, бир тууган, жакын адамдар табылбасын түшүндүм.
Аппак көйнөгүн кийип жапжаӊы үйдү айлана чуркаган Асияттын кубанычында чек жок. Тинатин мындан ары бул жаӊы үйдө жолдошу, уулу, иниси жана сиӊдиси менен чогуу жашаарын айтты.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg