ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бирок анализ тапшыруу эртеси да, анын эртеси да унутулду. Анын үстүнө Арууке мурдагыдай баш оорулары басаӊдап калганын байкады. «Жөн эле каным азайып кеткенге өзүмдү жаман сезип жүргөн окшойм. Эми баары жакшы болуп калды» деп жыйынтык чыгарып койду. Жанар менен күнүгө жолугат. Аруукеге экөөнүн ортосундагыдай сезим эч бир адамда жоктой сезилет. «Бири-бирине окшошкон күндөр жоголду. Азыр ар бир күн өзүнчө бир өмүр, өзүнчө жашоо. Чыныгы жашоо. Түстүү, күлкүлөр көп, жылмаюулар көп. Кыскасы, бакыт көп. Менде азыр бакыт ашып-ташып жатат. Жамгыр кишим, Жанарым, сүйүктүүм...» Аруукенин күндөлүгүндө мындай бакытка толгон жазуулар күн санап көбөйө берди.
«Бүгүн мен аны сабактан чыкканча 2 сааттай күттүм. Күтүү менин эӊ жаман көргөнүм. Чыдабай кетем. Сагынганымчы!? Көргүм келгеничи!? Анын сабактары өтүп жаткан аудитория тарапка да бардым. Каалга качан ачылып Жанар чыга келет деп карап отуруп көздөрүм да чарчап чыкты. Мен ушул жамгыр киши менен ооруп калгандаймын. Акыры аудиториянын каалгасын тыкылдатып, «Жанарды деканатка чакырып жатат» деген болуп сабак өтүп жаткан агайынан чакыртып алдым. Ал шашып чыкты. «Ой, тентек» деди мени көрө салып. А мен эч нерсе деген жокмун. Унчукпай эле кучактап туруп алдым. Анын ушундай жагымдуу жыты бар. Сагыныптырмын. Бекем-бекем кучактап алдым да, «эми бар кире бер» дедим. Ал кете алмак эмес. Күлкүлүүм десе! Сабактары аяктаганча мени менен жүрдү. Маӊдайымдан өптү. Өзүн чоӊ кишидей көрсөтө берет. Мени жылуу кийинбегендигим үчүн урушту. Акыры Жанардын күрмөсү менен сумкасын Адилет алып келип берди. Ушул Адилет тажатты. Нес болуп эле карай берет! Эшикте күн суук экен. Колдорубуз үшүсө да жетелешип жүрө бердик. Үшүп кеттиӊ деп үйгө эрте алып келди. Азыр аны кайра сагынып жатам!» Арууке күндөлүгүнө акыркы сүйлөмүн жазып жатканда телефонуна Жанардан кат келди: «Бийкеч, эшикке чыга аласызбы?». Арууке кубанып кетти. Күрмөсүн алды да, шашкан бойдон сыртка жөнөдү. Көп кабаттуу үйдүн алдында Жанар эскилиги жеткен Волгага жөлөнүп турган экен.
– Бул, албетте, Бентли эмес,- деди Жанар машинаны айланып жатып. – Бирок мунун жүрүшү сонун. Кечки Бишкекти айланып келүүгө болот. Отуруӊуз!
– Рахмат!
Арууке жылмайып алды. Машинанын ичи жылуу экен.
– А эмне бул Волганы сатып алдыӊбы?
– Жок. Бул кошуна байкеники. Ал бүгүн бир аз мас экен. Волгасын 2 саат мактады. Мен 3-4 саат айдап көрөйүн, анан ишенем деп болбой койдум. Жыйынтыгында унаанын ачкычын алдым да, сизди көздөй жөнөдүм.
– Сонун болуптур! А мен сени сагынып отургам.
Унаа шаардын көчөлөрүнө чыгып зуулдап жөнөдү. Жанар менен Арууке ар нерсени сүйлөшүп күлүп бара жатышты. Бул алардын биринчи түнкү чогуу сейилдөөсү эле. Жанардын кошунасына бул Волга атасынан калган имиш. Унаанын сырткы кейпи көӊүл жылытарлык эмес. Бирок ичи таза. Сүйүктүүсүнө баратып жигиттин оюна «ушундай сулуу кызды, тамтыгы чыккан унаа менен сейилдетүү туура эмес болуп калбайбы?» деген ой келди. Бирок «тескерисинче, романтикалуу болот го» деген ой жеӊип кетти. Анан калса ал Аруукени аябай көргүсү келип сагынып кеткен болчу. Баары бир келмек.
– Тааныштарыӊ сени мына бул тамтыгы чыккан унаада айылдык жигит менен бара жатканыӊды көрсө эмне дешет болду экен?- Жанар жылмайып койду.
– А мага башкалардын эмне дешери кызык эмес. Башкысы, сен жанымдасыӊ. Билесиӊби, балким, сени ушул сапатыӊ үчүн да жакшы көрсөм керек. Өзүӊ жасагыӊ келген нерсени жасайсыӊ. Тартынбайсыӊ. Кооз жакшынакай унаа менен келсеӊ деле таӊ калмак эмесмин. А сен, өзүӊ айтмакчы, тамтыгы чыккан унаа менен келдиӊ. Мындай ишке бардыгынын эле эрки жете бербейт.
– А билесиӊби, сени эмне үчүн жакшы көрөм?
– Эмне үчүн?
– Сенин бар болгонуӊ үчүн эле жакшы көрөм. Сен мага бардык нерсенин жакшы жагын гана көргөндү үйрөттүӊ.
Кыз-жигит бири-бирин карап жылмайып алышты. Түнкү сейилдөө өзгөчө болду. Арууке Жанардын ырдаганын уга элек болчу. Жигит рульда бара жатып радиодон жаӊырган ырларга үнү жетсе да, жетпесе да кошулуп ырдай берди. Бул кошумча күлкү жаратты. А булар күлмөйүнчө жүрө алышпайт.
Шаар четине чыккан соӊ Жанар Аруукеге рулга отурууну сунуштады. Жигит оюнда аны унаа айдаганга үйрөтмөк. Бирок иш теӊирден тескери болуп чыкты. Айдоочунун ордуна отурган Арууке эч тоскоолдуксуз эле айдап жөнөдү. Ал гана эмес бара-бара ылдамдыкты жогорулатып жигиттин оозун ачырды. «Мына сага» дегенден башка сөз чыкпады Жанардан.
– Ме, эми өзүӊ айда. Менин бир аз башым ооруп чыкты,- деди бир убакта Арууке. Жанар кыз менен орун алмашты. Кыздын эмнегедир күлкүсү басаӊдап, орундукта бүрүшүп отурду. Чарчап калды окшойт деп ойлоду Жанар. Бирок Аруукени баш оорусу кыйнай баштаган болчу. Ал билгизбөөгө аракеттенип жатты. Антсе да оору күчөп отурду. Көздөрү караӊгылап кеткен кыз бир убакта эсин жоготту. Жанар Аруукеге бир нерсе жакпай калдыбы деп тынчсызданып келе жаткан, унаа чукул бурулуп Арууке айнекти катуу сүзүп алганын көрүп чочуп кетти.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Ailo
2015-11-09 10:03:39
Мен тортунчу))
-1
Ssinz7
2015-11-09 10:19:22
Аягы жакшылык менен бутсө экен.
+1
Begimkyz
2015-11-09 11:15:45
Ушу биринчимин, төртүнчүмүн дегендер күйгүздүңөр да.
+9
jypar.i
2015-11-16 00:33:30
Begimkyz,ооба да,ошолорго биринчисине 1 мүйүз, экинчисине 2мүйүз чыгат го
0
Ledi89
2015-11-09 12:53:11
Бир кем дуйно деп ушуну айтатда.
+1
ZANIA-92
2015-11-09 13:08:16
Биринчи же Экинчи болсонор эмне силерге сыйлык береби? Ушулар...
+2
jooshbala
2015-11-09 14:55:23
Бүгүн кеч калдым,биринчи окуйм дедим эле
-4
jooshbala
2015-11-09 14:55:47
Биринчи окуй албадым бүгүн да
-4
jooshbala
2015-11-09 14:56:22
эээ
0
jooshbala
2015-11-09 14:57:13
окуй албадым биринчи
+1
benni
2015-11-09 19:40:18
Аруукеге органын берет го дейм...Жанр....
0
Gulya21
2015-11-09 22:54:47
Ээ кызык жерине келгенде бутуп калатда кооп коптон жазышса болбойбу Эми бир жума кутуш керек дагын,бир жумо откучо Аруукеге Эмне болгонун билбей ичим тутойт, менин ойумча Арууке катуу айыкпас ооруга чалдыккан болсо керек м: рак же мээсинде бир нерсе болот чыгабы, кызыгып окуганымдан Аруукени ордуна озумду коруп кеттам эх не болсода аягы жакшы болуп экоо бактылуу болсунда, супердин сериалдарын окуучу эмесмин ушул чыккан сериалын кызыгып окуп жатам
0
orhidea
2015-11-10 20:31:59
Автору ким эле?
0
mani
2015-11-11 01:31:50
Урматтуу kepka сизди супер инфо маалымат манайшат гезитинин ар бир санында жарыяланчуу ДЖИ сериялын биринчилерден болуп окугандыгыныз менен форумчулардын атынан куттуктайбыз. Экинчи учунчулорго дагы ушул эле куттукто.( тамаша иретинде жазылды)
0
ROUSE
2015-11-11 22:51:19
урааа мен артынан биринчии
0
nur1975
2015-11-15 23:21:09
ROUSE эми сен артынан экинчи :-)
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан