БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

(Башталышы өткөн сандарда)

Жумалы байке тамеки чегип бир аз отургандан кийин:
– Эми, балам, сөз мындай, эмне болгонун уктум. Жанагы бала реанимацияда экен, акыбалы оор дейт. Сени азырынча эч ким издебейт. Орус балдар сени тааныбайт экен. Өзбек бала да, Эмил байкеӊ да тааныбайм деп коюшту. Тиги өзбек баланы кармашса көп болсо 3 күн кармашат да, кайра коё беришет. Кыскасы, сенин ким экениӊди, кимдер менен иштээриӊди эч ким билбей калды, бул жагынан Кудай колдоду. Бирге иштеген балдарга сени башка жакка иштеп кетти деп коёбуз. Алардан суроо милиция кызматкерлеринин оюна да келбейт, себеби силер 3-секцияда иштейт экенсиӊер, алар көбүнчө 5-секциядан издейт. Мен сураштырдым 5-секциянын өзүндө эле жүздөн ашык адам иштейт экен. Бирөөгө жардам бергениӊ жакшы, бирок этиятыраак болсоӊ жакшы болмок. Мейли эми, болору болду, боёсу канды, кайра оӊдой албайсыӊ. Эгер кармалып калсаӊ бери дегенде 10 жыл берет, алдыгы мүнөзүӊ менен ал жерден тирүү чыкпайсыӊ, ошого менин айтканымды жаса, балам, али жашсыӊ. Канча жаштасыӊ?
– 23тө.
– Турмушту, адамдардын кандай экенин билбейсиӊ. Азыркы заманда өзүӊдү гана ойло, өзүӊө тыӊ болсоӊ гана адамдар сени сыйлайт, акчаӊ болсо гана адамсыӊ. Туугандарым убагында үйүмө келишпей калган, той-мааракелерине барганымда эшигинен эле кайтчумун, эт-ашын бышырып берип коюп. «Жардам берип кой» деп үйүнө ишке чакырышат да, жумушу бүткөндөн кийин чай берип коюшчу эмес, кичине акча берип жолго салышат. Мына азыр көрүп турасыӊ, кандай деӊгээлге жеткенимди, туугандарым күндө болбосо да тез-тез телефон чалып акыбалымды сурап, көзүмдү карап турушат. Эки балам Америкада, бир кызым Японияда окуйт. Мен адамдарга эч капа болбойм, сен да адамдарга эч капа болбо, өзүӊө гана тыӊ бол, балам.
Мен түшүнүп эле отурдум эмнени айтарын, мага боору ооруганынан кылбай жатат да булардын баарын. Бирок башка жолум жок болчу. Дагы милициянын колуна эч эле түшкүм келбеди. Жумалы байке дагы көпкө чейин ар нерселерди сүйлөп отурду.
Акыры чыдамым кеткенде «бул кылган жакшылыктарыӊызды кантип кайтарам?» деп сурадым. Мени ойлондурганы, эптеп эле Орусиядан чыгып кетсем, Кыргызстанга барганда да артымдан эч ким издебей, бекинбей, коркпой-үркпөй жашаарым эле. Азыр мага кандай шарт койсо да макул элем. Калганын убагы келгенде көрө жатарбыз дедим.
– Азыр сен кыйын акыбалда турганда жардам берейин, кийин сен бизге жардам бер,- деп мени карап калды, эмне сөз чыгар экен деп. Унчуккан жокмун. - Азыр биринчи сени бияктан чыгарып кетели, иштер бас-бас болгондо жай отуруп сүйлөшөрбүз.
– Мен оюӊузду түшүндүм, байке. Мени жанагы орус баланын акыбалы ойлонтуп жатат, өмүр бою бирөөнүн убалына калып жашай албайм, мүмкүн, жакшы болуп кеткендир, сураштырып бербейсизби.
– Эми өзүӊ ойлосоӊ, биз кайра-кайра барып сурай берсек, артыбыздан түшүп калышы мүмкүн, эмнеси болсо да бир кабарын сөзсүз угасыӊ, азыр өзүӊдү ойло, алар өзүлөрү күнөөлүү го акыры. Эми, көп эле ойлоно бербе. Паспортуӊду бер, сага билет алып коёлу. Мейли, мен кеттим анда, эми ушул бойдон Кыргызстандан жолугушабыз. Эмне кылышты Азамат айтат, эч нерседен коркпо, биз менен болсоӊ сени эч ким издебейт да, кармабайт да.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
asdef
2015-11-09 09:11:47
Ото кыска жазып сынар,кобуроок жазгылачы
+4
Ledi89
2015-11-09 12:43:48
Бангизат сатат экенда айласыздан. Капканга тушту.
+2
Adik01219
2015-11-10 01:49:31
Да капканга тушту
+2
Galia
2015-11-10 02:04:45
Жумалы байкеси уюштурган болуш керек максатына жетиш учун бул башында отказ кылган го
+2
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан