ЭЛИЗАБЕТ ТУРСЫНБАЕВА – ДҮЙНӨЛҮК МУЗ АЯНТЫНДА ЖАӉЫ ЖЫЛДЫЗ

Өткөн аптада муз үстүндө бийлөө боюнча Канадада «Skate Canada» Гран-при мелдеши орун алып, анда Элизабет Турсынбаева аттуу спортчу да катышып, 7-орунду багындырды. Кызыгы, бул спортчунун атасы казак болсо, апасы кыргыз кызы. Дүйнөлүк спорт аренасын багындырууга бел байлаган жээнибиз Элизабет менен анын апасы биздин суроолорубузга жооп беришти.

ЭЛИЗАБЕТ ТУРСЫНБАЕВА БАЙТАКОВНА

Туулган жылы, күнү – 2000-жыл, 14-февраль
Жетишкендиктери – Жаштар арасында бир канча эл аралык мелдештердин жеӊүүчүсү. Чоӊдор арасында Казакстан чемпиону (2015-жыл)
Машыктыруучусу – Брайан Орсер

КОНЬКИЛЕРИН ЭЧ КИМГЕ БЕРБЕЙТ...

6 жашында алгачкы мелдешине чыккан.
Улуу агасы Тимур да муз үстүндө бийлөө менен машыгат.
8 жылдык музыкалык мектепти аяктаган. Фортепиано жана скрипкада ойнойт.
Конькилерин 2 жылдан бери эч кимге бербей чогултат.
Бош убактысында тамак жасаганды жакшы көрөт.


«ЖЫЛ САЙЫН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИП ТУРАБЫЗ»
Элизабеттин апасы Падишахан Султаналиева Жалал-Абаддын Аксы районунда чабандын үй-бүлөсүндө төрөлүп өскөн. Кийин Москвада окуп жүрүп, ал жактан өмүрлүк жолдошун жолуктурган. Орусияда 25 жылдан ашык жашаган үй-бүлө, мындан 2 жыл мурун Канадага көчүп кетишкен.
– Саламатсызбы?! Кызыӊыз Элизабет учурда муз үстүндө бийлөө боюнча беделдүү мелдештерге катышып келет экен..
– Ооба. Элизабет 15 жашта. Муз тебүүнү кичине кезинен жакшы көргөндүктөн Москвадагы спорт мектебине алып барганбыз. Анда Элизабет 5 жашта эле. 2013-жылы Канадага көчүп барып, ошол жылдан тарта жаштар арасындагы чемпиондукка катышып келет. Ал эми чоӊдор арасындагы чемпиондукка ушул жылдын сентябрь айынан тарта катышууда.
– Казакстанда спортко болгон мамиле кандай экен?
– Кызымдын атасы казак болгондуктан ал Казакстандын желеги астында чыгууда. Бирок Москвада жашап жүргөн кезде Орусиянын атынан чыкчу. 2013-жылы гана Элизабет казак же кыргыз желеги астында чыгуу керектигин ойлондук. Кыргызстан тууралуу сураштырып көрсөк, бизде муз үстүндө бийлөө боюнча федерация жок болуп чыкты. Казактарда кыздар арасында Элизабетке чейин дүйнөнүн мыкты спортчулары менен атаандашкан муз тебүүчү чыккан эмес. Мындай жолду түптөп, биринчи болуу да өтө оор болду.
– Бир сезонго даярданыш үчүн кеминде канча каражат сарпталат?

– Мисалы, өткөн сезондо 9 жолу эл аралык мелдештерге катыштык. Анда кызыма, мага жана машыктыруучуга учакка билет жана мейманканада жашоону эле эсептеп көрүӊүз?! Мындан тышкары машыгуу үчүн муз аренасын ижарага алуу, хореограф, машыктыруучуга өзүнчө акы төлөнөт. Мелдешке чыгуучу костюм 2500 доллар болсо, коньки 700 доллардан өйдө. Ошондой эле мелдешке чыгуучу программаны даярдоого 5 миӊ доллардан ашык сарпталат. Кыскасы, бул спорт эӊ кымбат спорт түрлөрүнүн катарына кирет. Каражат жетишсиз болсо, ийгиликти багынтуу оор.
– Учурда Канадада жашап жатыпсыздар. Кыргызстанга келип турасыздарбы?
– Ооба, азыр Канаданын Торонто шаарында жашап, машыгабыз. Бир жылда бир жолу Кыргызстанга, Аксыга барып турабыз. Дүйнөнүн ар бурчунда эл аралык мелдештер орун алат, андыктан көп каттоого бош убакыт тартыш.

«ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНДОРУ МЕНЕН ЧОГУУ МАШЫГАМ»
Канадада орун алган «Skate Canada» мелдешинде 15 жаштагы Элизабет Турсынбаева өзүнөн бир далай улуу жана тажрыйбалуу атаандаштары менен теӊ тайлашып, номерин татыктуу аткарып 7-орунду багынта алды.
– Салам, Элизабет. Канада Гран-приси кандай өттү?
– Чоӊдор арасындагы мелдештерге жакындан баштап катышып жатам. Мында атаандаштык өтө курч болот. Канада Гран-присинде жалпы 165 балл алып, 7-орунга илиндим. Быйылкы сезон жаӊы эле башталды, алдыда дагы көп мелдештер бар.
– Алдыда болчу мелдештерде америкалык Эшли Вагнер, орустардын Елизавета Тухтамышева, Юлия Липницкая сыяктуу спортчулары катышат. Алар менен атаандашуу кыйын болуш керек?
– Ооба, бул мелдештерде дүйнөнүн эӊ мыкты спортчулары катышат. Бирок биз эч качан башка өлкөнүн мыкты спортчулары менен атаандашпайбыз. Өз жумушубузду мыкты аткарууга аракет жасайбыз. Мыкты жыйынтык көргөзүү үчүн талыкпай эмгектенүү керек. Буга көп каражат сарпталып, көп мээнет талап кылынат.
– Олимпиада оюндарына катышуу максаттарыӊ барбы?
– Ар бир эле спортчу Олимпиада оюндарына катышкысы келет. Алгач Казакстан чемпиондугун жеӊүүнү тилек кылып, ал максатыма жеттим. Эми Олимпиадага катышып, медаль алуу үчүн талыкпай машыгышым керек.
– Кайсы спортчуну баалайсыӊ? Сен үчүн муз үстүндөгү хан айым ким?
– Кыздар арасында Олимпиада чемпиону кореялык Ю На Кимди баалайм. Ошондой эле эркектер арасында Олимпиада чемпиону япониялык Юдзуру Ханюну белгилейм. Алар менен чогуу машыгабыз. Биздин машыктыруучубуз Брайан Орсер үчөөбүздү тарбиялап келет.

Мелдештерде апасы жана машыктыруучусу дайым бирге жүрөт.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Clara_Zh
2015-11-09 09:55:36
Падишахан эже, сиздерге ийгилик жар болсун! Балдарынызды мыкты тарбиялайсыз көз тийбесин!
+3
asdef
2015-11-09 10:15:43
Кыргыз экени кубандырат
+3
asdef
2015-11-09 10:16:07
Жээн экен да
+2
Ledi89
2015-11-09 11:53:13
Ийгилик каалайм. Кыргыстанда да Спортко конул бурушса спорт залдарды ондоп каражат болсо бизден да мыкты спортучулар чыгат эле.
+6
ALBIKA
2015-11-09 14:03:31
Ийгилик каалайм.Чон-чон ийгиликтердин ээси бол!
+2
Isken.der
2015-11-09 15:21:05
Жээнибизге ийгилик!!
+2
tin-tina
2015-11-09 16:43:14
Апасына рахмат молодец
+2
hanisa
2015-11-09 17:02:42
Кыргызстанда федерациясы болсо деле барыбир Казаъстанда тандашмак ал жакта спротчуларды жакшы карайтта
+5
tynar92kg
2015-11-09 17:05:01
Аксынын жээни экенсинда азамат. Ушундай кызды тарбиялаган апчибизге Рахмат.
+2
bosmos777
2015-11-10 15:23:58
Мекенчил эже! Уй булолук бакыт каалайбыз! Карындашыбызга келечекте Кыргыз Казакты дуйного тааныткан, ээбегейсиз чон ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз!
+1
aika8705
2015-11-10 16:24:52
Ушундай кубандырган жанылыктар коп болсо, ийгилик азаматсын!!! ата энесине рахмат кызы учун бардык мумкунчулукторду тузуп берген.
+1
bolsunalban
2015-11-12 00:12:54
Азаматсың! Ийгилик.
0
Ruslan_d
2015-11-12 23:50:53
Азаматсын!
0
Zarema94
2015-11-14 11:37:50
Кыргыздар таланттарга бай! Шарт,колдо0 жок...
+1
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан