2007-ЖЫЛДЫН ТӨЛГӨСҮ

Оттуу доңуз жылы чыгыш эсеби менен 17-январда башталат. Доңуз – түшүмдүүлүктүн, өжөрлүктүн, максатка умтулуучулуктун символу болгондуктан, бул жылды ар тараптан ийгиликтер коштойт. Адамдар жашоонун кубанычтарын баалоону үйрөнүшүп, жаңы билимдерге умтулушат. Коммерциялык иштерге салыштырмалуу өндүрүштүк иштер жакшы өнүгөт.

ЧЫЧКАН
1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996
Өзүңүздүн чыныгы талантыңыз менен жөндөм­дүүлүгүңүздүн анык баасын билесиз. Жашоодо тандап алган жолуңуздун тууралыгын сезип, кубаттанасыз.
Жеке жашоосунда
Ички жандүйнө маселелерин чечүүчү жыл. Ошондуктан, жашооңузга өзгөртүү киргизүү менен өзүңүз да өзгөрү­ңүз. Маанилүү делген мамилелердин чындыгын тактаңыз. Көпчү­лүгү­нүн романдары жыл ортосуна барып өчөт.
Жумуш жана акча жаатында
Чөйрөңүздөн, жетекчиңизден колдоо жана жеңилдиктерди күтпөй, өз күчүңүзгө гана таянып иш кылуу менен жашооңузду оңдой аласыз. Күздүн башталышында абдан кирешеге туйтунасыз.
Ишиңиздеги жаңы багыт өзүңүздү кайрадан тарбиялоого жеткизет. Дагы бир кесипти үйрөнүүгө жетишсеңиз, кошумча акча булагын таба аласыз.
Денсоолугу
Январда, майда жана октябрда боор жана тамак-аш сиңирүү жолдорунун ооруга чалдыгышына коркунуч бар. Ошондуктан, бул органдарында мандеми барлар диетага отуруулары зарыл. Сентябрда көбүрөөк эс алууга көңүл буруңуз. Болбосо өнөкөт баш ооруга чалдыгасыз.

УЙ
1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997
Өзүңүздү эркин, ишенимдүү жана ийгиликтердин ээси катары сезесиз. Албетте, бул үчүн сапарларга чыгып, чөйрөңүздү кеңейтүү керектигин унутпаңыз.
Жеке жашоосунда
Жеке жашооңузда өзгөрүүлөр болот. Жашоонун жаңы толкунунда сүзүүгө алдын-ала даяр болсоңуз, бардыгы жайында болмокчу. Бойдоктор акыл-эсин жогото бирөөнү сүйү­шөт же никеге турушат. Башкалардан кеңеши­не көңүл бурбай өзүнө абдан ишенүү­чүлүк опур­талдуу оюнга жеткириши ыктымал.
Жумуш жана акча жаатында
Аракетиңиздин жемиши жаман болбойт. Мисалы, жаңы достор, жаңы мүм­күнчүлүктөр, кирешеңиздин көбөйүшү, карьераңыздан жогорулоо дегендей. Августта үйбүлөлүк бизнес баштасаңыз, бат ийгиликке жетишесиз. Кошумча билим алсаңыз пайдалуу болмокчу.
Денсоолугу
Оор иштерди аркалоо үчүн өзүңүздү жакшы физикалык формада кармооңуз керектелет. Сапаты шектүү тамак-аштарды колдонбоңуз. Май айы менен октябрдын башталышы жаракаттарга жакын болгондуктан, сак болуңуз.

ЖОЛБОРС
1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998
Эл көзүндө жана окуялардын борборунда болуу тилегиңиздин аткарылышы кылган ишиңиз менен кылык-жоругуңузга жараша болот. Ийгиликке жетүү үчүн жумшак жана дипломатиялык мамилени колдонуңуз. Үйбүлөлүк маселелерди чечүүдө өжөрлүк көрсөтүңүз.
Жеке жашоосунда
Өмүрлүк шерик издеп жүргөндөрдүн жана мамилесин нике менен бекемдегиси келгендердин тилеги ишке ашат. Сүйүү жаатындагы шектүү мамилелердин арты жакшы бүтпөйт. Көпчүлүгү кээ бир кырдаалдардан улам сүйүүгө болгон көз караштарын өзгөртөт.
Жумуш жана акча жаатында
Доңуз жылы өзгөчө карьерасынан өскүсү келгендерге ийгиликтерди тартуулайт. Кирешеңиз көбөйүп, популярдуулугуңуз менен аброюңуз өсөт. Антсе да эксперименттер кыйроого алып келээрин унутпай, андан алыс болуңуз.
Денсоолугу
Активдүү жашоо образы денсоолугуңуздун кепилдиги боло тургандыгын эске алыңыз. Терс эмоциялардан убагында кутулууга аракеттениңиз. Жазында таттууларды жана ун азыктарынан даярдалган тамак-ашты чектеп колдонуңуз. Марттын башталышында дамамат уйкусуздук келип чыгышы мүмкүн. Иммунитетиңизди элдик каражаттар менен чыңдаңыз.

КОЁН
1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999
Каалоолоруңуз аткарылчу жыл. Өзгөчө өзүңүздү кандайдыр бир чыгармачыл ишке арнасаңыз, доңуз жылы сизди күчтүү, ишенимдүү, бай жана табылгалуу кылат. Башка жакка көчүүнү каалагандарга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Жеке жашосунда
Үйдөн алыскы жолдордо сизди ачылыштар менен жашооңузду жаңы нукка бура турган таанышуулар күтөт. Ошондуктан, эч нерсени өзгөртүүнү каалабагандар көп нерседен куру калышат. Үйбүлөлүүлөрдүн мамилелери чыңалып, чоң иштерди бүткөрүшөт.
Жумуш жана акча жаатында
Бир орунда отурууга болбойт. Издениңиз, сапарларга чыгыңыз, жаңы иштен өзүңүздү сынап көрүңүз. Ошондо гана көп нерсеге жетишип, даңктана аласыз. Чоң мүлккө ээ болууну калагандардын тилеги августтан кийин ишке ашат.
Денсоолугу
Январь, февралда тумоо-бучкак денсоолугуңузга бир топ кесепетин тийгизет. Ошондуктан, витаминдерди кабыл алууңуз керектелет. Жайында күнгө күйүү менен иммунитетиңизди чыңдап алыңыз. Сентябрда диетага отуруу гастриттен сактайт.

БАЛЫК
1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000
Жаңы достор, жаңы өнөктөштөр табылат. Ар бир ай окуяларга бай болуп, көңүлдө көп жакшы таасир калтыра алат. Жаңы идеяларды ойлоп таап, жаңы көз караштарга ыктайсыз.
Жеке жашоосунда
Эгер бактысыз сүйүүнүн курмандыгы болгуңуз келбесе, жаңы мамилелерге олуттуу маани берүүңүз керектелет. Сүйүк­түүмдү жоготуп албаймынбы деп дайым коркунучта жүргөндөр мындай коркунучтан кутулмайынча жүрөктө­рүн толук сүйүү ээлеши кыйын экендигин эске алуулары зарыл.
Сүйүүдөн жолу болбогондор өздөрүн башка нерсеге алагдылануу менен жооткотушат.
Жумуш жана акча жаатында
Өзүңүзгө белгилүү иштен гана майнап чыгарып иштеп, көп акча таба аласыз. Моралдык жана материалдык колдоону болжолдобой туруңуз. Кыскасы, жаңы ишке баш бурбай жылды тынч, бир калыпта өткөрсөңүз болот. Карьераңыз май айынан баштап өргө жогорулайт.
Денсоолугу
Февраль айында өнөкөт оорулар козголот. Чөп дарыларга басым жасаңыз. Жазында депрессияга түшүүнүн ордуна көңүлдүү кечелерге барыңыз. Сентябрда жаңы каражатты колдонуудан мурда врач менен кеңешип албасаңыз, кесепетке туш келесиз.

ЖЫЛАН
1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001
Сизди татаал жыл күтөт. Жагымсыз кырдаалдардын жана ойлонулбаган кадамдардын артында чөйрөдөгүлөрүңүз менен мамилеңиз курчуп, финансыда жоготууларга чейин жетүүңүз мүмкүн. Өзгөчө мыйзам бузууларга жол койбоңуз.
Жеке жашоосунда
Тагдырыңызды бардык жагынан сизге төп келбеген адам менен байланыштырып алууңуз ыктымал. Андыктан, калыс кеңештерге кулак түрүңүз. Үйбүлөлүүлөр жандүй­нө­сүнүн жабыркоосуна жай айларында туш келүүлөрү мүмкүн.
Жумуш жана акча жаатында
Кээ бирөөлөр өздөрү каалабаган эле ишке орношуп алуулары ыктымал. Таасирдүү тааныштарына таянгандар кредит алууга жетишип, абалдарын чыңдап алышат. Кайраттуулугун курч акыл менен айкалыштырууга жетишкендер жаңы, жакшы орунга ээ боло алышат. Финансы жаатындагы түшүмдүү ай болуп июнь, сентябрь эсептелет.
Денсоолугу
Жыл ичинде стресстердин артында аллергиялык оорулардын келип чыгышы мүмкүн. Андыктан, убагында эс алууга, жаман окуяларды эстебөөгө тырышыңыз. Жайында богок оорусунун келип чыгуу коркунучу бар. Андыктан, тамак-ашыңызга балыкты, деңиз капустасын кошуңуз.

ЖЫЛКЫ
1930,1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002
Өзгөчөлүккө умтулуулар калыптанган жашооңузду башка нукка бурат. Олуттуу мүнөз күтүүгө өткөндөр гана оңунан чыкпай калуулар менен натыйжасыз иштердин алдын алган болот. Жылдыздар жайдан баштап жүрөгүңүздүн түпкү­рүн­дөгү каалоолоруңузду аткарууңузга салымын кошот.
Жеке жашоосунда
Бирөөлөрдүн көзүнө түшүү үчүн аракеттердин аягы жакшы бүтпөйт. Сүйүүсүз баш кошуп калгандардын никеси ажырайт. Балалуу болууну каалагандардын тилеги ишке ашат. Жүрөктөрүнүн буйругу менен колдоо көрсөткүсү келгендердин шагын сындырбоолору кажет. Мында менменсинүү ашыкча.
Жумуш жана акча жаатында
Карьера жасоого март, октябрь, ал эми көбүрөөк акча иштеп табууга май, ноябрь айлары ыңгайлуу. Калган убакта ишиңиз оңунда эле жүрүп, кирешеңиз орточо болот. Көпчүлүгүнө февралда күтүүсүз жерден жаңы иш оруну боюнча сунуш түшөт.
Денсоолугу
Августка чейин денсоолугуңуздан камсанабай эле койсоңуз болот. Антсе да ашыкча чарчоодон качыңыз. Жайында эт азыктарынын ордуна сүт азыктарын, жаңгакты колдонгонуңуз туура.

КОЙ
1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003
Өзүңүздү сүйүүгө, билимиңизди жогорулатууга, саякатка арнасаңыз, жыл ийгиликтүү болот. Керексиз милдеттерден жана мамилелерден кутулуңуз. Анткени, жүк жеңил болсо жол да жеңил болот эмеспи.
Жеке жашоосунда
Жаңы таасирлерге кабылууга умтулууңуз күчөйт. Көз караштары сизге туура келген адамдарыңыздын ичинен сүйүү­ңүздү таба аласыз. Саякат жашоону жакшылап аңдоого жа­на өзүңүздү таанып билүү­ңүзгө салымын кошот. Болгону өзүңүзгө көңүл буруп, эл көзүндө болууга умтулуңуз.
Жумуш жана акча жаатында
Илим, чыгармачылык жана изилдөө иштери менен алагдылангандарды ийгилик менен аброй күтөт. Жашоо сизге ырайымдуу жүзүн бургандыктан, финансы жана карьера жаатында чоң ийгиликтерге жетишесиз.
Денсоолугу
Өз алдынча массаж жасоого үйрөнүңүз. Бул убак-убагы менен чыңалуудан арылууга көмөгүн тийгизет.
Майда жана октябрда ашказан, боор ооруларына кабылуу коркунучу бар. Капустаны, кара нанды анан сулу, арпа дандарынан даярдалган тамак-аштарды пайдаланыңыз.

МАЙМЫЛ
1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004
Жаңыча жашоо баштооңузга доңуз жылы мүмкүнчүлүк берет. Сөздөн ишке өтүп, жөндөмүңүздү көрсөтүүңүз талап кылынат. Чет элден иштеп келүүнү пландагандар көп күч жумшабаса, тилектери ишке ашпай калуусу мүмкүн.
Жеке жашоосунда
Чөйрөңүз өзгөрөт. Сиздин катарыңызда жаңы адамдар пайда болот. Бири пландаган ишиңизди ишке ашырууга көмөктөшсө, бири ишкердүүлүгүңүздү оң жолго багыттайт, үчүнчүсү досуңуз жана кеңешчиңиз болуп калат. Турмуш сапарына аттанууну каалагандар сезимдерине терең анализ жүргүзүп көрүшпөсө, артында өкүнүп калуулары ыктымал.
Жумуш жана акча жаатында
Жазында кесибиңизге байланышкан жагымсыз жагдайлардан улам финансылык абалыңыздын начарлоосу күтүлүүдө. Бул албетте, үнөмчүлдүктү талап кылат. Жеке бизнесин ачкандардын ити чөп жеп, каалагандай турак-жай сатып ала алышат.
Денсоолугу
Денсоолугуңузду оңдогондон тышкары келбетиңизди калыпка салып алууңузга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Антсе да активдүү жашоо образына өтпөсөңүз, тез эле толуп кетүү коркунучу бар. Жайында жакшы эс алууга жетишпесеңиз, кеч күздө ооруканага жатып калуу күтүлүүдө.

ТООК
1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005
Окуяларга бай болбосо да, чоң маселелер жаралбайт. Мамилелерин жөнгө сала албагандардын достору азаят. Сизге тааныш эмес багыттагы иштер сунушталат. Коркпой алып кете алсаңыз, жеңиш ачкычы сиздики.
Жеке жашоосунда
Жай ортосунда жеке жашооңузда кыйынчылыктар болот. Антсе да өз убагында тез чечим кабыл ала алууңуз менен кырдаалдан чыгып кете аласыз. Үйбү­лөлүү­лөр­дүн кээси туугандары кийлигише бергендиктен, башка жакка орун которушат.
Жумуш жана акча жаатында
Жетишилген ийгиликтерди сактап калууңуз үчүн ойлонулган иштерге гана кадам жасооңуз керектелет. Жеңишти сиздин колдон жулуп алууну көздөгөн атаандаштарыңыз чыгат. Абайлаңыз. Иштеген мекемеңиз жазында офис алмаштырат.
Денсоолугу
Жасалма кошулмалары көп суусундуктарды, сапатсыз тамак-аштарды колдонуу узакка дарыланууга алып келээрин эске алыңыз. Июнда жана декабрдын башында аздап ачка жүрүүгө көнүгүү пайдалуу.

ИТ
1922, 1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006
Көзгө көрүнөөрлүк алдыга жылыштар болот. Антсе да ийгиликтерге манчыркап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жибербеңиз. Жазында бардык тараптан милдетиңиз артканы менен жыйынтыгы кубанаарлык болот.
Жеке жашосунда
Жеке жашооңузда өзгөрүүлөр болот. Эски достукту жана ишкер жана үйбүлөлүк мамилелерди сактап калууга көп күч жумшайсыз. Бийкечтердин көбү көптөн күткөн "принцтерин" тааныштарынын ичинен эле табууга жетишет. Мырзалардын кээси жайында кыска убакытка созулуучу романдарга ыктайт.
Жумуш жана акча жаатында
Башкы куралыңыз куулук болушу шарт. Ошондо коомдогу ордуңузду табуу менен карьера жасай аласыз. Анын артында акчалуу болуп, турак-жай сатып алууңуз мүмкүн. Атаандаштарыңыз активдүү болуп, сизди чыр-чатакка аралашууңузга жеткирет.
Денсоолугу
Жыл башынан тартып августка чейин денсоолугуңузда орчундуу эч нерсе күтүлбөйт. Антсе да чыңалуудан арылуу үчүн күн режимиңизге спорт залда машыгууну же чуркоону кошуңуз. Күздөн тарта эски ооруларыңыз козголо баштап, текшерилүүдөн жана дарылануудан өтөсүз.

ДОҢУЗ
1923, 1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995
Ар багытта ийгилик колдоочу жыл. Болгону мүм­күнчүлүктү туура колдоно билүү кажет. Каалооңузда эмне болсо аны аткарууга киришиңиз. Дүкөн ачкыңыз келсе дүкөн ачыңыз, өзүңүздү соодадан сынап көргүңүз келсе аны жасаңыз. Неси болсо да тагдыр жылоолойт.
Жеке жашоосунда
Толук бактылуу болуу үчүн бирөөнү сүйүңүз жана өзүңүз да сүйүктүү адамга айланыңыз. Романтикалык саякатты жылдыздар октябрда тартуулайт. Үйбүлөлүүлөр балдарынын маселесинен улам күздө көп түйшүк тартышат. Сүйүк­түү­лө­рүн тапканга жетишкендер жайында мамилелеринде ажырым болбошуна кам көрүүлөрү зарыл.
Жумуш жана акча жаатында
Эргүү жана энергияңыздын толуп турушунун артында ийгиликтин, карьеранын жаңы тепкичтерине көтөрүлөсүз. Көпчү­лүгү маянасы жогору иштерге орношо алышат. Болгону майда нерселерге алаксыбай, чоң долбоорлорго киришүүлөрү керек. Оңой акча табууга азгырылгандар жайдын этегинде өзгөчө сабак болуучу кырдаалга туш келишет.
Денсоолугу
Денсоолук жаатында өз алдынча көп нерселерге үйрөн­сөңүз, олуттуу түрдө ооруп калууга жетпейсиз. Антсе да активдүү жашоо образын көнүмүшкө айлантып, та­мак­тануу режимин өзгөртүү­ңүз керектелет. Күздө жүрөк, кан тамыр оорусу барларга дарылануу керектелет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан