МЭЭНИН ШИШИГИ ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ ЖАНА КАНТИП ДАРЫЛАЙТ?

Мээнин шишиги дарылоого кыйын, ал тургай өлүмгө алып келүүчү оору. Бул дарт эмнеден пайда болот жана кандай дарылоо жолдору бар? Өлкөбүзгө чет өлкөдөгүдөй заманбап ыкмалар келип жеткенби? Муну ар тараптан карап көрөлү.

«ШИШИКТИ БАШ СӨӨКТҮ ТЕШИП АЛЫП ЧЫГАБЫЗ»
Кочкор Меӊдибаев, Улуттук госпиталдын №2-нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты:
– Акыркы кезде мээнин шишик оорусу да жашарып баратат. Бизге 18 жаштан баштап келишүүдө. Алгач шишик (рак) эмне экенин тактап алалы.
Шишик – бир гана клеткадан өсүп чыгат. Адамдын организминдеги, анын ичинде баш мээдеги клеткалар мыйзам ченемдүүлүк менен өсөт, бөлүнүп көбөйөт жана убактысы келгенде өлөт. Бул процесс организм тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат. Бирок кайсы бир себептерден улам мээнин бир жериндеги клетканын түзүлүшү өзгөрөт. Клетка көзөмөлсүз бөлүнүп көбөйө баштайт. Дал ушул клетка «рак клеткасы» деп аталат. Мындай клетка бөлүнүп көбөйүп отуруп шишикти пайда кылат.
Мээнин шишиги эмнеден келип чыгарлыгы тууралуу так маалымат жок. Бирок окумуштуулардын божомолуна караганда тукум куучулук, радиация, мээнин жаракатка кабылышы, экологиянын бузулушу, андан сырткары химиялык заттар менен көп иштөө таасир этет. Мээнин шишиги жалпы шишик ооруларынын 15 пайызын түзөт жана 2 түрү бар: залалсыз жана залалдуу. Эгер шишик айланасындагы ткандарды кысып, бирок аларга жайылбай өссө, анда залалсыз. Муну хирургиялык жол менен дарыласа болот. Бирок дарыланбай убагынан өткөрүп жиберсе, залалдуу түрүнө өтүп кетет. Залалдуу шишик өсүп отуруп тегерегиндеги клеткаларга жайылып кетет.
Биздин бөлүм 1 жылда 500дөй адамдын баш мээсинин шишигине операция жасайт. Өлкө боюнча мындай операциялардын саны 1 жылда 2500дүн тегерегин түзөт.

ШИШИКТЕРДИН НЕГИЗГИ БӨЛҮНҮШҮ

 Нейроэпителиалдык шишиктер (эпендимома, глиома, астроцитома). Мээнин тканынан өсүп чыгат.
 Мээнин кабыгынан өсүп чыкчу шишик (менингиома).
 Гипофиз безинин шишиги (гипофиздин аденомасы).
 Мээнин нервдеринин шишиги (невринома) жана башка.

БАШКЫ БЕЛГИСИ – БАШТЫН ООРУСУ ЖАНА АЙЛАНЫШЫ
Мээнин ар бөлүгү ар түрдүү кызматтарды аткарат. Оорунун белгилери да шишик мээнин кайсы бөлүгүндө өсүп чыкканына жараша болот. Мисалы, гипоталамус аркылуу ысык-суукту сезип, эмненин элеси экенин (адамдын, жаныбардын жана башка) ажыратып билип турабыз. Эгер гипоталамуста шишик өсүп чоӊоюп кетсе, анда адам ысык-суукту, элести ажырата албай калат. Каракуш мээ теӊ салмакты сактоого, кыймыл-аракетке жооп бергендиктен шишикте адам теӊ салмагын сактай албай теӊселип басат, кыймылдай албай калат. Шишик көрүүгө жооп берүүчү бөлүктө болсо, көрүү начарлайт. Угуу, даам жана жыт билүүчү бөлүктө болсо, анда даам, жыт билүү, угуу начарлайт. Негизи шишик түрлөрүн коштоп жүрүүчү жалпы белгилер болуп баш оору, баш айлануу, кусуу, эс тутумдун начарлашы, талма (кээ бирлерде)эсептелет.

ДАРЫЛООДО БИР ГАНА ЖОЛ БАР – АЛ ОПЕРАЦИЯ
Операция жасап гана айыктырууга болот. Так диагноз коюу үчүн магниттик-компьютердик томографияга тарттырабыз. Операцияда жалпы наркоз берилет жана трепанация ыкмасы (шишикти баш сөөктү тешип алып чыгуу) колдонулат. Операциядан кийин эмгекке жараксыз болгонуна байланыштуу белгилүү убакытка майыптыкка чыгарылат. Убактысы бүткөн соӊ кайра медициналык текшерилүүдөн (ВТЭК) өткөрүлөт. Эгер дагы деле эмгекке жараксыздыгы аныкталса, анда майыптык убактысы узартылат.
Залалдуу шишик болсо, аны алгандан соӊ Улуттук онкологиялык борборго жөнөтөбүз. Ал жактан химиялык же нур терапиясын жүргүзүшөт.

«ШИШИКТИ МУРУН КӨӉДӨЙҮ АРКЫЛУУ АЛАБЫЗ. АДАМ 1 АПТАДАН КИЙИН ИШКЕ ЖАРАП КАЛАТ»
Бакытбек Турганбаев, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш медициналык саламаттыкты сактоо борборунун директору
– Биздин борбордо акыркы үлгүдөгү заманбап ыкмаларды колдонобуз. Алып айтсак, баштын гипофиз безинин шишигинде (гипофиз аденомасы) атайын медициналык шаймандарды колдонуу аркылуу шишикти мурун көӊдөйү аркылуу алып чыгабыз(транссфеноидалдык аденомэктомия). Бейтап операция болгондон кийин 4 күндө үйүнө чыгып, 1 апта дегенде жумушуна бара берет. 1 жылдап майыптыкка чыгуу деген жок.
Өлкөбүздөгү ооруканаларда омуртка аралык грыжаны омуртканы ачып алып чыгаруу ыкмасы дале колдонулат. А биз атайын ыкма менен омуртканы ачпай, керектүү жерди көзөп эле шайман менен илип алып чыгабыз (эндоскопиялык дискэктомия). Башкача айтканда, операцияда кескилеп жаракатты көбөйтпөйбүз жана операциядан кийин оорутуу аз болот. Кан да аз кетет. Кээ бир мекендештерибиз чет өлкөгө дал ошол үчүн: жаракаттын аздыгы жана операциядан кийин бат калыпка келүү үчүн барып жатышат. Ал жакта операция кымбат тургандыктан үй-жайын, малын сатууга аргасыз болушат. А биздин борбордо дарылануу акысы чет өлкөдөгүдөн 10 эсе арзан. Демек, материалдык чыгым аз кетет.

Баш мээнин бөлүктөрү, аткарган милдеттери.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Ledi89
2015-11-09 14:29:40
Эчким оорубасын. Жаман дарт менен. Врачтардын ишине ийгилик, ооруган адамдарды сакайтып журоберишсин.
+11
Mars55
2015-11-09 16:55:38
Урматтуу супер инфо тиш жонундо жазып койгулачы тишим ооруп жатат.
+1
admin_superstan
2015-11-09 17:13:49
Mars55, саламатсызбы! Тиш тууралуу макалалар:
http://www.super.kg/allsearch/?search_term=стоматолог&where_to_search=article&x=11&y=3
0
benni
2015-11-09 19:51:24
Кудайым ОЗУ сактасынчы...
+1
bibi87
2015-11-10 00:20:56
Админ.тиш жонундогу ссылкага кирсем ачпай жатат го мага да жонотуп коюнузчу
+1
Latyshka
2015-11-10 11:01:05
bibi87, бассан, ачылат. Мен кирип эле атпаймынбы.
0
bibi87
2015-11-11 21:11:44
Latyshka,бастым,коп жолу,башкы бетке чыгып кетип жатат....
0
anara2015
2015-11-10 07:31:42
Тишти кантип агартса болот?ошол боюнча жазыныздарчы сураныч
-1
admin_superstan
2015-11-10 11:02:04
anara2015, саламатсызбы!
Тишти агартуу тууралуу макалалар:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=тишти+агарт&x=0&y=0&media_search=1
0
insap
2015-11-10 08:22:04
Бул жазмадан да адам денесинин саламаттыгына байланыштуу зарыл билимден бирди билип алдым, жөнөтүүчүгө алкоо!
0
friendwipkg
2015-11-10 16:19:41
Эпилепция жөнүндө жазгылачы.
0
admin_superstan
2015-11-10 16:59:29
friendwipkg, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
0
jypawra
2015-11-10 21:31:47
Бир жашка чейинки балдардын ыйлаганда эмне учун оозунун айланасы когорот, шилекейи узак убакыт эмне учун агат, ичи катканда эмне кылуу керек ушулар жонундо кенениреек жазсанар. Алдын ала рахмат.
0
admin_superstan
2015-11-11 10:53:19
jypawra, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Apyyke
2015-11-10 21:37:38
Биздин атабыз да баш мээсинен шишик алдырган. Бир тарабы жаешы иштебейт. Коруусу начар, 2- топтогу майыптыка чыгарылган.
0
fashion_nur
2015-11-12 23:02:04
Супер Инфо кесарево сечение жонундо жазгылачы суранам
0
admin_superstan
2015-11-13 09:49:44
fashion_nur, саламатсызбы!
"Издөө" функциясын колдонууну сунуштайм.
Ал эми сиз сураган макала:
http://www.super.kg/article/show/32953
0
femida86
2015-12-19 01:21:34
супер инфо, мээ шишигин алдырып, сакайып, мурдакыдай жашоо кечирип жургондор жонундо да бир аз маалымат бере кетсенер. Кочкор Мендибаев, сизге чон рахмат. ушундай коркунучтуу дарттан элдерди сакайтып, жаны жашоо тартуулагандыгыныз учун.
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан