Тургуналы Нурматов, композитор, ырчы: «КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИ» ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАГЫ ВИЗИТТИК КАРТОЧКАМ»

«Кыргызымдын жигиттери», «Той ыры», «Жымыӊдайт жылдыз» аттуу ырлар көптөгөн ырчылардын жолун ачып, элге таанытты. Азыр да аталган чыгармалар той-кечелерде ырдалып, шаӊдуу музыкасына бийлеп келе жатабыз. Так ушул ырлардын обондорун жазган ырчы Тургуналы Нурматовдун атактуулукка карай баскан жолуна токтололу.

Туулган жылы, күнү – 1955-жыл, 25-декабрь
Туулган жери – Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылы
Алгачкы обондуу ыры – «Эстейм, апа»
Алгачкы концерти – 1982-жылы Талас районунун мектептерине концерт берген.
Алгачкы клиби – «Эстейм, апа». Апасынын 70 жылдыгына белек кылып, клипке энесин тарткан.

«ТЕРДЕП ЖАТЫП КОНЦЕРТТЕ 4-5 ЖОЛУ КӨЙНӨК АЛМАШТЫРЧУМУН»
-Бала кезде ырдын пири Рыспай Абдыкадыровдун кереметке айланган кайрыктарын угуп чоӊойдум. 1972-жылы мектепти аяктагандан кийин түз эле ырчы болууну тандап, музыкалык билим алуу үчүн Таластан Ошко баргам. Рыспай аке (ред. Абдыкадыров) менин ырчы болушума үлкөн салым кошкон, аккордеон черткенди, кантип ырдаш керек экендигин ошол киши үйрөттү. Студент кезимден тартып эле обон чыгарып, ыр жазып баштадым. Апамды сагынып, 1980-жылы алгачкы «Эстейм, апа» деген ырымды жазгам. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин туулган жериме барып, Күмүш-Так колхозунун Маданият үйүндө иштеп баштадым.
1990-жылы шаарга көчүп келип жаӊы чыгармаларды жазып, эл аралап гастролго чыгып жергебиздин жети дубанын кыдырып да жүрдүм. Бир жолу Токтогул районунун Совет айылына концерт коюп бардык. Маданият үйү жок болгондуктан ачык асман алдында ырдап жатканбыз. Аӊгыча күн бүркөлүп мөндүр жаап баштады. Элге «жамгырда суу болосуздар, эртеӊ концертти бекер коюп берейин, үйүӊүздөргө бара бериӊиздер» десем, «сен ырыӊды ырдай бер, таш жааса да угабыз» дешип көшөрүп кетпей коюшканы эсимде. Көрсө, ал Нурматов болуп жылдызым жанган, добулбасым жаӊырган мезгил экен.
1991-жылы алгачкы ирет Бишкекте «Кыргызымдын жигиттери» аттуу топ түзүп, филармонияда концерт бердик. Афишага концерт 3 күн болот деп жазган элек. Элдин суранычы менен ал концертибиз 17 күнгө созулган. Мен сахнага чыкканда аккордеон тартып 5-6 ырды аткарчумун. Ырдап бүткүчө чыкпаган жеримден тер чыгып, кийимим сыгып алма суу болуп калчу. Бир күндүк концертте 4-5 жолу көйнөк алмаштырар элем. Ошол концертимден түшкөн акчама борбордон, Таластан үй сатып алгам. «Ырчынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн кул көрөт» демекчи, жакшы да, жаман да күндөрдү өткөрдүм. Чыгармачылыктан дос да, душман да таптым.

«ЭЛ АЛДЫНА КӨПКӨ ЧЫКПАЙ КАЛГАНЫМА ДЕН СООЛУГУМ СЕБЕПКЕР»
-«Кыргызымдын жигиттери» аттуу ыр менин визиттик карточкам. Азыр да МАИ кызматкерлери токтотуп калса, ушул ырдын авторумун десем, ак жол каалап коё беришет. Чыгармачылыгым гүлдөп турган мезгил 1990-жылдардын башында болду. Эгемендик алгандан кийин көпчүлүк маданият кызматкерлери тарткан түйшүктү тартып, чыгармачылыктан алыстап кеттим. Анын үстүнө ден соолугум начарлап, өзүмө келгенче убакыт өтүп кетти.
Өткөн жылы сентябрь айында «Супер-Инфо» гезитине интервью бергенден кийин чыйралдым. Кайрадан эл алдына чыккым келди. 60 жашка келгенде экинчи демим ачылып, чыгармачылыкка кызуу кириштим. Гезитке маек чыккандан кийин концерт берейин деген ой пайда болду. «Кыргызымдын жигиттери» деген ырыма клип тарттырдым. Аталган клипке көкүрөк күчүгүм Ислам да тартылган. Ал «мен дагы ырчы болом» деп бизди кубандырып жүрөт. Азыр менин эрмегим, жашоого үмүт берген адамым ушул уулум.

Клара Жумагулова, жубайы: «ТУРГУНАЛЫНЫН МҮНӨЗҮ АБА ЫРАЙЫНДАЙ»
-Ырчы катары бул кишини мурдатан эле билчүмүн. 1987-жылы медициналык окуу жайда окуп жатканымда биздин жатаканабызга концерт коюп келишти. Анда мен 18 жаштагы кыз болчумун. Тургуналынын «Сүйүү элеси» аттуу ырын угуп кыздар суктанганбыз. Ичибизде жактыруу сезимибиз болсо да уялганыбыздан аны билгизе алган эмеспиз.
Жолдошум менен ажырашып жүргөн учурда экөөбүз тойдон жолугуп жакындан таанышып калдык. Ал учурда Тургуналы да жубайы каза болуп жалгыз бой жүргөн экен. Көпкө чейин сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү ал «Клара, баш кошуп алсак мындан да жакын болобуз. Мен да жалгыз, сен да так өтмөк белеӊ. Бир үй-бүлөдө бир жаздыкты жазданбайлыбы?» деп калды. Сунушун кабыл алып жашап жатканыбызга 6 жыл болду. Ортобузда 5 жаштагы уулубуз бар. Тургуналыга жаш кезинде турмушка чыксам эмдигиче Эл артисти кылып коймокмун. Азыр колумдан келишинче чыгармачылыгын колдоп, кайрадан эл алдына чыгуусуна аракет кылып жатам.
Жолдошумдун мүнөзү аба ырайындай. Ден соолугу жайында болсо, маанайы шат, бир жери ооруп турса, кабагы бүркөлө калат. Кичине нерсеге таарынып, кайра бат эле жазылып кетет. Ага кандай мамиле жасап, кантип сүйлөсөм маанайы көтөрүлөрүн билип алгам. Тургуналынын биринчи турмушунан 5 баласы бар. Бардыгы менен мамилем жакшы. Үй-бүлөлүк маселелер чыкса мени менен кеӊешип, акылдашып турушат.

Кушчубек Сатаев, Чубак Сатаевдин бир тууган иниси: «ЧУБАК АГАМ ЭКӨӨНҮН ОРТОСУНА БУЗУКУЛАР ОТ ЖАККАНЫНА ӨКҮНӨМ»
-Бул ырчыны эс тарткандан бери тааныйм. Биз бала кезде ал Күмүш-Так колхозунун Маданият үйүндө иштечү. Келинчеги мектепте физикадан сабак берчү эле. Мен анын «Сүйүү элеси» деген ырынан таасирленип аккордеонду үйрөнгөм. Маданият үйүнө көп барчумун, анткени Чубак агам (ред. Сатаев) да ошол жерде иштечү. Кийин экөөнүн теӊ атагы таш жарып турган мезгилде бузукулар ортолоруна от жагып, уруштурганына өкүнүп кейип калам.
Бул киши менен гастролдорго кошулуп чыгып жеке адам катары мамилебиз артып, өкүл ата кылгам. Бүгүнкү күнгө чейин үй-бүлөлүк катыштабыз.

Клара Алибекова, ырчы: «КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИН» ЭЛ БҮГҮН ДА ЖАКШЫ КАБЫЛ АЛАТ»
-1993-жылы Айтбек Толубаев деген байке Тургуналы Нурматовдун «Кыргызымдын жигиттери» аттуу ырын угузуп, «сен дагы ушул ырды аткар» деген сунушун айтты. Ал учурда мен 5-класста окучумун. Макул болуп ырдап чыктым. Ыр элге бат алынып, тойлордо байма-бай жаӊырып баштады. Тургуналы байке Жалал-Абадга барганда мага «жакшы ырдап чыктыӊ, азамат» деп ыраазычылыгын билдирген. Элге ушул чыгарма аркылуу таанылганыма байланыштуу азыр деле ырдасам эл жакшы кабыл алат. Андыктан сөзүн жазган акын Кыялбек Урманбетовго, обонун чыгарган Тургуналы Нурматовго миӊ мертебе ыраазычылыгымды билдирем.

«Рыспай Абдыкадыров аккордеон черткенди, кантип ырдаш керек экендигин үйрөттү».

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
madina.87
2015-11-10 07:49:35
Айгеримдин атасыбы?Аябай окшош экен ээ...
+1
aidai88
2015-11-11 12:15:30
madina.87,мен эч эле окшото албадымго.Бирок Расул,Айгерим,баласы учоосу бир тамчы суудай окшошко ишениш кыйын.Айгерим апасынада окшобойт.
0
elina
2015-11-10 09:04:28
ообо ооба мен да ушинтип уккам, Айгеримдин атасы деп....
0
janarbek
2015-11-10 09:47:18
Супер-Инфо саламатсынарбы, Клара Алибекованын аткаруусундагы "Кыргызымдын жигиттери"м ырынын ЭСКИ ВЕРСИЯСЫН жүктөп коюңуздарды көптөн көп өтүнөбүз.
0
admin_superstan
2015-11-10 10:38:12
janarbek, саламатсызбы!
Тилекке каршы, ыр аткаруучунун архивинде жок экен. Таап калсак, жүктөөгө аракет кылабыз.
0
dubai
2015-11-11 01:49:21
постоянно именно Айгерим менен гезиттин санына чогуу чыгып калат да негедир........
0
AK-47.
2015-11-12 19:46:03
Тургуналы аке . Айгеримдин атасы экенин мендагы уккан жайым бар . Расул акеге берип жатып аты жонун озуно откоруп ал мен эч качан талашпайм деген экен. Расул акенин кайсыл бир концертинде Айгеримдин бийлегенин корупбу же ырдаганынбы Тургуналы аке ыйлаган дешет
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан