«Виа Гра» тобунун экс-солисти, ырчы, актриса, алпаруучу Вера Брежнева менен аталган топтун продюсери, композитор Константин Меладзе расмий түрдө баш кошушту. Италияда өткөн үйлөнүү салтанатынан кийин дароо Венецияга бал айын өткөрүү үчүн сапар алышкан жан шериктердин сүйүү романы тууралуу баяндайбыз.
БИР УБАКТА УРАГАН 2 ҮЙ-БҮЛӨ
Вера Брежнева менен Константин Меладзе биринчи жолу 2002-жылы жолугушкан. Анда «ВИА Гра» тобунун концертине барган 20 жаштагы Вера Галушкага (ред. Вера Брежнева) жөнөкөй көрүүчү катары топтогу ырчы кыздар менен бирге «Попытка №5» ырын аткаруу мүмкүнчүлүгү буюрат. Топтун солисттеринен ырдоо, бийлөө жагынан кем калбаган жаш сулууга аталган топтун продюсери Дмитрий Костюктун көзү түшүп, Киевге кастингге чакырат. 2003-жылы топтун курамы жаӊыланып, ага Брежнева деген сахнадагы каймана фамилиясы менен Вера кошулат. Бул учурда ал Виталий Войченко менен жашап жүргөн. Экөөнүн ортосунда Соня аттуу кызы бар. Ал эми «ВИА Гранын» алгач музыкалык, кийин негизги продюсери болгон Константин Меладзе 1994-жылы баш кошкон жубайы Яна Меладзе менен 2 кыз, 1 уулду тарбиялап жатышкан.
2006-жылы Брежнева ишкер Михаил Киперманга турмушка чыгат. Бир жылдан кийин топту таштап, жеке ырчылык карьерасын баштайт. Ырчынын өз алдынча иштөөсү атактуулугун ого бетер арттырат. Орусиянын эӊ сексуалдуу айымына айланып, ар бир ыры хит-параддардын сап башынан түшпөй жаӊыра баштайт. 2009-жылы экинчи кызы Сараны жарыкка алып келет. 2012-жылы Вера менен Михаилдин үй-бүлө очогу ураса, бир жылдан соӊ Константин Меладзе менен Янанын 19 жылдык никеси бузулган.
10 ЖЫЛГА СОЗУЛГАН СҮЙҮҮ РОМАНЫ
Продюсер менен ырчынын ортосундагы мамиле тууралуу сөздөр 2005-жылдан бери айтылып келген. Бирок Вера да, Константин да «биз болгону доспуз, бул болбогон кеп» дешчү.
Бирок Меладзенин мурунку жубайы Яна берген интервьюларынын биринде ажырашууга күйөөсүнүн анын көзүнө чөп салганы себеп болгонун айтып, продюсердин сүйүктүүсү Вера Брежнева экенин, алардын мамилеси 2005-жылдан бери уланып келе жатканын белгилеген. «Костя экөөбүздүн 3 балабыз бар. Алар Вераны аябай жакшы көрүшөт. Мага дайыма «карасаӊ, Вера жакшы эле адам» деп айтышкандан тажашпайт. Костя мага айтпай эле балдарыбызды Вера менен тааныштырып коюптур. Эмнеси болсо да экөөбүз теӊ азыр бактылуубуз. Костя үйлөндү, мен башкага турмушка чыктым» дейт Яна.
Мындай ушак-айыӊга толгон сүйүү романы акыры сүйүшкөндөрдүн 23-октябрда расмий түрдө баш кошуусу менен биротоло ачыкталды. Алардын үйлөнүү салтанаты 7 гана адамдын катышуусунда Италиянын Форте-дей-Марми шаарында орун алды. Бул маалыматты эки тараптын менеджерлери тастыктап, азырынча жубайлар жаӊы турмушу тууралуу комментарий берүүгө даяр эмес экендигин айтышкан. Вера Инстаграмдагы баракчасына «Бакыт тынчтыкты жакшы көрөт. Аны баарына каалайм!» деп үлпөт көйнөкчөн түшкөн сүрөтүн жүктөдү.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg