ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (9-ноябрдан 15-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө алгылыктуу деле иш бүтпөйт, андыктан өзүӊүзгө кам көрүӊүз. Жакшы-жаманы аралаш жаӊылыкты күтө берсеӊиз да болот. Шейшембиде чогуу иштешкендерге жаӊы долбоор, идеяларыӊызды тартууласаӊыз колдоо таба аласыз. Жетекчилик менен коркпой-үркпөй айлыкты көтөрүү тууралуу сүйлөшүүнү да ушул күнгө пландаӊыз. Жума күнү буга чейинки ишиӊиз үчүн акчалай сыйлык алууӊуз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Шаршембиде көз карашыӊыздын тууралыгын ишендире алсаӊыз, карьераӊызга кеӊ жол ачылат. Бул күнү иштер да көп чыгып, кечке колуӊуз бошобойт. Жума күнү сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрөт. Чечилбеген маселелерди чечүүгө киришиӊиз. Ишембиде туугандар нервиӊиздин бекемдигин сынактан өткөрүүнү эртеӊ мененден башташат. Ушундан улам тынч эс алуу планыӊыз ойрондолушу ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта негизинен кызыктуу өтөт дешет жылдыздар. Келечекке жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жаӊы нерселерди өздөштүрүү менен билимиӊизди байытасыз. Бейшемби жагымдуу маанай тартуулайт. Бардык иштер, сүйлөшүүлөр сыдыргыга салгандай тегиз жүрөт. Жекшембиде бөөдө жаман кампанияга туш келип, маанайыӊызды түшүргүӊүз келбесе, чакырган жерге барбай койгонуӊуз дурус.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын башында активдүү болууга туура келет. Баарын ойдогудай жасасаӊыз, максатыӊызга бир топ жакындай түшөсүз. Болгону бир убакта эки-үч ишти колго алуудан качыӊыз. Шаршембиде эски достор менен жолугушууӊуз мүмкүн. Жума күнү алыстагы туугандардан белек же жакшы кабар келиши күтүлүүдө. Ишембиде чоӊ буюм сатып алууга шашылбаӊыз, өзүӊүзгө жакпай калуусу ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жеке жашоодо өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Жүрөгүӊүз ооруса да, келечеги жок эски мамилени үзүү керек болот. Бул маанайыӊызга таасир этип, ички дүйнөӊүз бир топ дүрбөлөӊгө түшөт. Шейшембиде акчалуу болосуз. Шаршембиде чөйрөдөгүлөргө жардамыӊыз тийип, алар бул үчүн сизди сыйлашат. Ишембиде көӊүл ачууну узакка созуп, чектен ашпаӊыз. Болбосо чатактуу ишке аралашуу коркунучу бар.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Тынч, жекече эс алууга, мамилелерди өнүктүрүүгө ыӊгайлуу апта. Бүтпөгөн иштерди бүткөрүп, кышка даярдык көрө берсеӊиз болот. Шейшембиде түйүндүү маселелерди чечүүгө жакындарыӊыз жардам берип, колдоо көрсөтүшөт. Жума күнү сатуу-сатып алууда абайлабасаӊыз, алданып калууӊуз ыктымал. Жекшембиде ишенимиӊизге киргиси келген адамдын чыныгы ниетин билип иренжийсиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада кадимки түйшүктөр убактыӊызды алмакчы. Жашоону жакшыртуу тилегиӊиз аздан ишке аша баштайт. Балдардын жана үйдү жылуулоо маселеси алдыӊкы планга чыгып, бир топ каражат жумшалат. Иште көрө албастар сыртыӊыздан ушактап, кыжырыӊызга тийишет. Баарын унутуп жакшылап эс алуу мүмкүнчүлүгү ишембиде жаралат. Белек алып чакырган тойго же кечеге жөнөйсүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада жүрөгүӊүздүн буйругуна эмес, акылга салып иш кылсаӊыз утасыз. Максатты ишке ашырууда эч ким менен талашпай, жумшак тил менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүӊүз. Жаӊы тааныштардын таасири артында сапарга чыгып, көп жаӊы нерселерди билип, оӊ таасирлерге ээ болуп келүүӊүз ыктымал. Жеке сырларды чала тааныштарга айта коём деп бөөдө кепке калуудан сак болуу оӊ.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында энергияӊыз азайып, өзүӊүздү начар сезишиӊиз мүмкүн. Дарыгерге көрүнүп, витаминдүү тамактанууга көӊүл буруу кажет. Иштерди бөлүштүрүп, жүгүӊүздү жеӊилдетиӊиз. Аптанын экинчи жарымында ишиӊизде орун алмашуулар болот. Жетекчилик кандай чечсе макул болуу зарыл. Апта аягында ойдо жок жерден олжолуу болуп кубанасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Буга чейинки жашооӊузга сырттан көз жүгүртүп, анализдеп көрүү сунушталат. Бул жашоодон эмнеге жетүүнү максат кылып, аларды ишке ашырууда эмнелер тоскоол болуп жатканын баамдаӊыз. Туура жол көрсөтүп, тирек болчу адамга кеӊеш сурап кайрылыӊыз. Апта ортосунда акчалуу болуп, апта акырында жаӊы адамдар менен таанышасыз. Барган жериӊизге буюмуӊузду унутуп кетүүдөн сак болуӊуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Шаршемби – капачылыктар менен таарынышууларды жазчу күн. Сизге капа болгон адамдардын көӊүлүн алыӊыз. Бейшемби күнү олуттуу чечим кабыл алууга даяр болуӊуз. Жума күнү документ толтуруу, келишимге кол коюу сыяктуу иштерди кылдат аткаруу керектелет. Ишемби, жекшемби күндөрүн үй-чарба иштерине арнасаӊыз, көп иш бүтүрөсүз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бирөөлөрдү колдонуп бир иштерди бүткөрүп алуу оюӊуз ишке ашпайт. Өзүӊүзгө гана ишениӊиз. Чөнтөгүӊүз жукарып, достордон карыз алууӊуз ыктымал. Иште жеке кызыкчылыкты көздөп бир топ талаптарды коёруӊуз күтүлүүдө. Бейшемби оор күн. Жолго чыгуу, операция жасатуу дегендерди артка жылдырыӊыз. Ишембиде коноктор эшигиӊизди кагышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан