ӨЛКӨ КЕЛЕЧЕГИ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА

Күчкө толуп турган жаштары дүкүлдөп иштеп, карылары сыйлуу төрдө отурган өлкөнүн келечеги жарык экени талашсыз. Бул жагынан алганда өлкөбүздүн жаштары коомдук иштерге жигердүү катышып жатканы кубандырат. Алсак, кечээ жакында өлкөбүздүн экономикасына салым кошууну самаган жаштарды колдоого багытталган «Жаштар ишкерчилиги» долбоорунун жеӊүүчүлөрү аныкталды. Долбоордун максаты жана анын жеӊүүчүлөрү тууралуу төмөндө сөз кылалы.

МАСКӨӨНҮ ЭӉСЕБЕЙ, АЙЫЛДАН ДЕЛЕ ИШ КЫЛСА БОЛОТ
Өлкөбүздүн көпчүлүк жаштары бакыт издеп Орусия менен Казакстанга кетсе, калгандары айылда иш жок борбор калааны көздөй агылууда. Бирок айылда деле иш кылып, киреше тапкандар да жок эмес. Алардын бири, Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын 23 жаштагы тургуну Жоомарт Асангазиев алыс кетпей киндик каны тамган жерде иш баштаган. Башкалардай юрист же экономист болууну самабай, жогорку окуу жайдан агроном кесибине ээ болуп, эки жыл мурда айыл аймагындагы Кайнар аралы деген жерге күнөскана курган. 300 чарчы метр аянттагы күнөскана курууга 12 миӊ доллар насыя алып сарптайт. Жер иштетүү боюнча билими анын ишин жеӊилдетип, бир жыл ичинде бир жарым миллион сом киреше табууга жетишкен.
Жоомарт ишин кеӊейтүүнү көздөп, «Кумтөр» ишканасынын каржылоосу менен өткөрүлгөн «Жаштар ишкерчилиги» программасына катышып, гранттык каражатка ат салышкан. 350дөй катышуучунун арасынан суурулуп чыгарына башында эле ишенген Жоомарт: «Жашылча-жемишти сырттан сатып алсаӊ кымбат. Мындан улам күнөскана иштетүүнү чечип, эки жылдан бери жаз, күз дебей бадыраӊ өстүрүп келе жатам. Долбоордо иштетип жаткан күнөсканамды кеӊейтүү максатын көрсөткөм. Ошондой эле кышкысын күнөскананы жылытууга жер алдынан чыккан 49 градустагы ысык сууну колдоном. Бул кеткен чыгымды азайтат. Дагы бир артыкчылыгым – тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөм»,- дейт.

ДАГЫ БИР КҮНӨСКАНА КУРУЛАТ
Мына ушул артыкчылыктар жеке ишкердин сынакта жеӊип чыгып, 8500 доллар гранттык негиздеги каражат утуп алуусуна жол ачкан. Ал бул каражатка дагы 300 чарчы метр аянтка күнөскана курууну пландап, жумушчулардын санын бешке жеткирүүнү максат койду. Себеби программанын талабына ылайык, грант ээлери беш жумушчу орунун түзүүсү абзел. Буга чейин эки адамды иш менен камсыз кылса, эми дагы үч жумушчу аларын жана аларга 10 миӊ сомдон айлык төлөнөрүн айткан Жоомарт: «Жаштарга жардам кылып долбоорду каржылаган «Кумтөргө» жана программаны ишке ашырган Борбор Азиядагы Евразия фондуна ыраазычылык билдирем. Үч ай аралыгында бизнести пландоого, ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн окууларга катыштырышты. Бизге ушундай программалар абдан керек. Анткени көптөгөн жаштар өз бизнес идеяларын каражаттын жоктугунан жана билим менен тажрыйба жетишсиздигинен ишке ашыра албай калууда»,- дейт.
Долбоордун башкы максаты – Көл аймагын туруктуу өнүктүрүү. «Кумтөр» компаниясы жакынкы он жылдан кийин өз ишин жыйынтыктайт. Мындан улам кен жабылган соӊ жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоо маселеси жаралат. Ошондуктан, анын алдын алуу үчүн мындай долбоорлорду колдоого алып, жергиликтүү элдин келечегине кам көрүп жаткан компаниянын ишине кантип ыраазы болбойсуӊ?..

ДОЛБООР ТУУРАЛУУ...
Аталган «Жаштар ишкерчилиги» долбооруна үстүбүздөгү жылдын июнь айында алгачкы тандоо туру башталып, 17-октябрда жеӊүүчүлөр аныкталды. Ага Көл кылаасынын тескейиндеги (Балыкчыдан Түпкө чейин) 20 жаштан 28 жашка чейинки бардык каалоочулар тартылган. Баштапкы баскычта 350 билдирме келсе, талапка туура келген 215 долбоор тандалып алынган. Алсак, жаштар чачтарачканадан тартып, тоок фабрикасын, курулуш материалдарын чыгаруучу цехтерди ачуу сыяктуу идеяларын камдап келишкен. Алардын ичинен 45и финалдык бөлүккө жеткен. Ал баскычта тажрыйбалуу ишкерлерден түзүлгөн калыстар тобу келечектүү деп саналган 17 долбоорду мыкты деп тапты. Жеӊүүчүлөр «Кумтөр» компаниясы байге фондуна койгон 170 миӊ долларды бөлүп алышат жана өз идеяларын ишке ашырууга киришмекчи.

Жаш ишкер Жоомарт Асангазиевге күнөскана бизнесин кеӊейтүүгө шарт түзүлдү.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Ledi89
2015-11-09 13:36:17
Баракелди ишинерге ийгилик.
0
jamal1993
2015-11-09 15:28:56
Сулуу жигит экен мага жагып калдыныз
0
dubai
2015-11-11 04:03:39
азаматсынар!
0
marik10
2015-11-20 16:08:44
негизи бу долбоолрол ишкерман жаштарга аябай жардам берет
+1
jaazira13
2015-12-02 15:13:58
мамлекет эмне кылды? 20 жылдын ичинде бир майда долбоор кылдыбы?
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан