ЖЕРДИ ЭКИ АПТА КАРАӉГЫЛЫК КАПТАЙБЫ?
Американын NASA космостук изилдөө борбору билдиргендей, ушул жылдын 15-ноябрынан 29-ноябрына чейин Күндүн кызыл-сары түсү көккө өзгөрөт. Бул Чолпон планетасына тийген күндүн нурунун чагылышы Юпитердеги газдарды жылытып, көп сандагы суутектин космоско чыгышына байланыштуу. Суутек асманы Күнгө жеткенде анда жарылуу катталып, анын температурасы бир канча эсеге көтөрүлөт. Жыйынтыгында Күндүн түсү көккө өзгөрүп, болжол менен 2 жумадан кийин кайра өз калыбына келет.
Бул өзгөрүш жердин бардык аймагында билинип, температуранын жылышына алып келет. Окумуштуулар бул эки жумалык күндүн караруусу жылуу полярдык түнгө окшош болуп, адамзат үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт деп билдиришүүдө.
ОРУСИЯНЫН ЭКИ УЧАГЫ КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ
1-ноябрда Египеттен Орусияга сапар тарткан Airbus A-321 учагы кулап, андагы 217 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү каза болду. Аталган учак Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербург шаарына сапар тартып баратып, Синай жарым аралдарында кырсыкка кабылган. Учурда каза болгон жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү Орусияга жеткирилүүдө. Кырсыктын башкы себептеринин бири катары учактын кыймылдаткычынын биринин иштен чыгышы деп айтылууда.
Ал эми 4-ноябрь күнү Түштүк Суданда дагы бир орусиянын жүк ташуучу Ан-12 учагы кырсыкка учурады. Учак «Жуба» аэропортунан чыгып, бирок авариялык абалга байланыштуу кайра кайтып келе жатып кулаган. Жергиликтүү маалымат каражаттары учакта 5 экипаж мүчөсү жана 7 жүргүнчү болгонун жазышты. Бул авариядан 3 адам гана тирүү калып, алардын бирөөсү жаш бала экени такталды.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg