Нурланбек Шакиев, коомдук ишмер: «ЭМКИ ПРЕЗИДЕНТТИ ЭЛ ЭМЕС, ПАРЛАМЕНТ ШАЙЛАШЫ МҮМКҮН»

Нурланбек Шакиев «Республика-Ата Журт» партиясынан депутаттыкка ат салышып, шайлоодо округдан жетиштүү добуш албай калгандыктан өз эрки менен тизмеден чыкты. Дал ушул «тизмеден чыгуу» чуусу тууралуу аны менен маектештик.

– Нурланбек мырза, болуп өткөн парламенттик шайлоого кандай баа бересиз?
– Шайлоо айрым кемчиликтерди эске албаганда мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу таза, ачык-айкын, баарына бирдей шартта өттү. Президентибиз Алмазбек Атамбаев шайлоону таза өткөрүүнү камсыздоо менен тарыхта калчу иш жасады.
– Эл «Республика-Ата Журтту» чогуу кабыл алууга дале көнө элек. «Ата Журт» бул шайлоодо утулду, «Республика» утту деген пикирлер айтылып жатат. Сиз эмне дейсиз?
– Андай сөздөрдү интернет булактарынан окуп жатабыз. Бирок «Республика-Ата Журт» партиясында акыйкат жыйынтык болду. Партиянын ички эрежесине ылайык мандат бөлүштүрүлдү. Бирөө утуп, бирөө утулду деген пикирлер чындыкка коошпойт.
– Камчыбек Ташиев жарыштан четтеп, депутаттыктан куру калды. Эми ал эмне менен алек болмокчу?
– БШКнын кош стандарттуу чечим кабыл алышы бизге таӊ калычтуу болду. Башкы прокуратура да кылмыш иши козголгон Искендербек Айдаралиев, Игорь Чудинов, Карганбек Самаковду тизмеден чыгарбастан, кылмыш иши козголбогон Камчыбек Ташиевди ИИМдин маалыматынын негизинде тизмеден чыгарып салды. Аны тизмеден чыгарууга табылган шылтоо партиянын беделин түшүргүсү келген адамдарга табылгыс олжо болду. Ташиевдин провокациянын негизинде тизмеден чыгарылышы абдан өкүнүчтүү, жеткен мыйзамсыз чечим болду. Ал азыр партиянын теӊ төрагасы катары өзүнүн ишмердигин улантып жатат. Ага министрлик же депутаттык мандат чоӊ деле маселе эмес. Анткени ал убагында депутат да, министр да болгон.
– Күчтүү оппозиция жок деген ойлорго кошуласызбы?
– Кудайга шүгүр, «Бир бол» фракциясында да, «Республика-Ата Журт» фракциясында да оппозициялык милдетти жетиштүү деӊгээлде аткара турган депутаттар бар. Эки фракцияда теӊ мурдагы премьер министр, министрлер, жаӊы көз караштагы, айтарга сөзү, кыларга иши бар, акылы тетик жаӊы муундун өкүлдөрү бар. Бүгүнкү бийликтегилер оппозицияны алсыз деп айтса, тереӊ жаӊылышат. Оппозицияны бийликтин чыккынчысы катары карабаш керек. Алар деле альтернативдүү, бийлик менен атаандаш мыйзамдарды сунуштап, алгылыктуу ойлорду айтып турса, эмнеге болбосун? Тескерисинче, бийлик оппозицияны алсыз дебей, алар менен сөзсүз эсептешиши керек. Антпесе көзүн май басып, кулагы дүлөй болуп калат. Анын натыйжасы кейиштүү, өкүнүчтүү жагдайларга алып келерин буга чейинки эки төӊкөрүш көрсөттү.
– Шайлоо алдында талапкерлер «Жетиштүү добуш ала албай калсам депутаттыкты талашпай ордумду бошотуп берем. Бошотуп бербесем Кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!» деп ант беришти эле. Айрым партиялаштарыӊар антына турбай эле депутат болуп алышты. Сиз эмнеге анткен жоксуз?
– Башында антка балдарды, Жаратканды кошуп жазууга каршы болуп, дипломатиялык мааниде ант берип, жигитчилик сөзүбүзгө туралы десем эки лидер көнбөй коюшкан. Мен принципке туруп «Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын, бошотуп бербесем Кудай урсун!» деп ант берген эмесмин. Ошого карабай мырзалык сөзүмө туруп, биринчилерден болуп арызымды жазып бердим. Тизмеден чыкпай коюшума толук мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Бишкек шаарынан округ алып, 3 миӊге жакын добуш алдым. Мындан сырткары борбордук штабдын жетекчилеринин бири катары мандат алууга толук кандуу эмгегим бар болчу.
– Кар чачышып ойногон Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун арасы шайлоодон кийин алыстаган жокпу?
– Кечээ жакында эле Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев болуп чогуу отуруп сүйлөштүк. Алар саясий бирикмени мындан да күчөтүп, коомчулукка жакшы программа, идеялар менен чыгалы деп жатышат.
– 2017-жылы президенттик шайлоо болот. Сиз айткандай, эки лидер эки ажырым жолго түшпөй ошол жылга жетсе, кимиси ажо болууга ат салышат?
– Конституцияга өзгөртүү киргизилип, бул ирет эл тарабынан тикелей шайлоо болбошу мүмкүн. Коалициялык көпчүлүктүн демилгеси менен референдум өтүп, парламент президентти шайлай тургандай болот. Президентибиз Алмазбек Атамбаев ошол жолго барса аябай колдойт элем. Ал бул демилгени колго алса экинчи тарыхый кадам жасамак. Ал эми президенттикке кимисинин барышы кырдаалдан көз каранды болот.

Султан Төрөбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Mars55
2015-11-09 13:37:33
Аталабыз чыгат окшойт эми, АШАнын дагы бир кол баласы баратда анда ажо болуп.Мындай болушу мумкун эмес.
-1
Nazar.arapbaev
2015-11-09 22:57:58
депутаты шайлайбы, эл шайлайбы баарибир бийлик каалаган адам болотда, элди дурболон кылбай акчанарды депутаттарга берип эле президент болуп аласынар.
0
FSB
2015-11-10 04:27:16
Baaary butup, oshol ele kalyptyr!!!
0
kobra86
2015-11-10 22:12:28
Хм парламент президентти шайласа карпайым калк маалай болуп калатко.
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан