Райкан Бейшеналиева, обончу, композитор: «КУСАЛЫГЫМДАН УЛАМ «АСМАН» ЖАРАЛГАН»

Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы «Каалайм сага», «Өмүр кемеси», «Кайдасыӊ?» өӊдүү бир топ хит ырларды, Омар, Каныкей, Нэна, Арсен, Назгүл Токтакунова чогуу ырдаган «Кыргызстан» деген ырды кимдер гана билбейт? Мына ушундай чыгармаларды жараткан композитор Эрик Кадырбаев 2009-жылы 39 жашында дүйнө салган. Жолдошун жоготуп көзү ыйга, жүрөгү муӊга толгон обончу Райкан Бейшеналиева Эрик агайга болгон кусалыгын, сүйүүсүн Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы «Асман» аттуу чыгармада камтыган.

«КЫЗ ТӨРӨП БЕРСЕӉ, ЫРЛАРЫӉДЫН БАГЫН АЧАМ»
– Эрик өтө мээнеткеч эле. Анын эмгекчилдигин Кыргызстанда алгачкы жолу пайда болгон «Махабат жылдызы» мюзикли далилдейт. Ал бул чыгармасы менен Кыргызстандын тарыхында мюзиклдин баштоочусу болуп калды. Эриктин аркасы менен мен да музыка дүйнөсүндө өзүмдүн ордумду таптым.
Бир жолу ал мени окуткан, менин көөдөнүмдү сезген агайыма жолугуп калыптыр. Ал киши капа болгонсуп «эмнеге Райкандын чыгармаларын чыгарбай жүрөсүӊ? Анда оргуштаган талант бар, анын деле ырларын байкап көрбөйсүӊбү?» дептир. Ошондон кийин «ырларыӊды алып кел, карап көрөйүн» деп калды. Гүлнур ырдап жүргөн «Келем дедиӊ», «Сени эстеп», «Мен сага жолугушум керек эле», «Жолукпай калсаӊ эгер», «Сагынган күндөр» деген ырлардын обондорун жазып койгон болчумун. Ал убакта кош бойлуу элем. Эрик «эгерде мага кыз төрөп берсеӊ, ырларыӊдын багын ачып берем» деп тамашалап калды. Айткандай эле кыздуу болуп, атын Арууке деп Эрик өзү койду. Сөзүнө туруп, жогоруда аты аталган ырларыма аранжировка жасап берди, Гүлнур элге алып чыкты.

«ООРУСУ ӨТҮШҮП КЕТИПТИР»
– 2006-жылы Эрик өпкө оорусуна чалдыгып калды. Алгач экөөбүз теӊ дартка маани бербей жүрдүк. Адамга жаман ой акыркы болуп келет окшобойбу, ал дагы, мен дагы катардагы сасык тумоодой кабыл алып, айыгып кетет деп ойлогонбуз. Бир жылдай жүрө берип ооруну күчөтүп алыптырбыз. Кийинки жылы башыбыз ооруканадан чыкпай калды. Эрте кетип каларын сезген окшойт, акыркы учурда мени жанынан таптакыр чыгарбай калган. Жадакалса тамак да жасатчу эмес. «Жанымда эле отурчу» деп колумду кармалап отура берер эле. Тамакты балабыз Нурсултан жасачу. Ооруганына үч жыл болгондо төшөктөн турбай калды. Ошентип 2009-жылы келбес сапарга аттанды. Эрик экөөбүз аз болсо да, саз өмүр сүрдүк. Чогуу өткөргөн күндөрүбүздү унутуу мен үчүн чоӊ күнөө.

«БИР УЧУРДА КЕСИПТЕШИМДЕН, ДОСУМДАН, ЖОЛДОШУМДАН АЙРЫЛДЫМ»
– Өлгөндүн эле өз шору экен. Тирүү жандын жашоосу акырындан өтө берет тура. Кааласаӊ да, каалабасаӊ да жаз келет, анан жай, анан күз дегендей... Эриктен айрылгандан кийин айлап төшөктө жатып калдым. Ансыз жашоомду элестете албай, жашоом кантип уланмак эле деп таӊ калам. Эч нерсе ойлоно да, бир нерсе жасай да албай, алсыз сөлөкөт болуп жүрдүм. Балдарымды кантип бутуна тургузам деп ойлондум. Уулум 1-курста окучу, кызым төрт жашта эле. Эриксиз кандай чыгарма жаратмак элем дедим. Анткени ал экөөбүз биринчиден, кесиптеш, экинчиден, санаалаш, үчүнчүдөн, бир үй-бүлө болчубуз. Мен бир убакта жолдошумдан да, эӊ жакын санаалашымдан да, кесиптешимден да айрылдым.
2010-жыл. Күндөрдүн биринде сыртка чыгып, Эрикти эстеп үшкүрүнө асманды карадым. Мелтиреп бир калыпта көпкөк асман турат чайпалып. Ал сынбай, бузулбай, өзгөрбөй, тунжурап турат. Канча адам болсо, ошончо тагдыр ушул көпкөк, түбү чексиз асман алдында болуп жатат. Жакыныӊды жоготуп күйүттө жүрөсүӊбү, ийгиликтериӊ ай чапчыйбы, кыскасы, баары бир асман эч качан өзгөрбөйт турбайбы дедим оор дем ала. Ойлонуп отура берип алгач кайрыктар жаралган. Анан Гүлнур Кыялбек Урманбетовго кайрылып сөзүн жаздырып, «Асман» деп ырдын аталышын койгон элек.

"Уулубуз Нурсултан Тоо-кен институтун аяктап, чыгармачылыктан алыс эле жумушта иштейт. Кызыбыз Арууке 6-класста окуйт".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
beben
2015-11-10 11:27:40
Мага абдан жагат мааниси терен . Асман .
+1
aytunuk
2015-11-11 01:00:51
Рая эже Эрик байкенин жаткан жери жайлуу болсун асман деген ырыныз абдан жагат
+1
mendi
2015-11-11 11:53:56
Саламатсызбы эже.Чыгармачылык ишинизге ийгиликтер болсун. Биздин уулубуздун аты Асман. Кен асмандай болсун деген тилек менен койгонбуз. Баары тамашалачу ушундай да ысым барбы деп.Кийин ушул ыр чыкканда заказ кылган эмес беленер деп да журушту. Ырларыныздын мааниси, мазмуну терен.
+1
Sagidko88
2015-11-12 11:04:40
азаматсыз эжеке!
+1
STAN_KG
2015-11-14 13:18:14
Обончу Райкан Бейшеналиеваны мен кейджи тай сынагында көрдүм, калыстар тобунун катарында олтурган. Райхан эже абдан боорукер адам экен. Менин бөлөм Акбермет экинчи турда ырдап жатып ырын унутуп, сынактан четтетилип калды, ошондогу окуучусуна болгон күйүмдүүлүгүн, аларга болгон мээримине таң калдым. Менимче Райхан эже үйдө да татыктуу эне, балдарынын сүйкүмдүү энеси болсо керек. Мага да сиз жараткан Гулнур Сатыланованын аткаруусундагы АСМАН деген обонуңуз абдан жагат. Ийгилик каалаймын!
+1
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан