КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ МАЛАЙЗИЯНЫН БОРБОР ШААРЫНА БОЗ ҮЙ ТАРТУУЛАДЫ

2015-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин Малайзиянын административдик борбору Путраджая шаарында Эл аралык Ислам маданияты жана кол өнөрчүлүгү фестивалы өттү. Аталган иш-чарага кыргыз кол өнөрчүлөрү да катышып, бөтөн жерде кыргыз маданиятын көрсөтүп келгенин сыймыктануу менен айтып отурушту.

Жамбы Карыбекова, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеӊешинин төрайымы, уз: «КЫРГЫЗДЫН МАДАНИЯТЫН АЛЫП БАРГАН БУЮМДАРЫБЫЗ МЕНЕН ТААНЫТТЫК»
– Фестиваль тууралуу кабарды «Супер-Инфодон» окуп кызыгып койгом, кантип катышса болот экен деп. Анан бир күнү эле «Дайры» координациялык борборунун жетекчиси Жыпара Райымкулова телефон чалып, «эгер барам десеӊер 3 күндүн ичинде даяр болуп калгыла» деди. Менин барып калышымдын дагы бир себеби Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султанов «сөзсүз кол өнөрчүлөр өздөрү келишсин, өз буюмун өздөрү тааныштырсын» дептир. Болбосо Маданият министрлигиндеги айрым адамдар ортомчу болуп кол өнөрчүлөрдүн буюмун жыйнап кетип, өз атын чыгарышчу. Мындайлар көп эле жолу болгон. «Кыял» соода-бирикмесинде иштеген кол өнөрчүлөр да чет жерлерге көп чыгышат. Ошолор уюштуруучу өлкөлөр атайын бекер орун бөлүп беришсе «Соода палатасынан келдик, бул жерге акча төлөшүӊөр керек» деп кыргыздар кыргыздардан акы алышарын айтып келишкен.
Фестивалга шырдактын түрлөрүн, көпчүк, кийизден жасалган башка буюмдарды алып баргам. Баш кийимдерди сатып алып, ошол жерден эле кийип кеткендер болду. Сүйүнгөнүм, алып барган шырдактарымдын баары сатылып, Франциядан интернет аркылуу буйрутма да алдым. Бул кыргыздын маданиятынын жайылганы да. Эӊ негизгиси кыргыздын улуу маданиятын, салтын алып барган буюмдарыбыз аркылуу таанытып кайттык. Кол өнөрчүлөрдү колдоп ушундай иш-чараларды уюштурган малай элине жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине рахмат айтабыз.

Аруужан Алымкулова, этно-дизайнер: «БАШКА УЛУТТАРГА КАРАГАНДА БИР ТЕПКИЧ ЖОГОРУ ТУРДУК»
– Фестивалга «Алтын-Мурас» этно-кийимдер коллекциясы менен бардым. 35-40 метрлик кездемеден оролуп жасалган элечектерди, көйнөк, кемсел, кеп такыяларды көрсөттүк. Кыргыздардан барган коллекция өзгөчөлөндү, башкаларга караганда бир тепкич жогору турдук. Анткени башка өлкөнүн ди­зай­нерлери, уюштуруучулары да көргөзмө бүткөндөн кийин келип, биздин буюмдарга кызыгып сурап, комплимент айтып жатышты. Мекендештерибиз үчүн деле биздин барганыбыз сыймык да, «биздин мамлекеттен келишти, биздин кол өнөрчүлөр» деп сыймыктануу менен карашты.

Төлөсүн Бектемиров, боз үй жасаган уста: «МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИН ЖАМЫНЫП ПАЙДА ТАПКАНДАР БАР ЭКЕН»
– Көргөзмөгө 75 баш ууктан турган 5 канат боз үй, бардык ички-сырт­кы жасалгасы менен даярдагам. Фестивалга кел­гендер «оо, бул кыргыздын үйү экен» деп кызыгып, жасалгасын кармалап, «отуруп көрсөк болобу, жатып көрсөк эч нерсе болбойбу?» деп сурап жатышты. Кыргыздын тарыхын чагылдырууда боз үйдүн ролу чоӊ эмеспи, биз элибиздин өткөнүнөн бир үзүм көрсөтө алдык.
Бардыгы маданиятты өнүктүрүүгө келип такалып жатпайбы. Өкүндүргөнү, маданияттын атын жамынып ортодо иштегендердин айынан бизде кемчиликтер көп. Бул менин башымдан да өттү. Боз үйдү дайындап, бардык жасалгасы менен болсун, бардык үрп-адатыбыз камтылсын деп чуркап жүрсөм, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атын жамынгандар «Ички-сырткы жасалгаларынын, оймолорунун кереги жок. Кийиз менен эле жыгачын алып барып кой. Боз үйдү бизге 2000 долларга бер, биз тигил жерге алпарабыз, өзүӊдүн жолуӊа өзүӊ төлөп барып келсеӊ болот» деп чыгышпадыбы. Эмнеге маданиятыбызды чет элде жайылта албай калабыз? Көрсө, мындай иштер министрдин өзүнө жетпей эле бүтөт экен. Боз үйдүн жабдыктарынын санын кыскартып, бизден арзан баада сатып алмак экен. Ал эми Малайзияга келгенде кымбат сатып, өзүлөрүнө пайда табууну көздөптүр.
Ачыгын айталы, «мынча берсеӊ алып барып келебиз, мындай кылабыз, бизге да билет алып бересиӊер» дегендер чыкты. Кийин билсек, бизди жетектеп алып бара турган киши министр Алтынбек Максүтовго эч кандай маалымат бербептир. Министрликти жамынгандар мурда да болгон, демек, мындай иш-чаралар ийне-жибине чейин такталып, тыкыр изилдениши керек. Илгери аталарыбыз бата бергенде «элде болсун, эл ичинде сенде болсун» дешчү экен, азыр «менде болсун, менден кийин элде болсун» дегендер бар болуп чыкты.

Азамат Кыязов, «Замандаш» журналынын башкы редактору: «КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТУУГА ДАГЫ БИР ЖОЛ АЧЫЛДЫ»
– Эл аралык Ислам маданияты жана кол өнөрчүлүгү фестивалы Путраджая шаарынын мэриясы тарабынан 3-ирет уюштурулуп жатыптыр. Фестивалга Кувейт, Түркия, Оман, Кытай, Алжир сыяктуу 10дон ашык өлкө катышты.
Жердин касиетин, улутту кармап турган – бул маданият. Кыргыздын маданиятын башка улуттар да таанысын деген максатта аракет кылып, бизди чакырган Кылычбек Султановго жана ал жакта көрсөткөн колдоосу үчүн Малайзиядагы кыргызстандыктардын «Ала-Тоо» биримдигинин жетекчиси Айгүл Акималиевага ыраазычылык. Малайзиянын федералдык аймактарынын министри Аднан Мансор жана башка бийлик өкүлдөрү боз үйдү, анын жасалгасын көрүп, кыргыз элине болгон сый-урматын жашырышкан жок. Ошол боз үй биздин элчинин демилгеси менен малай элине белек катары тартууланды. Бул кыргызды дүйнө элине таанытууда натыйжалуу жол. Анткени Малайзия туристтик өлкө, ал жерге жыл сайын башка өлкөлөрдөн миллиондогон туристтер келет. Алар шаардагы маданий жайларды кыдырганда кыргыздын боз үйүн да көрүшөт.

Эми Малайзиянын борбору Путраджаядагы музейден миллиондогон туристтер кыргыз боз үйүн көрө алышат.

"35-40 метрлик кездемени элдин көзүнчө ороп элечек кийгиздик. Абдан таӊ калышты".

"Көргөзмөгө коюлган биздин кийизден жасалган буюмдар көп эле күйөрман топтоду. Ошол жерде жашаган кыргыздар келип, "силерди Малайзиянын көптөгөн телеканалдарынан, интернет сайттарынан көрсөтүп жатышат" дешти, сүйүнүп калдык".

"Кол өнөрчүлүккө арналган фестивалда Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султанов бизге кеӊеш айтып, колдоп жүрдү".

Ар улуттун башын бириктирген фестивалга Малайзиянын бийлик өкүлдөрү да күбө болушту.

Элчи Кылычбек Султанов Малайзиянын федералдык аймактар боюнча министри Аднан Мансорго калпак кийгизип, чепкен жапты.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз элчилиги Малайзиянын борбор шаарына боз үй тартуулады
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sayragul
2015-11-10 10:06:54
Бардык элчилер ушинтип иштешсе жакшы болмок. Кээ бир элчилер мамлекетке зыяндан болок пайдасы жок. Оздору учун эл жер коруп журушот. Бюджеттен уй-булосуно чейин тайрандашып.
+1
Elizavetta
2015-11-11 12:32:36
Кылычбек Султанов Супер инфонун негиздоочусу,супер элчи.Ыраазычылык.
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан