БЕК ИСРАИЛОВДУН МИЛЛИОН СОМДУК ТОЮ

Күз мезгили үйлөнүү тойлорго бай болот эмеспи. Бул күздө үйлөнүүгө жетишип калайын деп чуркаган дагы бир эстрада жылдызы, «Жаӊы толкун-2012» сынагынын катышуучусу Бек Исраилов 4-ноябрь күнү сүйүктүүсү Айжаркынга элдин батасын алып үйлөндү. Анда ырчынын үлпөт тоюнан эксклюзивдүү репортажга көз жүгүртүӊүз.

Блиц-маек
– Куш боо бек болсун, Бек , Айжаркын! Тоюӊар өзгөчө өттү, айтсаӊар, мындай той өткөрүү идеясы кимге таандык?
Бек:
– Рахмат, өзгөчө той өткөрүү менин каалоом. Мурунтан эле адаттагы тойлорго окшошпогон, европалыктардыкындай башкача үлпөт той өткөргүм келчү. Ата-энем «бул нерсеӊ элге жагабы?» деп күмөн санашты, аларга ишенимдүү эле «жагат» деп койгом. Тойго келген элдин маанайынан баарына жакканын көрүп кубанычта болуп турам. Өзүмө да абдан жакты.
– Бирок мындай тойду ата-энеӊдин каржылоосусуз өткөрүү мүмкүн болбосо керек, сыр болбосо тойго канча акча сарптадыӊ?
Б.:
– Албетте, ата-энем жардамга келди. Былтыр кыштан бери өзүм чыгармачылыкты токтотуп коюп, клип тарттырбай жүргөн акчамды да коштум. Каржы жагын көбү сыр деп айтышпайт го, биздикине миллион сомдой кетип калды окшойт.
– Айжаркын, Бекти өмүрлүк жолдоштукка тандооӊо эмне себеп болду?
Айжаркын:
– Бекти сүйгөндөн мурун да, абдан сыйлайм. Талантын сыйлайм. Экөөбүз 4 жыл кыз-жигит болуп жүрүп бири-бирибизди жакшы эле сынадык. Аягында үй-бүлө курууну чечтик. Кыздарда турмушка чыгарда «ушул адамга чыксамбы же чыкпасамбы?» деген кооптонуу болот эмеспи, мен ишенимдүү эле Бекти тандадым. Анткени Бек мени бактылуу кыла алат.
– Тойго кол кабыш кылдыӊбы?
А.:
– Ооба, шоу-программаны чогуу уюштурдук. Торт тандоодо, залдын жасалгалоосуна да өз жардамымды коштум.
– Кармашкан колуӊар үзүлбөсүн, бактылуу болгула!

Той башталары менен минтип созулган ак көйнөкчөн Айжаркынды атасы жетелеп келип күйөө баласы Бекке тапшырды.

Нике шакек тагылып, Бек менен Айжаркындын никеси мыйзамдуу деп жар салынды. Зал толо ышкырык-сүрөөн астында эки жаш колдоруна нике күбөлүктөрүн кармашты.

Жүз жылдык куда-кудагыйлар, (солдон оӊго) Бектин атасы обончу Жолдошбек Исраилов, кайненеси ырчы Чолпон Алсеитова, апасы акын Гүлмира Рыспаева жана кайнатасы композитор Аскар Карыбаев. Чыгармачыл үй-бүлөдөн куралган эки жаштын тоюн көрүп ата-энелер чексиз бактылуу.

Жаш жубайлардын өкүл атасы Мирбек Атабеков «Жаным» аттуу ырын музыканттардын коштоосунда жандуу ырдап, бул учурда эки жаш ак бийге түштү.

Мындай тойлордо атактуулар «селфилдешпесе» инстаграмдагы окурмандары таарынат сыягы.

«Биринчи жолу өкүл ата болдум» деп кубанган Мирбек Атабеков келинчеги Мээрим АКШда экенин айтып, жакында наристелүү болорун сүйүнчүлөдү.

Анжеликанын «Бактылуумун» деген ырын Бек кошулуп ырдап жубайына күтүүсүз сюрприз тартуулады.

Эки жаштын тоюнда биз көнүп калган үйлөнүү тойлордогу жар-жар ыры, тортту аукционго коюу деген жөрөлгөлөр болгон жок.

Айжаркын гүл ыргытып күйөөгө чыккысы келген кыздарды абдан кубантты. Тамада Кубат Кубанычбеков «колуктунун гүлдестеси бир эле кыздын багын ачпай, баарыӊардыкын ачсын» деп гүл менен ар бир кызды чапкылап тамашага да салып өттү.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Бек Исраилов үйлөндү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Ago
2015-11-10 18:29:56
Бир миллиондун жуз минине той откоруп калганын майыптарга жетимдерге берсен болмок Же кечее супер инфого ыйлап жардам сурап бир жарым мин доллар керек деп кайрылган балалуу келинге жардам бергенинде жаш наристе айыкмак Мына ошондо ОЗГОЧО ТОЙ кылдым деп мактансан болот Миллионду тойго коротуп даана ким экенинерди корсотупсунор.
+1
arxidea
2015-11-10 23:13:40
да уж сындайт десе эле
+1
LadyD
2015-11-11 01:06:13
билбейм эмнесине миллион кеткен (балким, 70%ти калымга жумшалгандыр) обычныйле кыргыздын тою, ресторан, тамада, жар-жар ыры, шакек салуу аземи, кударалдын созу, ырчылар, шааншокот бий - стандарт. Айжаркындын атасы айткандай-кызымды ээрчитип келип куйоо балама бердим деди, болду ошол эле евростиль....Негизи, акча чачмайды токтотуш керек десе, улам кучойбузда миллион коротуп тойлорго... кантседа, эки жаш бактылуу болушсун...
+3
LadyD
2015-11-11 01:10:21
подружкасынын чачы мощная химия экен :-)))
+1
LadyD
2015-11-11 01:11:14
Мирбек Атабековдун биринчи жолу окул ата болушуна тан калдым, анын уже 10дон ашкан окул балдары бар экен деп ойлогом...
+1
asas1212
2015-11-11 02:19:24
Той соонун болуптур. Эки жаш тартынбай оздорун ээн эркин алып журушуптур.
0
admin_superstan
2015-11-11 10:19:12
nurgiz91, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
-1
Ledi89
2015-11-11 15:06:13
Бактылуу болушсун. Акча бул жон эле идеа акча колдун кири келет кетет. Жакшы коз ирмемдер калды зато . Ким акчаны жогутудан корксо омурбою коркуп отот кээдей болуп. Миллион ду табып жоготкон адам кайра эле жон таап алат. Той мага абдан жакты.
0
lenovo820
2015-11-12 04:08:31
Ешекке жабуу жапсан деле ешек бойдон калат. Анынсынары той Европа стилинде отобу же башка стилде отобу баары бир кыргызсын. Тойго келген чыгармачылыктан алыс адамдар концерт коргондой еле болсо керек.Той болот тойдун ертеси да болот дегендей ушунча Каражатты актаган башкаларга улгу боло турган уй булолордон болгула. Бар болгула бай болгула,куш боонор бек болсун Эми.
+3
jypar.i
2015-11-16 00:09:01
lenovo820,башын антип эшек менен деле баштабай койбойсуңбу, анан аягында бар болгула, бай бойгула дегениң кандай?
0
s5kgbal
2015-11-15 09:27:43
эмнеси озгочо?кайдагы миллион сом ?
0
s5kgbal
2015-11-15 09:29:01
эмнеси озгочо?кайдагы миллион сом доорубосунчу
+1
Tatli_Melek
2015-11-15 20:10:39
Бактылуу болгула!!!
0
aijana9191
2015-11-15 21:53:49
эй тооба антишсе болмок мынтишсе болмок дегендер оздору нени кыйратып атышат дейм да
+1
Lyubimka
2015-11-19 15:47:18
Миллиондук той коргонум жок бул жерден..апыртма.
0
ZHaziko
2015-12-06 17:20:26
Невеста кичине скромныйраак болсо болмок
0
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан