САРИЕВ МЕНЕН ЖЭЭНБЕКОВ КРЕСЛОСУН САКТАП КАЛЫШТЫ

Парламенттик коалиция менен жаӊы министрлер кабинетинин курамы жамы журтка жарыяланды. Чоӊ креслолордун кожоюндары күтүлгөндөй эле алмашкан жок. Бул ирет өкмөт курамында азгантай өзгөрүүлөр орун алды.

БАБАНОВ МЕНЕН СУЛАЙМАНОВ ОППОЗИЦИЯГА КЕТТИ
2-ноябрь күнү коалиция КСДП, «Ата Мекен», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресстен» куралып, Чыныбай Турсунбеков коалициянын лидери болду. 40 эл өкүлүнөн турган «Республика-Ата Журт» менен «Бир бол» оппозицияда калышты.
Ал эми Жогорку Кеӊештин төрагасы болуп Асылбек Жээнбеков шайланды.

ФЕЙСКОНТРОЛЬ, КРЕСЛО МАШАКАТЫ...
Жогорку Кеӊештин алгачкы жыйындары өкмөттү куроо сыяктуу маанилүү маселеден башка анча-мынча адаттан тышкаркы учурлар менен да эсте калды.
Дастан Бекешев депутаттыгынын экинчи мөөнөтүн парламентке келген адамдардын кийимине көӊүл буруу керектигинен баштады. «Бизге аймактардан келген адамдарды үстүндөгү кийиминен улам киргизбей коюшат. Мындай этикет мамлекеттик кызматкерлерге гана каралып, элге карата дресс-код талабы жумшартылышы керек»,- деп чыкты. Кожобек Рыспаевди да бул маселе түйшөлтөт көрүнөт. Ал тескерисинче: «Бизге көлөч кийген молдолор келишет. Андай кейипте Жогорку Кеӊешке киргизбөө зарыл»,- деди. Асылбек Жээнбековдун айтымында, кээде депутаттар парламентте туруктуу иштеген кызматкерлер ылайыксыз кийинип келишет деп даттанышат. Спикер андан ары: «Бул жерде так бир нерсе деп айтуу кыйын, бирок фейсконтроль болушу керек»,- деди.
Депутаттар жумушка киришүүдө өздөрүнө ыӊгай түзүүдөн кыйгап өтө алышпады. «Жогорку Кеӊеш журналисттерден маалыматтык согушту уттуруп койду. Элге жагабы же жокпу, отургучтар эмдиги жылы жаӊыланат. Алар жөнөкөй жана 20-30 жылга чейин жарактуу болгудай болушу керек. Депутаттар креслолорго жатпай, аларга отуруп иштеши кажет. Жакында өзүӊөр деле ынанасыӊар, бул креслолор эскирди»,- деди Асылбек Жээнбеков. Бул сөз айтылып бүткүчө эле парламентте эки депутаттын креслосу сынып калды.

ӨКМӨТТӨ ӨЗГӨРҮҮЛӨР БАР
5-ноябрда Темир Сариев өкмөт башчылык кызматка шайланды. Ошол эле күнү президент Алмазбек Атамбаев жаӊы премьер-министр менен өкмөттүк курамдын дайындалуусу боюнча буйрукка кол койду.
Жаӊы өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр бар. Күч органдарын жетектей турган вице-премьерлик жоюлду. Коргоо министрлиги мамлекеттик комитет, Энергетика жана өнөр жай министрлиги Энергетикалык холдинг, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги мамлекеттик кызмат, Мамлекеттик мүлк фонду Улуттук башкаруу компаниясы болуп түзүлгөнү жатат.
Биометрикалык маалыматты топтоо жана анын негизинде парламенттик шайлоо өткөрүү миссиясын аткаруунун башында турган Тайырбек Сарпашевге жаӊы өкмөттүк курамдан орун табылбады. Айрым маалыматтарга караганда, анын Жалал-Абад облусуна өкмөттүн өкүлү болуп баруусу каралып жатат. 
Ошентип коалициялык келишимдин негизинде министрликтерге төмөндөгү аткаминерлер тиешелүү квота боюнча дайындалды:

Премьер-министр – Темир Сариев
Биринчи вице-премьер – Аалы Карашев
Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер – Олег Панкратов
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер – Гүлмира Кудайбердиева
Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев
Экономика жана өнөр жай министри – Арзыбек Кожошев («Кыргызстан»)
Ички иштер министри – Мелис Турганбаев
Юстиция министри – Жылдыз Мамбеталиева
Финансы министри – Адылбек Касымалиев
Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов
Социалдык өнүктүрүү министри – Кудайберген Базарбаев («Ата Мекен»)
Билим берүү жана илим министри – Эльвира Сариева
Маданият, маалымат жана туризм министри – Алтынбек Максүтов
Саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Батыралиев
Транспорт жана коммуникация министри – Аргынбек Малабаев
Айыл чарба жана мелиорация министри – Турдуназир Бекбоев («Өнүгүү-Прогресс»)

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mi-li-na
2015-11-09 17:36:31
экоо тен креслолорунан айланып-тегеренишип, кайра-кайра сыйпалап,охх деп оздоруно келип жатышкандыр.
+2
№ 679, 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан