30-октябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЖЫРГАЛБЕК САМАТОВДУН жарандыгы боюнча иш каралып, сот БШКнын пайдасына чечим чыгарды. Экс-депутат Орусиянын жараны эместигин сотто далилдей албады.
Өлкөдөгү УН ЧЫГАРУУЧУ ИШКАНАЛАР кыргызстандыктарды ата мекендик товарды сатып алууга чакырып жатышат. «Биздин ун казактардын унунан кем эмес» дейт Ишкерлер союзунун комитет башчысы Батыр Төрөбаев.
2015-жылдын 9 айынын ичинде ӨСПҮРҮМДӨРДҮ ЗОРДУКТООГО байланыштуу 73 факты катталды. 2014-жылы мындай 46 кылмыш орун алган болчу.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченконун айтымында, борбордо ЭКСТРЕМИСТТИК мүнөздөгү бала бакчалар ачылып жатат.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ Нарын облусунда карышкыларды атуу боюнча иштерге фондунан 2,5 миллион сом бөлдү.
Кыргызстандын КАЛКЫНЫН САНЫ 6 миллион кишиге жакындап бара жатат. Ал цифрага жетүүгө дагы 30 миңге жакын наристе төрөлүшү керек. 6 МИЛЛИОНУНЧУ жаран ноябрь айынын ортосунда төрөлөрү күтүлүүдө.
Мектеп окуучулары кыш мезгилинде 25 күндүк КАНИКУЛГА чыгышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Казакстандын Кытай менен чектеш аймагында «Хоргос» базары ачылары менен Бишкектеги «ДОРДОЙ» базарынын доору бүтөт. Мындай пикирди Инвестицияны тартуу агенттигинин директорунун орун басары Нурбек Максүтов билдирди.
Британиялык Legatum Institute аналитикалык борборунун бакубаттуулук боюнча рейтингинде КЫРГЫЗСТАН 66-орунду ээледи. Ал Мексикадан бир сап жогорку орунда.
Өлкөдө жыл башынан бери ЖАНЫБАРЛАР ТИШТЕП АЛЫП ооруканага кайрылгандардын саны 10 миң кишиден ашты.
2016-жылдын 1-сентябрынан баштап Олимпиадага даярдоо боюнча республикалык окуу жайы СПОРТ МЕКТЕБИ гана болуп, анын милдеттери Дене тарбия институтуна өткөрүлөт.
5-ноябрда 1 АКШ ДОЛЛАРЫНЫН баасы 71 сомдон ашты. Буга чейин америкалык акча 70 сомдун тегерегинде бааланып жаткан.
4-ноябрда Ош шаарында 37 жаштагы аял Курманжан датка көчөсүнө жакын жайгашкан көпүрөдөн секирип каза тапты. Айрым маалыматтарга караганда, ал маркум БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИН жакын туугандарынан болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.