Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик ипотеканын негизинде турак жайлуу болуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеште билдирди. Мамлекеттик ипотека тууралуу «Жеткиликтүү турак жай-2015- 2020» программасы боюнча Темир Сариев экономика министри болуп турганда эле кеп кылып баштаган. Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик ипотека боюнча программа ушул жылдын июнь айында кабыл алынган. Анын уставдык капиталына бюджеттен 10 миллион сом бөлүнөт жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан каражаттар алынат.
«Азыр 7 миллиард сом бар. 1-2-3 бөлмөлүү батирлерди курууну пландап жатабыз. Аймактарда да ипотекалык насыялар бериле баштайт. Насыяны төлөө мөөнөтү 15 жылга созулат. Алдын ала төлөм жалпы баанын 10-30 пайызын түзөт»,- дейт өкмөт башчы. Маалыматтарга ылайык, ипотекалык турак жай боюнча жарандардын арызы тыкыр каралып, тийиштүү категорияларга киргизилет жана ар бир насыя алуучуну жеке түрдө насыялоо механизми аныкталат. Аталган программанын негизинде турак жайлардын 1 чарчы метринин баасы 600 доллардан ашпашы керек жана алар болжолу 12 пайыздык ченем менен берилет. Өкмөт башчынын айтымында, ипотекалык насыялар 2016-жылдын январь айынан тарта бериле баштайт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg