Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө жаңы дайындоолор орун алды. Президенттин буйругу менен УКМКнын төрагасынын орун басары болуп келген Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Ал эми УКМКны жетектеп келген Бусурманкул Табалдиев кызматынан бошотулуп, президенттин кеңешчиси кызматына келди. Дагы бир буйрук менен Икрамжан Илмиянов да президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Ошондой эле Марат Кенжисариев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчисинин орун басарлыгынан бошотулуп,
Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болду. Буга катар Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жаныбек Капаров башкы штабдын башчылык кызматына келди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg