Жогорку Кеңешке келет-келбейт болуп Алтынбек Сулаймановдун акыркы сөзүнөн кийин депутаттык креслону ээлеп отуруп калган диктор Лунара Мамытова ордун мурунку «ак жолчу» Улукбек Ормоновго бошотуп берери айтылып жатат. Бул боюнча Жогорку Кеңеште да, ошол эле «бир болчулардын» арасында да кызуу кептер жүрүүдө. Лунара Мамытовадан тышкары бул фракцияда Бакыт Есенбаева да келет-келбейт болуп жатып депутаттыкка келген. Анын ордун да «Бир болдун» катарындагы дагы бир үлкөн алганы жатыптыр. Бирок орун алмашуулар азыр эмес, январь айынан кийин болору күтүлүүдө. Эске салсак, Лунара Мамытова тизмеде 8-орунда, ал эми Бакыт Есенбаева 12-орунда депутат болуп келишкен.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg